Ооруган адамдын үзгүлтүксүз жел чыгуусу анын дааратын бузуп салабы?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ооруган адамдын үзгүлтүксүз жел чыгуусу анын дааратын бузуп салабы?

Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад (разияллааху анху) Доктор Мир Мухаммад Исмаъийл Сахиб ага төмөнкүдөйлөрдү айтып бергенин жазат: бир жолу Мавлавий Абдул Карим Сахиб маркум намазга имамчылык кыла албай калды. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын I Халифасы Мавлавий Нуруддин (разияллааху анху) дагы ал жерде жок болчу. Ошондо Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Хаким Фазлуддин Сахиб маркумга намазга имамчылык кылууга буюрган. Ал киши эй, Азирети! Сиз геморрой менен ооруп жатканымды билесиз жана ар убакытта жел чыгып турат. Мен кантип намазга имамчылык кылайын? Ал Азирети: «Хаким Сахиб! Ушул оорууӊузга карабай, сиздин намазыӊыз болуп калабы же жокпу?» – деп айткан. Ал киши: «Ооба, Азиретим! Болуп калат» – деди. Ал Азирети: «Анда биздин намазыбыз да болуп калат. Сиз имамчылык кыла бериӊиз», – деп айткан».

Мен ооруунун айынан аябай көп чыгып турган жел дааратты буза турган фактор болуп эсептелинбейт деп айтмакчымын. («Сийратул-Махдий», 1-том, 614,615-бет)

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via