14-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Тууган-туушкандарга жакшылык кылуу

Азирети Анас ибн Маалик (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

Ман ахабба ан юбсата лаху фий ризкихий ва юнса’а лаху фий асарихий фал-йасил рахимаху

Ман ахабба ан юбсата лаху фий ризкихий ва юнса’а лаху фий асарихий фал-йасил рахимаху

өзүнө берилип жаткан ырыскысына береке кошулуусун, өзүнө көбүрөөк ырыскы берилүүсүн жана өзүнө узун өмүр берилүүсүн каалаган адам өзүнүн тууган-туушкандарына жакшылык кылсын, мээримин төксүн. (Бухарий, Китаабул-Адаб, Баабу ман бусита лаху фир-ризки ли-силатир-рахими, 5986)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул хадисте ар бир жакшы адамга милдет болгон, ошондой эле динге ишенбеген адам да жакшылык эле деп билген жакшылыкка көңүлүбүздү бургузган. Тактап айтканда, тууган-туушкандарга жакшы мамлие кылуу. Ушул жакшылыктын бул дүйнөдө көпчүлүк адамдар эңсеген эки мөмө-жемишинен сөз кылган. Көпчүлүк адамдар өздөрүнө көбүрөөк ырыскы берилүүсүн каалашат, көпчүлүк адамдар өздөрүнө узун өмүр берилүүнү тилешет. Көбүрөөк мал-мүлктү жана өмүрү узун болушун каалабаган аз эле адамдар болушу мүмкүн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адам баласы үчүн кылууга көп деле кыйын болбогон, көп деле эмгекти жана машакатты талап кылбаган, эки чоң пайдасы болгон бир жакшылыктан кабар берген. Ал эки пайдасы ушул дүйнөнүн өзүндө эле адамга насип этилет, о дүйнөдө болсо, анын башка пайдалары да бар. Табиатынан, адам баласы өзүнүн өлкөсүндө, аймагында, айлана-чөйрөсүндө тынчтык, рахат, молчулук болушун каалайт, баш аламандык, фитна-чагымчылыкты каалабайт. Ачыгы, өлкө жана аймак адамдардын үйлөрүнөн, үй-бүлөсүнөн түзүлөт. Эгер адамдын өз үйүндө, үй-бүлөсүндө тынчтык, аманчылык болсо, финта-чагымчылык жана баш аламандык болбосо, анда өлкөсүндө жана аймагында да фитна-чагымчылык жана баш аламандык болбойт, адам баласына жакшы айлана-чөйрө насип этилет, анын мал-мүлкүнө да береке кошулат, өмүрүнө да береке берилет.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын насааттарына кулак салып, башкаларга жакшылык кылууга Алла таала бардыгыбызга күч-кубат берсин. (Аамийн)