Урматтуу Мухаммад Аушан мырза жана анын үй-бүлөсү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Урматтуу Мухаммад Аушан мырза жана анын үй-бүлөсү

Урматтуу Мухаммад Аушан мырза мындай деп айтат:

Мен Мароккодон болом. Мен 67 жаштамын жана өткөн 45 жылдан бери Бельгияда жашайм. Ахмадияга кирүүдөн мурда сунний мусулман үй-бүлөсүнөн элем. Акыйкатты жактоочу бир жалпы момун-мусулман сыяктуу мен да мусулмандардын төмөндөөсүн көрүп, ичим ооручу жана кейип жүрчү элем. Мен тереӊ ойлонуп төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдим: бүгүн мусулмандар туура Ислам таалимдеринен четтегендиктери себептүү эле ушундай ахвалга кабылышты. Шиит менен сунит мусулмандардын эки чоӊ агымы болсо да, бирок алардын акыйдаларына жана амалдарына көз салганымда: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) бизге калтырып кеткен чыныгы Ислам кайда жоголуп кетти?» – деп айтчу элем. Чыныгы Исламды издөө үчүн мен ар кайсы теле каналдарынан уламалардын ой-пикирлерин да укчу элем, бирок бирөөсүнүн сөзү да жүрөгүмө жакпайт эле.

Азирети Ыйса(ас) жана Мухаммад(сав) үммөтүнүн келечеги

Биз жалпы калайык-калктын арасында кеӊири тараган акыйдалардын таасиринде Азирети Ыйса(ас)дын асмандан түшүүсүнө ишенчү элек, ал гана эмес, Марям уулу Ыйса(ас) келбей туруп, Ислам динин абалы оӊолбойт деп ойлочу элек. Жогорудагы акыйдага ээ экенибизге карабастан Курани каримден Азирети Ыйса(ас) жөнүндө

(وَرَسُولًا إِلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ} (آل عمران 50}

ва расуулан илаа Бани Исрааийла (3:50) жана

(وَمُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيَّ مِنَ التَّوْرَاةِ} (آل عمران 51}

ва мусаддикаллимаа байна йадаййа минат-таураати (3:51) деген сөздөрдү окуганымда, Курани карим Израил уулдарына жөнөтүлгөн деп айткан, ошондой эле өзү да келип, мен Тооратты ээрчигенмин жана анын амирлерин (буйруктарын) тастыктоо үчүн келдим деп билдирген пайгамбар кандайча Мухаммад(сав) үммөтүнө келе алат деп ойлонууга аргасыз болчубуз.

Хизар(ас)га таандык кылынган муъжизалар (кереметтер)

Андан тышкары Азирети Муса(ас)дын Азирети Хизар(ас) менен болгон кыссасы (окуясы) да мени аябай таӊ-айран кылып койчу. Тагыраак айтканда, Алла тааланын улуу салтанаттуу пайгамбары, шарият ээси болгон пайгамбар (Муса(ас)) Азирети Хизар(ас)га: «Сизди ээрчийин, мага бир нерсени үйрөткүн», – деп кайрылат. Анан устат үйрөткөн эӊ биринчи сабак: кандайдыр бир бейкүнөө жана таза баланы өлтүрүп салды жана ал бала чоӊоюп, каапыр болушу мүмкүн болчу деген далилди келтирди. Курани каримде Алла таала пайгамбарларга кайып кабарларын берүүгө убада берген го. Бирок эгер жогорудагы окуяны дурус (туура) деп ишене турган болсок, анда жогоруда тилге алынган такыба инсанга шарият ээси болгон пайгамбардан (Муса(ас)дан) да көбүрөөк кайып илими тартуулангандыгына ишенүүгө аргасызбыз.

(Бул жөнүндө биз мурун да ачык-айкын баяндап өткөндөй, негизинен бул Азирети Муса(ас)дын Кашфы(ойгоо абалында түш сыяктуу маанай) болчу, ал аркылуу келечек тууралуу алдын-ала кабарлар берилген эле. Антпесе, эгер аны сөзмө-сөз түшүнө турган болсок, анда кудум эле урматтуу Мухаммад Аушан мырзанын оюнда туулган акылга сыярлык суроолор туула берет, андай суроолорго кандайдыр бир логикалык жооп эч качан табылбайт. (Надийм)

Башка суроолор

Кудум ошондой «Ат-Таквийр» сүрөөсүнүн

(إِذَا الشَّمْسُ كُوِّرَتْ (2) وَإِذَا النُّجُومُ انْكَدَرَتْ (3) وَإِذَا الْجِبَالُ سُيِّرَتْ} (التكوير 2-4}

изаш-шамсу куввират ва изан-нужуумун-кадарат ва изал-жибаалу суййират (81:2-4) деген аяттарынын кеӊири тараган тафсири төмөнкүдөй болчу: ушул окуялар кыямат күнү жүз берет. Мен бул жөнүндө да көбүнчө кыямат күнү ар бир нерсе жок болгондон кийин күн өзүнүн жарыгын бербей коёт жана тоолор жүргүзүлөт дегендерди айтып берүүнүн мааниси эмне деп ойлочу элем.

Ушул бардык маселелердин туура, акылга сыярлык жана канааттандырарлык тарфсири бизге «МТАдан» табылды. Андан кийин Курани карим кандайдыр бир тирүү Китеп болуп, анда ар бир доорго таандык алдын-ала кабарлар жана күндөлүк маселелерибиздин чечилүүсү бар экендиги бизге сезилди.

Pages: 1 2 3 4 5

Share via