Ден-соолукка зыяны бар суу жөнүндө кандай көрсөтмө берилген?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ден-соолукка зыяны бар суу жөнүндө кандай көрсөтмө берилген?

«Бадр» газетасы мындай деп жазат:

«Кадияндын айлана-чөйрөсүндөгү ылдыйкы жерге жамгыр жана сел суусу чогулуп, кандайдыр бир көлгө айланып кетет, аны ушул жерде «Дхааб» дешет. Ал ылдыйкы жер (бардыгы же айрым бөлүгү) кургап кеткен күндөрдө, айыл тургундары ал жерди ажааткана катары пайдаланышат жана ал жерде көптөгөн булганыч топтолуп калат, ал сел суусуна аралашып кетет. Бүгүн эртеӊ менен Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өзүнүн жолдоштору менен сейилдөө үчүн кетип бара жатканда, ал «Дхаабдын» жанынан өтүп бара жатканда, мындай деп айткан:

«Мына ушундай суу айыл саламаттыгы жана ден-соолугуна заыяндуу».

Анан мындай деп уланткан:

«Бул сууга көптөгөн булганыч кошулуп кетет жана аны колдонуудан адам жийиркенет. Фикх боюнча аны менен даарат алуу дурус болот, анткени ал фикх аалымдары белгилеген он менен ондон (10X10) көбүрөөк. Ошентсе да, эгер өз көзү менен ага булганыч түшкөнүн көргөн адам аны колдонуудан жийиркенсе, анда аны жөндөн жөн ошол суунуну колдонууга мажбурлоо дурус эмес. Мисалы, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) варанды жегенди адал деп айткан, бирок өзү аны жегенди жактырган эмес». («Бадр», 26-сентябрь, 1907-жыл, 6-бет)

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via