Алла Таала Азирети Мырза Гулам Ахмадды Өзүнүн уулу же баласы деп айтканбы?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла Таала Азирети Мырза Гулам Ахмадды Өзүнүн уулу же баласы деп айтканбы?

Ислам дин

Сен Мага балдарымдайсың

Ислам дин

Сен Мага баламдайсың

«Уулум сыяктуу» жана «уулум» денен сөздөрдө жер менен асманчалык айырма бар. Кудайдын эч бир уулу жок. Бирок, эгер Алла Таала: «Мен уулдар сыяктуу сүйөм», – деп айтса, бул кандайдыр бир жаңы сөз эмес, Библия мына ошондой сөздөргө жык толо. А түгүл Библияда бардык Исраил балдары Кудайдын уулдары деп аталышкан. Мындан молдокелер «Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дан мурун чынында Кудайдын уулдары бар болчу, Курани Карим түшкөн соң бул иш соңуна чыкты» деген корутундуга келишеби?

Курани Карим мындай деп айтат го:

Куран Ислам

Кудайдын илгери да эч качан уулдары болгон эмес, Ал эч кимди төрөгөн да, Өзү да төрөлгөн эмес. Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын акыйдасы (ишеними) мына ушул, бардык мусулмандардын акыйдасы да ушул.

Алла Тааладан келген Китептерден далилденгендей, Алла Тааланын бирөөнү сүйгөнүн билдирип, «уул» деп айтуусу ар дайым төмөнкүдөй мааниде колдонулат: силер өз уулдарыңарды сүйөңөр го, Мен Өз пенделеримди мындан да катуу сүйөм.

Курани Каримде ачык-айкын мындай деп жазылган:

Куран Ислам

Котормосу: Өз ата-бабаларыңарды эстегениңер сыяктуу эле Алла Тааланы эстегиле, эгер мүмкүн болсо, мындан да катуу эстегиле. (2:201)

Молдокелер ушул аятты кандай түшүнүшөт экен? Бул байкуштар илим-билим жана руханийликтин мына ушул көчөлөрүнөн эч өтүп да көргөн эмес го! Ошондуктан, дароо эле жалаа коё башташат.

Мухаммад үммөтүнүн улуу мартабалуу Аариф[1] инсан ушул мазмундарды жакшылап түшүнчү жана муну улам-улам баяндап берген экен. Карагыла, Азирети Мавлана Рум (рахимахуллах) не дейт:

Куран Ислам

Котормосу: Олуялар өтмө-каймана мааниде Кудайдын уулдары болот. («Маснавий Мавлана Рум (рахимахуллах)» 3-дафтар, 13-бет, жыйнаган: Мавлавий Ферузуддин, басылган: 1347-хижра)

Бирок бүтүн ааламда жападан-жалгыз эң улуу Аарифбиллаах[2] инсан Сүйктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) болгон. Ал гана Таухийд[3] үчүн эң намыскөй жана абийирдүү инсан болгон. Өкүнүчтүүсү, ушул сокур молдорлор Куран аяттарына да карабайт, Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)дын терең илим-билимге толо төмөнкү сөздөрүнө да карабайт:

Ислам дин хадис

Котормосу: Макулук (жаратылыш) Алла Тааланын үй-бүлөөсү, тактап айтканда, Анын балдары. Кимде-ким Алла Тааланын үй-бүлөөсүнө жакшы мамиле кылса, ал Алла Тааланын эң сүйүктүү пендеси болуп калат. («Мишкаат», Китаабул-Адаб, Баабу аш-Шафках)

Атаганат, бул молдолор биле туруп, атайылап чындыкты көрүп да, жүзүн буруп кетишет жана башкаларды жалганчы кылып көрсөтүшөт. Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын вахий-аянын акаарат кылып, андан: «Мырза Гулам Ахмад өзүн Кудайдын уулу экенин да билдирген», – деген далилди чыгарууга аракеттенишет. Эми, карагыла, Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) өзү ушул вахий-аянга кандай чечме берген экен? Ал өзү кандай түшүнгөн жана башкаларга түшүндүргөн? Ал түшүндүрмөгө каршы аны башкача чечмелөөгө эч кимдин акысы жок. Ооба, ичи ыпылас бирөө болсо, анда бул башка кеп. Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Эсиңерде болсун, Алла Таала уулдардан таза. Анын эч бир шериги да жок, эч бир уулу да жок. «Мен – Кудаймын же Кудайдын уулумун», – деп айтууга да эч кимдин акысы жок. Бирок, ушул сүйлөм[4] бул жерде өтмө жана каймана мааниде колдонулган. Алла Таала Курани Каримде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын колун Өзүнүн колу деп, мындай дейт:

