Алла Тааланын ыраазычылыгынын белгиси • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Алла Тааланын ыраазычылыгынын белгиси

Мырза Гулам Ахмад

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт:

«Эч бир адам бекер жана пайдасыз нерселерди сарптоо менен жакшылык кылам деп айта албайт. Жакшылыктын эшиги тар. Андыктан, ага эч ким пайдасыз нерселерди коротуп кире албасын унутпагыла. Себеби, төмөнкүдөй ачык-айкын далил бар:لَنۡ تَنَالُوا الۡبِرَّ حَتّٰی تُنۡفِقُوۡا مِمَّا تُحِبُّوۡنَСилер өзүӊөргө эӊ сүйүктүү, эӊ жагымдуу болгон нерсеӊерди сарптамайынча сүйүктүү жана сүйкөмдүү болуу даражасына ээ боло албайсыӊар (3:93). Эгерде силер азап чегүүнү каалабасаңар жана чыныгы жакшылыкты кабыл алгыңар келбесе, анда силер кантип ийгиликтүү жана максаттуу боло аласыӊар? Сахаабалар жетишкен даражасына бекер эле жетишткен беле? Дүйнөлүк наамдарга жетишүү үчүн канчалык чыгымдар жана кыйынчылыктарга туш болууга туура келет, анан ошондо чыныгы жүрөк канааттануусу жана жан дүйнө тынчтыгын алып келе албаган жөнөкөй бир наам насип этилет. Анда жүрөктү жубатуучу,, жүрөктү канааттандыруучу жана Алла Тааланын ыраазычылыгын көрсөткөн «разияллааху анхум» деген наам ушунчалык оңой табылды деп ойлойсуңарбы? Чындыгында, чыныгы бакыттын себепчиси болгон Аллах Тааланын ыраазычылыгына убактылуу азап чегип турмайынча жетүүгө болбойт. Алла Тааланы алдап болбойт. Аллах Тааланын ыраазычылыгына жетишүү үчүн азап-тозокторго көӊүл бурбагандар бактылуу, анткени түбөлүк бактылуулук жана түбөлүк эс алуу жарыгы момунга ушул убактылуу азаптан кийин берилет». (1897-жылы болгон Жалса Салананын отчёту, 79-бет, биринчи басылышы)

Жамаатымдын сүйүүсүнө жана чын ыкластуулугуна таң калам

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт:

«Кудум ошондой биз чын жүрөктөн сүйгөн Маулвий Мухаммад Ахсан Сахиб Амрухий ушул Жамаатты колдоп, аябай мыкты жана зор китептерди жазууда. Сахибзада Пир Сираж-ул-Хак Сахиб болсо, миңдеген шакирттерин таштап, бул жердеги дербиштик (карапайымдык) жашоосун кабыл алган. Ошондой эле Миан Абдулла Сахиб Сунаурий, Маулавий Бурхануддин Сахиб Жехлумий, Маулавий Мубарак Али Сахиб Сиалкотий, Казы Зиауддин Сахиб Казы Котий, Гордаспур районуна карашатуу Баталанын тургуну Мунший Чаудхри Наби Бахш Сахиб жана Мунший Жалалуддин Сахиб Яланий ж.б. туугандар өздөрүнүн алдарына жараша кызмат кылып жатышат. Мен өз Жамаатымдын сүйүүсүнө жана чын ыкластуулугуна таң калам, алардын арасында менин айылыма жакын жерде жашаган Миан Жамалуддин, Хайруддин жана Имамуддин Кашмирий сыяктуу жакыр адамдар да бар. Кара эмгек менен күнүнө үч же төрт «анна» (тыйын) иштеп тапкан үч кедей бир тууган да ай сайын кайрымдуулукка активдүү катышат. Ошондой эле, алардын досу Миан Абдул Азиз Патварийдин ыкластуулугуна да таӊ калам, жан багуу мүмкүнчүлүгүнүн аздыгына карабастан, бир күнү келип, мунун Кудай жолунда сарпталышын каалайм деп жүз «руппий» берип кеткен. Ошол жүз руппийди ал байкуш көп жылдар бою чогулткан болушу мүмкүн. Бирок Кудайга болгон сүйүүсү аны Кудайдын ыраазычылыгына түрткөн». (Замима Анжам Атхам, Руханий Хазайын, 11-том. 313-314-беттердеги шилтеме)

Share via