Махдийдин чынчылдыгынын эки белгиси: ай менен күндүн тутулуусу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Махдийдин чынчылдыгынын эки белгиси: ай менен күндүн тутулуусу

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын чынчылдыгынын эки белгиси: ай менен күндүн тутулуусу

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Убада Кылынган Масийхтин доорунун айрым асмандык ахвалдарын да айтып берген. Мисалга, ал убакытта күн менен ай Рамазан айында өзгөчө күндөрдө тутулат. Ушул белгиге ушунчалык көп басым жасап, Сүйүктүү Пайгамбырыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: жер менен асман жаралгандан бери ошол эки белги башка бир дагы пайгамбарды тастыктоо үчүн ачыкка чыккан эмес, хадис сөздөрү төмөнкүдөй:

Инна ли-Махдиййинаа аайатайини лам такуунаа мунзу халакаллаахус-самааваати вал-арза, йанкасифул-камару ли-аввали лайлатим-мир-Рамазана ва танкасифуш-шамсу финнисфи минху, ва лам такуунаа мунзу халкаллаахус-самааваати вал-арза».

Инна ли-Махдиййинаа аайатайини лам такуунаа мунзу халакаллаахус-самааваати вал-арза, йанкасифул-камару ли-аввали лайлатим-мир-Рамазана ва танкасифуш-шамсу финнисфи минху, ва лам такуунаа мунзу халкаллаахус-самааваати вал-арза

Котормосу: Мухаммад бин Али (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Биздин Махдийибиздин эки белгиси бар, асман менен жер жаралгандан бери ошол белгилер эч качан жүз берген эмес: бири, Камар (айдын аталуусу) Рамазан айында биринчи түнүндө тутулат; экинчиси, күн ошол эле Рамазандын ортоңку күнүндө тутулат. Асман менен жердин жаралуусунан тартып ошол эки нерсе болгон эмес». («Дааркутний», Китаабул-ийдайин, Баабу сифати салаатул-хусууф)

Жогорудагы белги өз ичинде бир топ өзгөчөлүктөрдү камтыйт:

1) мында Махдийден башка эч бир адам үчүн ошол белги эч качан ачыкка чыкпагандыгы айтылган;

2) суниттер менен шииттер – экөөсү тең ошол белги боюнча бир пикирде, анткени экөөсүнүн хадис китептеринде бул жөнүндө сөз кылынган. Ошондуктан, бул хадисти жасалма деп күмөн саноого болбойт;

3) ошол жышаанда айтылган белгилер менен эле мурунку китептерде да Масийхтин кайра келүүсү жөнүндөгү алдын-ала кабар берилген. Мисалга, Азирети Ыйса (алайхиссалаам) Инжилде өзүнүн келүүсү жөнүндөгү белгилеринин бири төмөнкүдөй экенин айткан: «Ошол күндөрдөгү алааматтан кийин күн караңгылап, ай өз жарыгын бербей калат…». (Матай 24:29)

Башкача сөздөр менен айтканда, бул «ал доордо күн менен ай тутулат» деген маанини билдирет.

Курани каримде кыяматтын жакындап калганынын белгилеринин бири күн менен айдын тутулуусу экендиги айтылган. «Ал-Кияма» сүрөөсүндө Алла таала мындай деп айтат:

Йас'алу аййаана йаумул-киямати. Фа-изаа барикал-басару. Ва хасафал-камару. Ва жумиъаш-шамсу вал-камару. (Ал-Кыяма:7-10)

Йас’алу аййаана йаумул-киямати. Фа-изаа барикал-басару. Ва хасафал-камару. Ва жумиъаш-шамсу вал-камару. (Ал-Кыяма:7-10)

Котормосу: (четке кагуучу бирөө) кыямат күнү качан болот деп сурайт. Биз анын төмөнкүдөй белгилери бар экенин айтабыз: качан көздөр чекчейип калганда, тагыраак айтканда, адамды таң-айран калтыра турган окуялар жүз берет жана ай тутулат, анан күн менен ай бириктирилгенде, тактап айтканда, ошол эле айда айдын тутулуусунан кийин күн тутулат. (75:7-10)

Масийхтин келүүсү да кыяматка жакын заманда айтылгандыгы үчүн Курани Карим да жогорудагы хадистин маани-мазмунун колдойт.

Кыскасы, жогоруда айтылгандай, ушул алдын-ала кабар өзгөчө мааниге ээ. Биз күбө болгондой, ушул алдын-ала кабар 1894-жылы, 1311-хижра жылы хадистерде баяндалгандай эле сөзмө-сөз орундалган. Тагыраак айтканда, ошол эле жылдын Рамазан айында айдын тутулуу күндөрүнүн биринчисинде, тактап айтканда, он үчүнчү (13) күнү ай тутулган жана күндүн тутулуу күндөрүнүн ортоңкусунда, тактап айтканда, жыйырма сегизинчи (28) күнүндө күн тутулган жана мен Махдиймин деп билдирүү жасаган инсандын (Азирети Мырза Гулам Ахмад) доорунда тутулган.

Демек, момун-мусулман деп аталуучу ар бир адам эки жолдун бирин тандоого милдеттүү: 1) ал киши өзүндө «ал доордо ай менен күн өзүнүн тутулуу күндөрүнүн биринчисинде жана ортоңкусунда тутулат» деген белги Махдийден башка бирөө үчүн да ачыкка чыккан эмес деген маани-мазмун баян этилген Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрүнө ишенсин. Муну Курани карим жана мурунку пайгамбардын китептери да колдогон. Демек, Махдиймин деп билдиргенден кийин ушул белги ачыкка чыккан инсанга ишенсин же болбосо, алар Махдийдин чынчылдыгына кандайдыр бир белги деп саналбаган белгисин айтышкан жана аны менен кайсы бир доогердин доосунун чынчылдыгын далилдөө акылга сыйбайт деп Алла таала жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды таштап салсын.

Кээ бир адамдар: «Алдын-ала кабарда ай айдын биринчи күнүндө жана күн айдын ортоңку күнүндө тутулат деп кабар берилген, бирок силер сөз кылган тутулуу он үчүнчү жана жыйырма сегизинчи күндөрдө болгон», – деп сын-пикир билдиришет. Бирок кичине эле көңүл бурулса, ушул сын-пикир абдан чоң жаңылыштык жана хадис сөздөрүнө каршы экендиги маалым болот. Алар бул нерсеге көңүл бурушпайт: ай менен күн өзгөчө күндөрдө тутулат жана ааламдын системасы астын-үстүн болмоюнча ушул эреже өзгөрө албайт. Эгер алар чыгара турган маанилер дурус болсо, анда жогорудагы алдын-ала кабар кыяматтын белгиси болушу мүмкүн, бирок кыяматтын жакындап калганынын жана Махдийдин доорунун белгиси болушу мүмкүн эмес.

Мындан тышкары алар «биринчи» жана «ортоңку» деген сөздөргө карашат, ал эми «камар» деген сөзгө карашпайт. Айдын биринен үчүнө чейин араб тилинде «хилал» деп аталат, анан төртүнөн тартып ал «камар» деп аталат. Сөздүктө мындай деп жазылган:

Ва хува камарун баъда салааси лиялин илаа аахириш-шахри ва амма кабла заалика фа-хува хилаалун». («Акрабул-Маваарид» сөздүгү, «камар» сөзүнүн түшүндүрмөсү)

Ва хува камарун баъда салааси лиялин илаа аахириш-шахри ва амма кабла заалика фа-хува хилаалун». («Акрабул-Маваарид» сөздүгү, «камар» сөзүнүн түшүндүрмөсү)

Котормосу: ай үч түндөн кийин «камар» болуп кетет жана айдын акырына чейин «камар» бойдон эле калат, ал эми баштапкы үч түндө ал «хилал» деп аталат.

 Демек, хадисте «камар» сөзү колдонулгандыгына карабастан, ошондой эле айдын он үчүнчү, он төртүнчү жана он бешинчи күндөрүндө эле тутулуусу деген табият мыйзамынын бар экенине карабастан, «биринчи күндөн» айдын биричи күнү деп алуу жана айдын тутулуу күндөрүнөн биринчи күн деп түшүнүү бүтүндөй акылга жана адилетке сыйбаган нерсе. Алла Таала жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрү жалганга чыксын жана адамдар асмандан келүүчү инсанга ишенип калбасын деген ойдон башка жогорудагы ой-пикирлерден эмне көздөлгөн болушу мүмкүн. (Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад: «Дааватул-Амир» 95-97-бет)

Share via