Кудук суусун тазалоо деген белгилүү маселе жөнүндө Имам Махдий (алайхиссалаам) кандай көрсөтмө берген?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кудук суусун тазалоо деген белгилүү маселе жөнүндө Имам Махдий (алайхиссалаам) кандай көрсөтмө берген?

Качан чычкан же мышык же тоок же эчки же адам кудукка түшүп өлүп калса, анда мынча челек сууну алып таштоо керек деген маселе бар. Бул жөнүндө сиздин ой-пикириӊиз кандай деген суроо берилди. Мурда өӊү, татымы жана даамы өзгөрмөйүнчө аны таза деп билчүбүз жана ошого жараша амал кылчубуз.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Хадистерде кезиккен мазхаб эле биздин мазхабыбыз. Эгер баланча жаныбар түшсө, мынчалык челек, эгер баланча айбан түшсө, мынчалык челекти алып таштагыла деген маселеге келе турган болсок, биз аны билбейбиз жана ага жараша амал да кылбайбыз».

Сиз эгер чыныгы (сахих) сүннөттөн кайсы бир маселе табылбаса, анда Ханафий фикх боюнча амал кылгыла деп айткан экенсиз дейилген. Ал Азирети мындай деди:

«Фикх илиминин ишенимдүү китептеринде да бул маселе чечилген жок. Ооба, бир гана «Нажатул-Му’минийн» аттуу китепте жазылган, бирок анда «башын чүкүрчөгө коюп, анан намазды аткарсын» деп дагы жазылган. Ага бирөө амал кылабы жана ошондой кылуу адалбы? Ал эми айыз жана Нифаас ахвалында намазды аткарууга да тыюу салынган. Ошондуктан, бул маеслени да дал ошондой түшүнгүлө.

Мен силерге бир түпкү нерсени айтып коёюн: Курани Каримде төмөнкүдөй кезигет:

Даарат тазалык намаз

Качан суунун ден-соолукка зыян келтирүүчүдөй даражага жетип баруу коркунучу пайда болуп калса, мисалы, ага жалбырактар түшүп кетсе же курттар ж.б. түшүп калса, ошондой жагдайда аны тазалап алуу керек. (Мындай жагдайда молдолор анын нажас (балит) экенине фатва беришпейт). Демек, кандайдыр бир өлчөө белгиленген жок. Анын өӊү, татымы жана даамы өзгөрмөйүнчө ал суу таза болуп саналат». («Бадр», 1-август, 1907-жыл, 12-бет)

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via