Орозо кармабаган адамдардын жазасы кандай?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Орозо кармабаган адамдардын жазасы кандай?

Кандайдыр бир чыныгы себепсиз же майда-чүйдө нерселерди шылтоолоп Рамазан орозолорун кармабоо – дурус эмес. Атайын, билип туруп орозо кармабаган адамдар тууралуу сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

орозо кармабаган адам жаза рамазан

Ман афтара йауман мин шахри Рамазана мин гайри рухсатин ва лаа маразин фа-лан йакзияху сиямуд-дахри куллихий ва лау самад-дахра, эгер кимдир бирөө чыныгы себепсиз Рамазандын бир эле орозосун таштаса, эгер кийинчерээк өмүр бою да ошол орозонун ордуна орозо кармаса да, анын ордун толуктай албайт жана ошол катаны оңдой албайт. («Сунан ад-Дармий», Китаабус-Саум)

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын экинчи халифасы – Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Менимче орозону жөн эле нерсе деп билген адамдар да бар. Алар арзыбаган себептер айынан орозо кармашпайт. Кээде: «Биз ооруп калабыз» деген ой менен эле орозону таштап жиберишет. Чындыгында «мен ооруп каламын» деген ой эч кандай чыныгы себеп эмес. . . киши ооруп жатканда жана орозосу оорусун күчөтө турган ооруда гана орозону таштаса болот. . . орозосу оорусуна зыян келтирбей турган ооруда орозону таштоого болбойт». («Ал-Фазл» газетасы, 11-апрель, 1925-ж.)

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via