Жыртылган (же тешилген) байпакка Масх тартып болобу?
Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:
«Мен Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды байкадым, анын байпагына кенедей да тешик пайда болуп калганда, дароо аны алмаштырып салчу. Бирок азыр байкап көрсөм, адамдар таманы да, манжасы да жок, жыртылган байпактарына Масх тарта беришет, эмнеге ошондой? (Анткени, алар) шарият буйруктарын билишпейт. Көпчүлүктү байкап көрдүм, алар берилген уруксат жана жүйөнүн туура ордун да түшүнүшпөйт». («Мансаб-э-Хилаафат», «Анваарул-Улуум», 2-том, 45-бет)