Сажда кылына турган жер таза болсо, намаз боло береби?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сажда кылына турган жер таза болсо, намаз боло береби?

Азирети Мунший Баркат Али Сахиб Шимлавий мындай деп айтып берет:

«Бир жолу Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын мындай дегенин укканбыз: эгер Сажда кылына турган жер таза болсо, анда намаз боло берет. Тагыраак айтканда, эгер палас же гилем ж.б. таза болбосо же шектүү болуп калса, анда Сажда кылына турган жерди эле каптай ала турган бир таза материалды салып, намаз окулса, намаз боло берет.

Мен ал убакытта ушул фатванын даанышмандыгына кылдат көӊүл бурган элем жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бул маселени кээде бут кийимди киийп, намаз окууга берилген уруксаттан чыгарган болушу керек деп түшүнгөн элем. («Асхааб-э-Ахмад», 6-том, 126, 127-бет, Азирети Казы Абдур Рахим Сахиб кылган рабаяты)

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via