Азан маалындагы дуба

Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Силер азанды укканыӊарда, кудум муаззин (азан айтуучу) айткандай эле аны менен (азан сөздөрүн) кайталап баргыла. Азирети Умар (разияллааху анху)дан мындай деп рабаят этилет: «Кимде-ким муаззин менен бирге азан сөздөрүн чын жүрөктөн кайталаса, жана
حَيَّ عَلَى الصَّلَاةِ، حَيَّ عَلَى الْفَلَاحِ
(ХАЙЙА АЛАС-САЛААТИ, ХАЙЙА АЛАЛ-ФАЛААХ)
(намазга келгиле, ийгиликке келгиле) деген сөздөрдү айткан убакытта
لَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللَّهِ
(ЛАА ХАУ-ЛА ВА ЛАА КУВВА-ТА ИЛЛАА БИЛ-ЛААХ)
(Алладан башка эч ким күч-кубат ээси эмес) деп айтса, ал бейишке кирет». (Муслим, Китаабус-Салаат)