Урматтуу Хаалид-ул-Лайл мырза • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Урматтуу Хаалид-ул-Лайл мырза

Урматтуу Хаалид-ул-Лайл мырза 1971-жылы Дамаскта төрөлгөн. Ал 1986-жылы Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирген. Бул жактан алганда, аны 80-жылдары Байъат берген Ахмадийлер тизмегине киргизүү керек болчу, бирок ал убакта бул киши жөнүндө бизде маалымат жок болгондуктан, азыр ал киши тууралуу анын өз оозунан кеп кылынат.

Урматтуу Хаалид-ул-Лайил мырза мындай деп айтып берет: мен жаш курагымда эле уламалардын өз ара карама-каршылыгына кейит элем. Мен ичимен Исламда ар кандай агым жана жамааттар болбошун каалайт элем. Мына ушул ажайып тилегимдин аткарылуусу үчүн колдон келишинче мен чын жүрөктөн дуба да сурачумун. Мен шииттер көзөмөлдүгү астында иштеп жаткан бир мектепте окучу элем. Мүмкүн, шииттердин ишенимдеринин жана шииттердин таасиринде илим-билим алгандыктан, мен шииттер ишенимдерин эле туура деп ойлой баштаган элем. Ошондуктан, мен теология илимдери мугалимиме: «Мен шиит агымына кошулмакчымын, мунун жол-жобосу кандай?» – деп кайрылдым. Ал киши абдан кубанганын билдирди, бирок мага: «Азыр сиз жашсыз, ошондуктан бир аз убакытка чейин күтүшүңүз керек, анан жүрөгүңүз эмнени айтса, ошону кылыңыз», – деп насаат кылды.

Ахмадия Мусулман Жамааты менен таанышуу жана байъат берүү

1986-жылы бир тааныш аркылуу ыкыластуу жана берилген бир Ахмадий мусулман – урматтуу Наасир Аудэ мырза маркум менен тааныштым. Ал киши мусулмандардын кейиштүү абалы, ошондой эле уламалардын абалы жана кылыктары жөнүндө сөз кылып, азыркы мезгил асмандан келүүчү бирРеформатор-Оӊдоочунун келүүсүн талап кылууда деп баса белгиледи. Андан кийин ал киши Азирети Ыйса(ас)дын өлүмүнөн кеп салып, асмандан келүүчү ошол Реформатор-Оӊдоочунун чыккандыгы жөнүндө айтып берди жана Куран менен сүннөттөн анын чынчылдыгы туурасында далилдерди келтирди. Мына ушул бардык баскычтарды болгону бир нече күндө эле бүтүрүп алдык. Мен ал бардык далилдерге жана аргументтерге кунт коюп, кулак салчумун жана өз денеме ажайып руханий толкундар сиңип баратканын сезчү элем. Ушул далилдерден кийин мен чыныгы Кудай жана чыныгы Жаратуучунун сыпаттарын билдим, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын чыныгы даража-мартабасынан кабардар болдум жана Исламдын нукура таалимдерин билип, анын чыныгы дин экенин түшүндүм. Ошол үчүн мен 15-16 жашымда эле урматтуу Мунир ал-Хусний мырза маркум аркылуу Байъат бердим.

Байъат бергенден кийин маалым кылсам, илгерки Ахмадий аксакалдар дүйшөмбү күнү Жамаат борборуна чогулушат экен. Ал жерде алар намаз окуудан тышкары эртеден кечке чейин дин маселелери жөнүндө сүйлөшүп отурушат. Мен да аларга катыша баштадым.

Pages: 1 2 3

Share via