Куран Ислам

ошондой эле

Ислам дин

дын ордуна

Куран Ислам дин

деп да айтты. Дагы

Куран Ислам дин

деп да айтты.

Демек, Кудайдын ушул сөздөрүн акылдуулук жана этияттык менен окугула жана Муташаабихаат[5] сыяктуу билип, ага ыйман келтиргиле, анын ички абалына аралашпагыла жана анын акыйкатын Алла Таалага коюп койгула жана Алла Таала уул тутуудан таза экенине ишенгиле. Ал эми Анын сөздөрүндө Муташаабихаат түрүндөгү нерселер арбын. Ошондуктан, Муташаабихаатты ээрчип, талкаланып кетүүдөн сактангыла. Мен жөнүндө Баййинаат[6]тан болгон жана «Бараахийн-э-Ахмадияда»[7] жазылган төмөнкүдөй вахий-аян бар:

Куран Ислам дин

(«Даафиъул-Балаа», 6-7-бет, түшүндүрмө, «Руханий хазааин», 18-том, 227-бет, түшүндүрмө)

Бул – молдолордун ачык кыянатчылыгы: Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын жогоруда келтирилген үзүндүсү турганда да, ага ширкти таандык кылышат.

Бул темага байланыштуу Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын ышк-сүйүүгө толо дагы бир үзүндүсү бар, ал ушул сыяктуу бардык талашып-тартышууларга чекит коёт.

Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Алла Таалага чөгүп кеткендер «Атфаалуллаах»[8] деп аталышат, бирок алар чындап Алла Тааланын уулдары болбойт. Себеби, бул – каапырлык сөз. Алла Таала уулдардан таза. Алар бала сыяктуу чын жүрөктөн Алла Тааланы эстеп тургандыктан, каймана мааниде Алла Тааланын улдары деп аталышат. Ушул эле мартабага ишаарат кылынып, Курани Каримде төмөнкүдөй айтылган:

Куран Ислам

Тактап айтканда, бала өз атасын эстегендей, Алла Тааланы ушунчалык сүйүп, чын жүрөктөн эстегиле. Мына ушунун негизинде ар бир коомдун китептеринде Алла Таала «аб»[9] же «пита»[10] аттарынан чакырылган. Ошондой эле Алла Таала каймана мааниде энеге да окшотулган. Мисалга, эне өз курсагында баласын өстүргөн сыяктуу эле Алла Тааланын сүйүктүү пенделери Алла Тааланын сүйүү кучагында өсүп-өнүгүшөт. Бир таза эмес табиаттан соң аларга бир таза дене берилет. Ошентип, суфилер олуяларды «атфаал-э-хак» дешет, бул өтмө-каймана мааниде гана, болбосо Алла Таала балдардан таза жана

Куран Ислам

(«Татимма Хакикатул-Вахий», «Руханий Хазааин», 22-том, 144-бет)

[1] «Таануучу» дегенди билдирет. Диний атама боюнча «Алла Тааланы таануучу инсанга» айтылат.

[2] Алла тааланы таануучу.

[3] Алла тааланын жалгыздыгы.

[4] [اَنْتَ مِنِّی بِمَنْزِلَۃِ اَوْلَادِیْ]

[5] «Татаал мааниге ээ» дегенди билдирет.

[6] «Ачык-айкын мааниге ээ» дегенди билгизет.

[7] Азирети Имам Махдий(ас) 1882-жылда жазган эң алгачкы китеп.

[8] Алланын балдары.

[9] Арабча сөз, «ата» дегенди билдирет.

[10] Индус тилиндеги сөз, «ата» дегенди билдирет.

Share via