Мен силерге чындыкты айтам: бул Жамаат Алла тарабынан түзүлгөн • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мен силерге чындыкты айтам: бул Жамаат Алла тарабынан түзүлгөн

Мырза Гулам Ахмад

Ма’мур минАллахтын чыныгы камкордугу

«Ма’мур минАллах»[1] келгенде, анын табигатында чыныгы камкордук коюлган болот жана ал камкордук жалпы калайык-калкка дагы, Жамаатка дагы таандык болот. Ушул камкордук боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эң алдыңкы сапта болчу. Себеби, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бүткүл дүйнөгө Элчи болуп келген эле. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дан мурун келген бардык пайгамбарлар белгилүү бир коомго жана белгилүү бир доор үчүн келишкен. Ал эми Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бүткүл дүйнө үчүн жана түбөлүккө келген Пайгамбар болгон. Ошондуктан, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын камкордугу дагы жеткилең даражадагы камкордук болгон. Мисалы, Алла Таала мындай деп айтат:

لَعَلَّکَ بَاخِعٌ نَّفۡسَکَ اَلَّا یَکُوۡنُوۡا مُؤۡمِنِیۡنَ     

Мунун бир мааниси бул: алар момун болушпайт деп сен өзүңдү жок кылып саласыңбы? (26:3) Ушул аяттан ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын дүйнөнүн ойрон абалын көрүп, алар момун болуп кетишсин деген мууңдуулугун жана кабатыр болгондугун билүүгө болот. Бул (аят) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жалпы камкордугуна таандык. Ал аяттын дагы бир мааниси: момунду момун кылуу, тагыраак айтканда ыйманды кемел (ыйман) кылуу үчүн өзүңдү жок кыласыңбы? Ошондуктан, бир башка жерде Алла Таала мындай деп айтат:

یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اٰمِنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ

Эй, ыйман келтиргендер! Алла жана Анын Пайгамбарына ыйман келтиргиле! (4:137) 

Сыртынан караганда, ал ишке ашпагандай көрүнөт, бирок чыныгы абалына ой жүгүртө турган болсок, анда бир канча баскычтары бар экендиги ачык-айкын маалым болот, ошон үчүн Алла Таала анын жетилүүсүн каалайт.

Кыскасы, Ма’мур адамдарга ушунчалык даражада боорукер болот, алар бат эле андан таасирленишет». (Малфузаат, 3-том, 221-222-бет)

Такыба адам – бактылуу инсан

«Биздин Жамаатыбыз ар дайым мен айтып берген насаатымды эске тутуусу керек. Мага дайыма ушул эле ой келет: дүйнөдө баласына келинин же кызына күйөөсүн тандашканда, айрымдарын сулуулугу жагынан тандашат, кээ бирөөлөрдү ата-теги же байлыгы жагынан жана айрымдарын күч-кудурет жагынан тандашат, бирок Алла Таала андай нерселерге көңүл бурбайт. Ал ачык-айкын айтып койгон:

 اِنَّ اَکۡرَمَکُمۡ عِنۡدَ اللّٰہِ اَتۡقٰکُمۡ  

Тактап айтканда Алла Тааланын назарында такыба адам гана урматтуу жана арадактуу болуп эсептелинет (49:14). Эми Алла Таала такыбалар жамаатын гана алып калат жана башкасын жок кылат. Бул кандайдыр бир назик жай жана ал жерде экөөсү тең тура албайт, тактап айтканда такыба инсан дагы, шайтан жана ыплас дагы ошол эле жерде турушу мүмкүн эмес. Такыба адам калып, ыплас жана балиттин жоголушу лаазым. Ал эми ким Алланын назарында такыба экенин Ал Өзү билет. Ошондуктан, бул аябай корко турган нерсе. Такыба адам бактылуу жана каргыш астында калып кеткен бирөө бактысыз». (Малфузаат, 3-том, 238-239-бет)

