Тышкы тазалык адамдын ички дүйнөсүнө таасирин тийгизеби?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Тышкы тазалык адамдын ички дүйнөсүнө таасирин тийгизеби?

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Адамдын эки ахвалы бар. Ички тазалыкка ээ болууну каалаган адам тышкы тазалыгына да көӊүл бурсун. Дагы бир жерде Алла Таала мындай деп айтат:

Даарат тазалык намаз

Тагыраак айтканда, ички жана тышкы тазалыкты каалоочуларды Мен жакшы көрөм. Тышкы тазалык ички тазалыкка жардамчы жана көмөкчү болот. Эгерде адам аны таштаса жана дааратканага баргандан кийин да тазаланбаса, анда ички тазалык ага жакын да келбейт. Ошондуктан, билип койгула, ички тазалык үчүн тышкы тазалык шарт болуп саналат. Ошондуктан, ар бир мусулман эч болбогондо, жума күнү сөзсүз гусул кылышы керек. Ар бир намаз үчүн даарат алышы керек. Жамаат намазына турганда жыпар жытын себиниши керек. Эки айт жана жума намазында атир себинүүгө ушул эле себептен буюрулган. Негизги себеби, адамдар чогулушканда, жаман жыттын таралуу коркунучу болот. Ошондуктан, гусул кылуу, таза кийим кийинүү жана жыпар жыт себинүү менен уу жана жаман жытка бөгөт коюлат. Алла Таала кудум бул дүйнөдө ушул мыйзамды белгилегендей эле о дүйнөдө да ошондой мыйзамды белгилеген экен». («Малфузаат», 1-том, 164-бет)

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via