Алланы эскерүү (зикир чалуу) жүрөктүн бейпилдигинин куралы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алланы эскерүү (зикир чалуу) жүрөктүн бейпилдигинин куралы

Алла таала Курани каримде мындай деп айтат:

7Al-Araf-206

Вазкур Раббака фий нафсика тазарруан ва хийфатан ва дуунал-жахри минал-каули бил-гудувви вал-ааасаали валаа такум-минал-гаафлийн. («Ал-Аърааф» сүрөөсү: 206)

Котормосу: Сен өз Раббиңди көңүлүңдө, кээде жалбаруу менен, кээде коркуу менен катуу үн чыгарбай, таңкы жана кечки маалдарда эске ал, ошондой эле бейкапарлардан болбо! (7:206)

Азирети Жаабир(ра) мындай деп рабаят этет:

«Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) алдыбызга келип, мындай деп айткан: «Эй, адамдар! Бейиш бактарында «оттоого» аракеттенгиле». Биз: «Эй, Алланын Элчиси(сав)! Бейиштин багынын мааниси кандай?» – деп сураганбыз. Ал(сав): «Алланы эскерүү (зикир чалуу) жыйындары – бул бейиштин бактары», – деп жооп берген. Ал(сав) дагы мындай деп айткан: «Айрыкча таңда жана кечкисин Алла тааланы эстегиле. Алла тааланын алдында өзүнүн кадыр-баркы жана даражасы кандай экенин билмекчи адам Алла таала жөнүндө өзү кандай түшүнүккө ээ экенин карап көрсүн. Анткени, пенденин жүрөгүндө Алла тааланын кандай кадыр-баркы бар болсо, Алла таала дагы Өз пендесин дал ошондой кадырлайт». («Кушайрия» Баабуз-Зикр, 11-бет)

Азирети Имам Махдий(ас) мындай деп айтат:

13-Rad-29

Алаа би-зикириллаахи татмаиннул-кулууб. (13:29)

дегендин акыйкаты жана философиясы ушул: «Адамзат чын жүрөктөн жана бүтүндөй берилип, Алла тааланын эстегенде, ошондой эле ар убакта өзүн Алла тааланын алдында элестеткенде, Алла тааланын бийик экендиги деген кооптонуу анын жүрөгүндө пайда болот. Ал кооптонуу аны макрөө (жагымсыз)  иштерден жана тыюу салынган нерселерден кайтарат. Ошентип, адам такыбалуулук жана тазалык боюнча өсүп-өнүгүп кетет». («Малфузаат» 4-том, 355-бет)

Убада Кылынган Мессия жана Махдий(ас)дын 5-халифасы – Азирети Мызра Масрур Ахмад(аба) мындай деп айтат:

«… Алла таала мындай деп насаат кылган: Анын алдында жалынып-жалбарып, жыгылып, ичиңерден Алла тааладан коркуп, Алла тааланы эстеп тургула жана таңдарда дагы, кечкисинде дагы Андан баш паанек сурагыла жана силерди туура жолдо баштасын деп Андан жардам сурагыла. Эгерде силер ошондой кылбасаңар, анда силер кайдыгер болуп кеткендерден деп саналасыңар. Кудум Азирети Имам Махдий(ас) «Алла тааладан кайдыгер болору менен каапыр болду дей бергиле» деп айткандай. Ислам динин кабыл кылып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)ды чыныгы сүйгөн – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын Жамаатына кошулган соң дагы ошондой кайдыгерликтер болсо, анда бул өтө терең кабатырланта турган нерсе.

Демек, биз таңда дагы, кечкисинде дагы Алла тааланы эстөө менен алектенип, Анын буйруктарына амал кылган бойдон өмүр сүрүүгө аракеттенүүбүз керек. Кудум Азирети Имам Махдий(ас) айткандай, күндөрүбүз Алла тааладан корккон бойдон өтүшү керек. Тагыраак айтканда, Алла таала кандайдыр бир чегарадан чыккандыгыбыздын айынан бизге капаланып калбасын деп кабатыр болуубуз керек. Качан мына ушундай кабатырланып турган болсок, анда албетте Алла тааладан кооптонуу ичибизде болот, Аны эстөө да жүрөгүбүздө болот, тилибиз да Аны эстөө менен алек болот жана Анын буйруктарын аткарууга да аракеттенебиз. Анын пенделери менен жакшы мамиле түзүүгө да аракет кылабыз. Жамаат системасына да байланышып турабыз. Хилаафат менен да туруктуу алака-байланышта болобуз. Жогоруда тилге алынгандардын баары жүрөгүбүздө Алла тааланын кооптонуусу бар болгондуктан гана болот». («Хутбаат-э-Масрур» 4-том, 222-223-бет)

Share via