Ислам айларынын бири – урматтуу Шаваал • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ислам айларынын бири – урматтуу Шаваал

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк жыл ай тарых

Шаваал Ислам календары боюнча онунчу ай. Ал Шаваалул-мукаррам (урматтуу Шаваал) деп дагы аталат. Ал куттуу ажылык айларынын биринчиси, (тагыраак айтканда ажылык кылуу ниети менен жолго чыгуу), аны «Шахрул-Фитр» деп дагы аташат. Ушул айдын биринчисинде мусулмандар «Ийдул-Фитр» (Орозо айты) майрамын белгилешет. Ийдул-Фитрди белгилөө хижра жылынын экинчисинде башталган.

Этимологиясы

Анын аталуусу тууралуу төмөнкүдөй көз караштар бар:

  1. «Шаваал» сөзү араб тилиндеги «Шаалатил ибилу би-азнаабихаа лит-тирааки» деген сөздөн алынган жана ургаачы төө кошулуу үчүн өз куйругун көтөргөндө, ушул сөз айтылат. Анын көптүк формасы «шавваавийл», «шаваавул» жана «шаваалаат» деп кезигет. (Тафсир Ибн Касийр)
  2. Бул «шаул» сөзүнөн алынган, ал «ургаачы төөнүн куйругун көтөрүүсү» (тактап айтканда жолго чыгуу) деген маанини билдирет. Ал айда арабдар саякат жана мергенчилик үчүн өз үйлөрүнөн чыгып кетишчү. Ошондуктан, аны «Шаваал» деп аташкан.
  3. «Шаваал» сөзү «шайлах» деген сөздөн чыккан, «шайла» деп жети-сегиз айлык кош бойлуулуктун аралыгында сүт берүүнү токтотуп койгон ургаачы төөгө айтышат. Караңгылык доорунда ал ургаачы төөлөрдүн сүтү жок болуп кеткен күндөрдө келчү, ошон үчүн аны «Шаваал» деп аташкан.

Шаваалдын алты орозосу

Шаваал айында (Айттан кийинки күнүнөн баштап) алты күн орозо тутуу өтө эле сооп иш, куттуу Рамазан айындагы орозолорду жана Шаваал айында алты орозону кармаган момун-мусулман бир жыл орозо кармагандай болот, тагыраак айтканда ага бир жылдык орозолордун сообу берилет. Азирети Айюб Ансаарий (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

مَنْ صَامَ رَمَضَانَ ثُمَّ اَتْبَعَہ سِتًّا مِّنْ شَوَّالِ کَانَ کَصِیَامِ الدَّہْرِ۔

Рамазан айында орозо кармаган, анан аларга Шаваал айынын алты орозосун кошкон адам өмүр бою орозо туткандай болот. (Муслим, Китаабус-Сиям, Баабу Истихбааби Сауму ситтати аййаами мин Шаваала)

Алла Таала Ыйык Куранда кимде-ким жакшылык кылса, ага он эсе сыйлык берилет деп айтат. (6:161). Бул жагынан, Рамазан айынын отуз орозосуна Шаваал айынын алты орозосун дагы кошсок, ал отуз алты болот, анан ал орозолордун ар бирин он орозого көбөйткөндө, отуз алты орозо үч жүз алтымыш орозого тең болуп калат. Бир жылда жалпысынан 365 күн болот. Демек, жогоруда сөз кылынган орозолор бир жылдык орозолорго тең болгон болот.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)  Шаваал айынын алты орозосун калтырбай кармачу. Бул тууралуу Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад Сахиб М. А. (разияллааху анху)  өзүнүн Азирети энеси (разияллааху анхаа)дан өмүрүнүн аягында дагы ал (алайхиссалаам)дын Нафл орозолорун кармагандыгы жөнүндө сураганда, анын энеси: «Өмүрүнүн аягында дагы ал (алайхиссалаам) орозо кармачу, айрыкча Шаваал айынын алты орозосун калтырбай кармачу, ал (алайхиссалаам) кандайдыр бир өзгөчө маселе тууралуу дуба кылмакчы болгондо, орозо кармачу. Ооба, (өмүрүнүн) акыркы эки-үч жылында алсырап жана күчсүз болуп калгандыктан, Рамазан айынын орозолорун дагы тута алган эмес», – деп айткан». (Сийратул-Махдий, 1-том, 14-бет)»

Шаваал айында болгон эң маанилүү окуялар

Биринчи хижра жылынын Шаваал айында: Уммул-Муминийн Азирети Айша Сыддыка (разияллааху анхаа)нын тоюу болгон;

Экинчи хижра жылынын Шаваал айында: эң алгачкы жолу Ийдул-Фитр (Орозо Айты) намазы окулган;

Үчүнчү хижра жылынын Шаваал айында: «Ухуд» казаты жана «Хамра-ул-Асад» казаты болгон;

Бешинчи хижра жылынын Шаваал айында: «Хандак» казаты деп да аталуучу «Ахзааб» казаты болгон;

Алтынчы хижра жылынын Шаваал айында: «Мурайсиъ» казаты болгон;

Сегизинчи хижра жылынын Шаваал айында: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) «Хунайын» согушуна чыккан.

Share via