7 - Аль-Аърааф сүрөөсү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

7 – Аль-Аърааф сүрөөсү

Бул сүрөө (бир нече аяттарынан башкасы) Меккеде түшкөн. {بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِیْمِ}  «БисмиллаахирРахмаанир-Рахиймди» кошо эсептегенде, эки жүз жети (207) аяттан турат.

Мындан мурунку эки сүрөө – «Аль-Бакара» сүрөөсү жана «Аали Имраан» сүрөөсү {الۤمّۤ} «Алиф Лаам Мийм» деген «мукаттаъаат» менен башталган эле. Бул сүрөөдө «Алиф Лаам Миймге»{صۤ}  «Саад» кошулду. Андан белгилүү болгондой, алдыңкы сүрөөлөрдө өткөн маани-мазмундарга Алла тааланын Саадык (чынчыл) экенине тийиштүү айрым жаңы маани-мазмундар кошулат.

Бул сүрөөдөгү {صۤ}  «Сааддан» {صَادِقُ الْقَوْلِ}  «саадикул-каул» (убадасы боюнча чынчыл) деген маани да алынат. Бирок, анын үчүнчү аятында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын куттуу көкүрөгү{صَدْر}  «садр» деген сөз менен баяндалган. Андан белгилүү болгондой,{الۤمّۤ}  «Алиф Лаам Мийм» деген «мукаттаъаат» менен башталган сүрөөлөрдүн маани-мазмундары жана алардын Алла таала тарабынан экенине Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын ишеничи бекем болчу.

Бул сүрөөдөгү: «Пайгамбарларды четке кага тургандар гана эмес, пайгамбарлар да өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин канчалык даражада аткаргандыгы тууралуу суракка тутулушат» деген маани-мазмун мурунку сүрөөлөрдө баяндалган эмес.

Бул сүрөөдө Алла тааланын буйругу менен жаратылган Адам(ас) дагы бир жолу тилге алынган. Алла таала ага Өз Рухун үйлөгөндөн кийин: «Ага таазим кылгыла», – деп адамдарга буюрган. Бул жерде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) жөнүндөгү баян төмөнкүдөй мааниде: Алла тааланын алдында эң улук сажданы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) кылган эле. Ошол үчүн бардык адамдарга: «Ал(сав)га баш ийгиле», – деп буюрулган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын ушул саждасынын баяны алдыңкы сүрөөнүн акырында төмөнкүдөй сөздөр менен баяндалган:

{قُلْ إِنَّ صَلَاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَايَ وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ} (الأَنعام 163)

«Кул иннас-салаатий ва нусукий ва махйаайа ва мамаатий лиллаахи Раббил-ъааламийн».

(Айт: «Менин ибадатым, менин курмандыктарым, менин жашоом жана менин ажалым – бүтүн ааламдардын Раббиси – Аллага таандык» (6:163).

Демек, өзүнүн бар-жогун Алла таалага арнаган инсандын алдына таазим кылуу ширк эмес, тескерисинче ага бой сунуу – бул Алла таалага бой сунуу дегендик.

Ошондон кийин Адам(ас)дын жалбырактар түспөлүндө оронгон кийиминин баяны бар. Ал {لِبَاسٌ التَّقْوٰي} «либаас-уттакваа» (такыба кийими)нен башка эч нерсе болгон эмес. Ошондой эле адамдар: «Шайтан Адам коомун биринчи жолу кандай алдаган болсо, бүгүн да дал ошондой пайгамбарлардын коомдорун жолдон чыгарууда», – деп кулактандырылды. Бейиштен чыгуунун нукура мааниси – бул шарият чегинен чыгуу дегендик. Себеби, шарият чегинде гана бейиш бар, андан тышкары тозоктун өзү. Бүгүн да бардык адамдар Курани каримдин шарият чегинен чыккандыгы себептүү ар түрдүү денелик жана руханий азап-тозокторго кирептер кылынып коюлган. «Чыныгы зыйнат (жасалга) – такыба зыйнаты (жасалга)», – деген маани-мазмун мына ушул аятта баяндалган: «Силер зыйнатыңар-такыбаңар менен бирге мечитке бармайынча силерге эч кандай зыйнат (жасалга) берилбейт».

Ушул сүрөөдө башка эч бир пайгамбарга насип этилбеген Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын эң жогорку даражасы баяндалган. Тагыраак айтканда, ага жана анын сахаабаларына бейиш тууралуу ушундай илим-билим насип этилген эле: алар өздөрүнүн руханий бийиктиктери аркылуу кыямат күнү ар бир рухту, анын бейиштик же тозоку рух экендигин таанып алышат.

Анан ушул сүрөөдө өткөн бир нече пайгамбарлардын зикири бар. Алар да өз коомдоруна туура жол көрсөтүү максатында гана жиберилген эле. Алар өз коомдору үчүн өтө көп курмандыктарды жасап, аларды туура жолго чакырышкан. Бирок, ошол пайгамбарлардын баарысынан көрө туура жолго чакыруучу пайгамбар – бул Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав).

Мындан кийин өткөн пайгамбарлардын да бийик руханий даража-мартабалары бар экендиги, бирок алардын берекелеринин чектелгендиги жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дан мурун бир да эл аралык пайда-береке келтирүүчү пайгамбар келбегендиги ачык-айкын баяндалган. Ошентип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) бүткүл дүйнө үчүн рахмат экендиги себептүү бардык пайгамбарлардын башчысы катары тандалып алынган. Ал(сав) чыгыш-батышка да, араб-араб эместерге да рахмат болчу. Адамдар үчүн да, айбандар үчүн да рахмат болгон. Бул нерсе хадистерде абдан көп айтылган.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) аркылуу жүзөгө чыга турган кыяматтын биринчиси – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын тирүү кезинде пайда болду. Анын баяны {اِقْتَرَبَتِ السَّاعَةُ وَانْشَقَّ الْقَمَرُ} (القمر2)  «иктарабатис саату ван шаккал камару» («Саат» жакындашты жана ай жарылып кетти (54:2) деген аятта учурайт. Экинчиси {اٰخَرِیْنَ} «аахарийн» (кийинкилер)дин доорунда пайда болмокчу эле. Анда өздөрүнүн тирилгенинен кийин кайра өлгөндөрдү тирилтүү керек болгон. Дагы  {اَشْرَارُ النَّاسِ}«ашраарун-наас» (эң жаман адамдар) үстүнө келе турган кыямат да бар. Мына ушул кыяматтардын баары Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын келүүсү менен тыгыз байланыштуу.

Share via