Байъат берүүчүлөр үчүн насаат сөздөрү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Байъат берүүчүлөр үчүн насаат сөздөрү

(Убада кылынган Масийх жана Махдий, Азирети Мырза Гулам Ахмад (алйхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1921-жылдын 2-майында жасаган кайрылуусу)

2-май күнү шам намазынан кийин Жуна Гархка караштуу (Гужраат Катиявар)дын тургуну байъат бергени Убада кылынган Масийх жана Махдий (алйхиссалаам)дын II Халифасынын алдына келди.

Ал киши  ДаарулАмаан (Кадиян)га экиүч күн мурун эле келгендиги үчүн жана Ахмадия жөнүндө адамдар көп деле билбеген аймактан келгендиги үчүн байъат алуудан мурун Ал Азирети ага карата бир кайрылуу жасаган, караӊгы болгондуктан колдон келишинче жазууга үлгүргөндү назарыӊыздарга сунуштап жатабыз. Жамаат мүчөлөрү андан өздөрү да пайда көрүп, Ахмадий эместердин арасында да аны жайылтуулары керек, анткени алар Ахмадия (Мусулман) Жамаатына кантип жана кайсы адамдар киргизилерин билип алышсын.

Ал Азирети мындай деди:

«Байъат маселеси өтө маанилүү болгондуктан, байъат берүүӊүздөн мурун сизге бир-эки насаат сөздөрүн айтмакчымын.

Түшүнүп туруп байъат бербөөнүн зыяны

Эгерде азыр сиз жакшылап изилденип, Жамаатыбызга кирбесеӊиз жана жакшылап түшүнүп туруп, байъат бербесеӊиз, анда каршылаштардын кептерин угуп, өз келишимиӊизге тура албай калышыӊыз да мүмкүн. Анын натыйжасында сиздин жүрөгүӊүздү кандайдыр бир дат басат. Эгер ушул Жамаатты жалганчы деп ойлосоӊуз, анда сиз шашылып, толук кандуу изилденүүлөрдү жүргүзбөй ага кирип кеткенсиз, ал эми (ушул Жамаат) чынчыл болсо, анда сиз чыныгы жолду таштап, адашып, акыйкаттан алыстап кеткен болосуз.

Ахмадияга киргизүүнүн максаты

Биз жөн эле адамдарды ушул Жамаатка киргизбейбиз, тескерисинче адамдарда такыбалуулук жана аруулуулукту жаратуу, аларды жаманчылыктардан жана абийрсиздиктерден сактап, Ислам динине туруктуу кылуу деген максатыбыз бар. Ошондуктан, биз ар бир адамга: «А дегенде, издениӊиз жана жакшылап түшүнүп алып, анан Ахмадияга кириӊиз, буга шашылып кетпеