Ой-ниет жана амалга береке кошулуу дубасы

Азирети Абу Бакр Сыддык (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кандайдыр бир иш-амалга ниет кылганда, төмөндөгүдөй дубаны сурачу:
اللَّهُمَّ خِرْ لِيْ وَاخْتَرْ لِيْ
ОКУЛУШУ: АЛЛААХУММА ХИРЛИЙ ВАХТАРЛИЙ. (ТЕРМИЗИЙ, КИТААБУД-ДАЪВААТ)
Котормосу: Эй, Алла! Мен үчүн жакшы шарттарды түзгүн жана мен үчүн жакшы нерсени тандагын.