Уят жерине кол тийгизүү менен даарат бузулуп кетеби?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Уят жерине кол тийгизүү менен даарат бузулуп кетеби?

Азирети Мырза Башир Ахмад (разияллааху анху) Хафиз Нур Мухаммад Сахиб (разияллааху анху) ага төмөнкүдөйлөрдү айтып бергенин жазат: бир жолу биз Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дан хадисте адам өзүнүн уят жерине кол тийгизсе, анын даараты бузулат деп жазылган, бул кандай маселе деп сураганбыз. Ал Азирети: «Уят жери дагы дененин эле бөлүгү эмеспи. Ошондуктан, бул хадис ишенимдүү эместей көрүнөт», – деп айткан.

Мен эгер бул рабаят дурус болсо, анда мындан Кудай кечирсин, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жогорудагы сөзү дурус эмес деген маани чыкпайт, тескерисинче мындан бул сөз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тилинен чыкпагандай көрүнөт жана хадистин рабаятында кандайдыр бир алсыздык болушу мүмкүн деген маани чыгат деп айтмакчымын. Алла Таала гана жакшы билет. («Сийратул-Махдий», 1-том, 320-бет)

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via