Кийимим таза эмес деп күмөн санаган адамдын намазы боло береби?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кийимим таза эмес деп күмөн санаган адамдын намазы боло береби?

Азирети Мунший Баркат Али Сахиб Шимлавий мындай деп айтып берет:

«Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) кээде эле намазга имамчылык кылчу. Көбүнчө Азирети Мавлавий Абдул Карим Сахиб (разияллааху анху) жана Азирети Мавлавий Нуруддин (разияллааху анху) намазга имамчылык кылышчу. Бир жолу Азирети Мавлавий Абдул Карим Сахиб (разияллааху анху): «Менин кийимим таза эмес деп ойлойм, ошон үчүн мен намаз окутпайм, башка бирөө окутсун», – деп кечирим сураган. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам): «Ушул кийимиӊиз менен сиздин намазыӊыз боло береби?» – деп сураган. Мавлавий Азирети: «Ооба, менин намазым болуп калат», – деди. Ошондо Ал Азирети: «Ушул кийимим менен менин намазым болуп калат деп ишенсеӊиз, анда намазды окута бериӊиз. Сиздин аркаӊызда биздин намазыбыз да болуп калат», – деп айткан». («Асхааб-э-Ахмад», 3-том, 189-бет, Азирети Мунший Баркат Али Сахиб Шимлавий кылган рабаяты)

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via