Дааратканадан чыгаардагы дуба
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Дааратканадан чыгаардагы дуба

Азирети Айша (разияллааху анхаа) мындай деп рабаят этет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дааратканадан чыгаарда төмөндөгүдөй дубаны окучу:

غُفْرَانَكَ

ОКУЛУШУ: ГУФРААНАКА.

Котормосу: Эй, Алла! Мен кечиримдүүлүгүңдү сурайм.

Азирети Абу Зар Гаффаарий (разияллааху анху) мындай деп айтып берет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дааратканадан чыкканда, төмөндөгүдөй дубаны окучу:

الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَذْهَبَ عَنِّي الْأَذَى وَعَافَانِي

ОКУЛУШУ: АЛ-ХАМДУЛИЛЛАХИЛЛАЗИЙ АЗХАБА АННИЛ-ААЗАА ВА ААФААНИЙ.

Котормосу: Баардык мактоо-алкоолор менден оордукту алып салып, мага аманчылык тартуулаган Аллага таандык.

Share via