Урматтуу Мухаммад Алгазравий мырза • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Урматтуу Мухаммад Алгазравий мырза

Мен Марокодон болом. 1997-жылы Голландяга көчүп бардым, ал жерден бир аз убакыттан кийин Бельгияга көчүп келдим жана азыркы күнгө чейин ушул жерде жашайм.

Дин жакка ооп кеттүү

Мен мусулман үй-бүлөдө чоӊгойгондуктан Голландияга көчүп барганымдан кийин да диний айлана-чөйрөгө жакыныраак болуп жашоого аракет кылдым, ошон үчүн бул жердеги Ланд шаарында жайгашкан «Ал-хижра» мечитине бара баштадым. Мечитке баттан барып тургандыгым үчүн ал жерге намаз аткаруу максатында келүүчү көптөгөн адамдар менен болгон алака-байланышым сүйүү-махабатка айланды, мечиттин имамы менен да алака-байланышым мээримдүүлүккө айланды. Мен досторумдун айтуусу менен көбүнчө үч күнгө мечитте эътикааф кылчумун, андан тышкары алар менен чогуу дааватка да чыкчу элем. Мындан тышкары биз биргелешип, Курани карим аяттарын жана Мухаммад Пайгамбар(сав) хадистерин да окучу элек жана алардын маани-мазмундары тууралуу талкуу да жүргүзчүбүз. Кээде ошол хадистердин арасында Имам Махдий жөнүндө да бир-эки хадис кезигип калчу, ошондо менин жүрөгүмөн төмөндөгүдөй дуба чыкчу: эй, Алла! Эгер мен тирүү кезимде Имам Махдий чыгып калса, мага анын Жамаатына кошулуу мүмкүнчүлүгүн насип эткин.

Нурдун шоолалары

Голландияда тургандан бир аз убакыттан кийин таӊ калыштуу бир түш көрдүм: кандайдыр бир имараттын эӊ үстүӊкү кабатында турган экенмин, бул имарат сөзсүз кулап түшөт деген сезим менде пайда болду. Имарат кулай элегинде аман бойдон тышка чыгып кетүү максатында тездик менен шашып тепкич аркылуу ылдый түшө баштадым. Бирок Курани каримди жатка билген мечиттеги досум менин жолумду тосуп алды. Мен анын айткандарына кулак салбай тепкичтерден түшүп бараттым. Бир аздан кийин менин аркамдан мечиттин имамы да тепкичтерден түшүп келе жаткандай көрүндү. Кыскасы, мен ошол имараттын тышкы эшигин ачып, сыртка чыгып кеттим. Мен чыгаарым менен менин көздөрүмдүн алдында ал имарат жер менен жексен болуп кетти. Бир аз убакыттан кийин тез жардам келип, ушул кырсыкта набыт болгон адамдарды машиналарга салып, ал жерден алып кетип жаткандарын көрдүм. Мен ушул өтө коркунучтуу кырсыктан кереметтүү кутулганыма Алла таалага шүгүрчүлүк кылып, ал жерден башка жакка жөнөп кеттим. Бул убакытка чейин да мечиттин имамы мени менен бирге болду. Жолдон мага кандайдыр бир бөлмө көрүндү, андан нур шоолалары чачылып жаткан болчу. Мен аркага кайрылып, мечиттин имамына: «Карагылачы, тигил нурду карагылачы», – деп айтып жаттым. Ал көрө баштады жана ушу менен эле ойгонуп кеттим.

Pages: 1 2 3 4 5

Share via