Урматтуу Доктор Насма Ибрахим айым • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Урматтуу Доктор Насма Ибрахим айым

Урматтуу Доктор Насма Ибрахим айым Мисирден болот, ал киши Италия тилинде доктордук дипломду жактаган. Алла тааланын берешендиги менен 2010-жылы байъат берүү бактысына ээ болуп, кийнчерээк анын күйөөсү, ата-энеси ж.б. үй-бүлө мүчөлөрү да байъат беришкен.

Ал-Хиваарул-Мубаашир (аттуу телеберүү)

Ал киши Ахмадияны көздөй тарткан өзүнүн сапар ахвалын мындай деп айтып берген:

Мен Ахмадия Мусулман Жамаатынын атын такыр уккан эмес элем, ал Жамаатка каршы уламалар берген фатваларды да билбейт элем. Италия тилинде жогорку илим алып жаткан элем. Ушул эле максатта бир күнү Хот Берд (Нот Вird) спутниги аркылуу айрым италиялык каналдарды издеп отургам, кокусунан МТА (Муслим ТВ Ахмадия) телеканалына кабылып калдым жана ал убакытта ал каналдан {الحوار المباشر} «Ал-Хиваарул-Мубаашир» аттуу телеберүү көрсөтүлүп жаткан экен. Ал телеберүүнүн көргөзүлгөн ыкмасы мени токтоого мажбур кылды. Мен күйөөм менен чогуу отуруп, телеберүүнүн баарын көрдүк жана ал бизге ушунчалык жагып калды: андан кийин биз ал «Ал-Хиваарул-Мубаашир» деген телеберүүнү ар күнү күндөлүк жумуштарды бүтүрүп, белгиленген убакытта көрүп, анан башка каналдарга өтүү күндөлүк адатыбызга айланып калды. Ал телеберүү жана аны алып баруучуларга болгон сый-урматым жүрөгүмө ушунчалык тереӊдеди: мен «менин балдарым да алар сыяктуу болсо экен», – деп дуба сурачу элем. Мен ал каналды бангизатчы кандай кандай бангизатын жакшы көргөн сыяктуу жакшы көрүп калдым. Бирок ал каналды канчалык жакшы көрсөм дагы, ал каналдын атын билүү же анын башка телеберүүлөрүн көрүү такыр оюма келген эмес. Өздөрүнүн күчтүү далилдери жана улуу даражадагы адеп-ахлактары менен Ал-Азхардагы уламалар да аткара албаган жумушту аткарган бул адамдар кимдер экендигин билүү ою дагы такыр эсиме келбептир.

Бир аз убакыттан кийин өзүмдүн окуу курсу боюнча бир канча айга күйөөм менен бирге Италияга бардым. Ал жерде мен «Ал-Хиваарул-Мубаашир» аттуу телеберүүнү көрүү мүмкүнчүлүгүн таппадым. Бирок аны эскерип турдум. Биз ал жерде өз досторубуз менен сүйлөшкөнүбүздө бир канча жолу ал канал жөнүндө сөз кылдык.

Жамаат менен таанышуу

Бир канча айлардан кийин зарыл жумуштар боюнча биз Мисирге кайтып келдик. Үч жашар баламды багуу менен алек болгондо бир аз убакытка башка иштерге чамам келбей калган. Бир күнү ал канал эсиме келип кетти жана мен аны дароо спутник каналдарынан издей баштадым, ошондо ал Хот Берд (Hot Bird) деген спутниктин ордуна Nile Sat деген спутниктен эле табылып калды. Мен кайрадан ал телеберүүнү көрө баштадым. Бирок бул жолкусунда биздин хидаят (туура жолду) табуубуз пешенебизге жазылса керек. Кыскасы, биз ошол телеберүүнү койгон кезибизде, урматтуу Мухаммад Шариф Ауэде мырза мындай деп сүйлөшүп жаткан эле: «Азирети Имам Махдий(ас)дын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын үммөтүнүн мүчөсү экенинде кандайдыр бир таӊгаларлык нерсе барбы? Эгер Азирети Ыйса(ас) да башка пайгамбарлар сыяктуу каза тапса, мында кандайдыр бир таӊгалаарлык нерсе барбы?»

Мен ушул сөздөрдү угуп алдым, бирок аны түшүнбөй калдым. Мен күйөөмдөн сурасам, ал киши да анын маанилеринен бейкапар болчу. Биз али ушуларды ойлоп отурганыбызда эле бир адам телефон чалып: «Ахмадия менен башка агымдардын ортосунда кандай айырмачылык бар?» – деп суроо берди. Мен бүтүндөй кунт коюп, отуруп алдым, бирок ушул суроо башка суроолор астында басмырланып калды жана ага жооп берилбеди. Ал убакытта мен күйөөмдөн: «Ахмадийлер кимдер?» – деп сурадым. Ал киши: «Бул да кандайдыр бир Жамаат болуп жана телеберүүгө катышкан адамдар ошол эле Жамааттын мүчөлөрү окшойт», – деди. Биз абдан кунт коюп, ал телеберүүнү көрүп отурдук, бирок көӊүлдөрүбүздө пайда болгон суроого жооп табылбай, телеберүү бүтүп калды.

Pages: 1 2 3 4 5 6

Share via