Бул Жамаат Алла Таала тарабынан түзүлгөн

Бул Алла Таала тарабынан түзүлгөн Жамаатына эле таандык береке: ал (Жамаат) душмандардын арасында өсүп-өнүгөт. Алар аябай күчтүү кутумдарды түзүшкөн. Киши колдуу болду деген айып менен соттошкон, ошентсе да, Алла Таала тарабынан болгон иштер текке кетпейт. Мен силерге ачык-айкын айтам: ушул Жамаат Алла Таала тарабынан түзүлгөн. Эгерде адамдардын колунан жана адамдардын түзгөн иш-пландарынын натыйжасы болгондо, анда адамдардын иш-чаралары жана адамдар тарабынан болгон күрөшүү азыркыга чейин аны жок кылган болоор эле. Адамдардын иш-пландарынын каршысында анын өсүп-өнүгүүсү эле анын Алла Таала тарабынан болгондугуна (түзүлгөндүгүнө) далил болуп эсептелинет. Кыскасы, ишенимдүүлүк күчүңөрдү канчалык көп өнүктүрсөңөр, жүрөгүңөр ошончолук жарык болот». (Малфузаат, 3-том, 257-бет)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га чыныгы мураскер болгон Жамаат

«Эң жеткилең жана таасирдүү үлгү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дыкы. Кудум ошондой бүгүнкү күндө дагы ошол Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га мээримдүүлүк жана айкөлдүк кылган Кудай эле бар жана дал ошондой азыр деле Анын берешендиктери жана берекелери деген белектер тартууланып жатат. Демек, билип койгула, ушул Чындыкка[2] каршылык көрсөткөн жана аны жалганчы дей турган ар бир тайпа каалашынча каршылык кыла беришсин, бизге каршы өзүнүн вахий-аяндарын жарыялай беришсин, акыр аягында алар Алла Таала Өзүнүн нуру жана берешендиги менен жиберген инсандын[3] гана жеңип чыгуусун көрүшөт. Алла Таала Өзүнүн эзелтеден бери уланып келе жаткан Сүннөтү жана Адатына ылайык Өзү тандаган коомуна эле берешендигин кылат. Ал гана дүйнөдө жайылып кетет жана ал гана Курани Карим, Ислам дини жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га чыныгы мураскер болот». (Малфузаат, 3-том, 244-бет)

Намазды кандай аткаруу керек?

«Намаз өтө эле зарыл жана момун-мусулмандын меъраажы[4] болуп эсептелинет. Алла Таалага дуба кылуунун эң мыкты куралы – бул намаз. Намаз – бул башын жерге тийгизүү же тоок сыяктуу тумшугу менен жем чокуу үчүн (парыз кылынган) эмес. Көптөгөн адамдар мына ошондой намаздарды окушат жана көптөгөн адамдар бирөөнүн үгүттөөсү же бирөөнү көрүп, намаз окууну башташат. Бул эч кандай намаз эмес. Намаз – бул берилүү. Алла Таалага мактоо-алкоо айтуу жана Андан өз күнөөлөрүнүн кечирүүсүн сурануунун жыйнагы «намаз» деп аталат. Мына ошол максат-мүдөөнү көздөп, намаз окубаган адамдын намазы такыр эле болбойт. Демек, намазды жакшылап аткаргыла. Турганыңарда ушундай ыкмада тургула, силердин келбетиңер ачык-айкын түрдө Алла Таалага баш ийип, моюн сунуп, колдорду байлап турганыңарды айтып берсин. Эңкейгениңерде силердин эңкейүүңөрдөн жүрөгүңөрдүн эңкейгендиги даана көрүнсүн. Сажда кылганыңарда, жүрөгү коркуп турган адамдай сажда кылгыла. Намазда өз диниңер жана дүйнөңөр үчүн дуба кылгыла». (Малфузаат, 3-том, 247-248-бет)

[1] Алла Таала дайындаган элчи же пайгамбар.

[2] Ахмадия Мусулман Жамааты.

[3] Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам).

[4] Туу чокусу.

Share via