Кир көлдүн суусу менен даарат алууга болобу?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кир көлдүн суусу менен даарат алууга болобу?

Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад (разияллааху анху) мындай деп жазат: «Дарул-Фазл» мухалласынын (көчө) тургуну Миян Фазл Мухаммад мырза аттуу дүкөнчү мага төмөнкүлөрдү жазып жиберди: күндөрдүн биринде Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өзүнүн адаты катары сейилдөө максатында үйдөн чыкты. Бир топ туугандар эшик алдында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды күтүп жатышкан эле. Ал күнү Ал Азирети «Бхиний» аттуу айыл жакка барды. Кадиян айылына жакын жерде «Бхиний» кыштагына бара турган жол жээгинде жайгашкан көлдүн четинде бир чоӊ «Барр» дарагы бар болчу. Ал Азирети анын астында туруп калып: «Бул көлдүн суусу жакшы эмес, аны менен даарат алып, намазды окубаш керек», – деп айткан. Ошондуктан, мен бир канча жолу туугандарды ал жерден даарат алуудан кайтарган элем жана ал туугандар менин үстүмөн күлүшчү.  Ал күнү ошол туугандар да ал жерде бар болчу. Алар өз кулактары менен Ал Азиретинин ал көлдүн суусу менен даарат алуу жана аны колдоого тыюу салганын угушкан». («Сийратул-Махдий», 2-том, 304-бет)

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via