Даарат алгандан кийинки дуба
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Даарат алгандан кийинки дуба

Азирети Умар (разияллааху анху) бин ал-Хаттаабдан мыдай деп рабаят этилет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) даарат алгандан кийин төмөндөгүдөй дубаны окучу жана мындай деп айтчу: «Кимде-ким даарат алган соӊ ушул сөздөрдү кайталаса, ал үчүн бейиш эшиктери ачылып коюлат».

أَشْهَدُ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللَّهُ وَحْدَهُ لاَ شَرِيكَ لَهُ، وَأَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ، اللَّهُمَّ اجْعَلْنِي مِنَ التَّوَّابِينَ، وَاجْعَلْنِي مِنَ الْمُتَطَهِّرِينَ

ОКУЛУШУ: АШ-ХАДУ АЛЛАА ИЛАА-ХА ИЛЛАЛЛААХУ ВАХДАХУ ЛАА ШАРИЙ-КА ЛА-ХУ ВА АШХАДУ АННА МУХАММАДАН АБДУХУ ВА РАСУУЛУХ. АЛЛАА-ХУМ-МАЖ-ЪАЛ-НИЙ МИНАТТАВВА-БИЙНА ВАЖ-ЪАЛ-НИЙ МИНАЛ-МУТАТАХХИ-РИЙН. (ТЕРМИЗИЙ, КИТААБУТ-ТАХХАРАХ)

Котормосу: Мен Алладан башка эч бир сыйынуучу жок, Ал жалгыз, Анын эч бир шериги жок деп күбөлүк берем. Мен Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Анын пендеси жана Элчиси деп дагы күбөлүк берем. Эй, Алла! Мени тобо келтирүүчүлөрдөн кылгын жана мени таза-аруулардан кылгын.

Share via