Даараттын акыйкаты жана философиясы кандай?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Даараттын акыйкаты жана философиясы кандай?

Фатх-э-Масийх аттуу папанын сын-пикирлерине жооп берип, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Сиз даарат алуу менен күнөөлөр кантип жок болот деп айткансыз. Эй, келесо! Эмнеге Алла Таала тарабынан келген Китептерге ой жүгүртпөйсүӊ… даарат алуу – бул кол, бут жана бетти чайкоо гана. Эгер шарият кол-буттарды жууш менен күнөө жок болот деген маанини гана көздөгөндө, анда ушул таза шарият Ислам дининен жүзүн бурган бардык балит коомдорду кол жууган мезгилинде таза деп билмек, анткени даарат алуу менен күнөөлөр жок болот. Бирок шариятты Чечмелөөчү (Мухаммад Пайгамбар) (алайхиссалаам) андай маанини көздөгөн эмес, тескерсинче анын айткандарынын мааниси бул: Алла Тааланын эӊ кичүү деп көрүнгөн буйруктары да текке кетпейт жана аларды аткаруу менен да күнөөлөр жок болот». («Нурул-Куран», экинчи бөлүк, «Руханий Хазааин», 9-том, 420-бет)

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via