Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын даарат алуу ыкмасы кандай болгон?
Азирети Мырза Башир Ахмад (разияллааху анху) Азирети Бхай Абдурахман Сахиб Кадиянийдин мындай деп айтып бергенин жазат: Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га даарат кылдыруунун көптөгөн учурлары мага насип эткен. Ал Азирети абдан бапестөө менен даарат алчу. Ар бир мүчөнү үч жолу жуучу, башынын алдыӊкы бөлүгүнө гана Масх тартчу. Куттуу сакалын манжалары менен суулап тарачу жана байпактарга Масх тартчу. Кээде байпактарды чечип, буттарды жууп, манжаларын тазалачу. Тиштерин сөөмөйү менен жакшылап тазалап, жабраларын да тазалачу». («Сийратул-Махдий», 2-том, 304-бет)