Даараттын медициналык пайдалары барбы?
Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан:
«Намазды аткарууда жана даарат алууда медициналык пайдалары да бар. Табыптар эгер бирөө күндө бетин жуубаса, анда көздөрү ооруп калат. Бул «нузулул-маа» деген оорунун башталышы жана андан көптөгөн оорулар пайда болот. Андай болсо, айткылачы, эмнеге даарат алуудан коркосуӊар? Сыртынан караганда, (бул) кандай мыкты нерсе. Оозуна суу алып, аны чайкоо керек болот. Мисваак менен ооздун жыты жоголот. Тиштер бекемдейт жана тиштердин бекемдиги тамакты жакшылап чайнап, батыраак сиӊдирууга себепчи болот. Андан кийин мурунду тазалоо керек болот. Эгер бир нерсе мурунга кирип кетсе, ал ойлорду чачып жиберет. Эми айткылачы, мында эмне жамандык бар? Андан кийин ал өз муктаждыктарын Алла Тааланын алдына алып барат жана өзүнүн суранычларын сунуштоо үчүн ага мүмкүнчүлүк берилет. Дуба кылуу үчүн кандайдыр бир убакыт табылат. Эӊ көп дегенде намазга бир саат убакыт кетет. Туура, кээ бир намаздар он беш мүнөттөн да азыраак убакытта аткарылып калат. Ошодой болсо, намаз убагын убакытты текке кетирүүчү нерсе деп билүү айран-таӊ калтыра турган нерсе эмеспи. Мында (намазда) эбегейсиз көп жакшылыктар жана пайдалар бар. Эгер адам күндүз бою жана түн бою курулай жана пайдасыз кептер же оюн-кулку иштери менен алкентенип, убагын текке кетирсе, ага «иш менен алектенүү» деген наам берилет. Эгер ыйманы бекем болгондо, аны бир жакка кой, ыйманы бар болгондо, мындай ахвалга кабылмак эмес жана кезек буга келмек эмес». («Ал-Хакам», 31-январь, 1901-жыл, 2-бет)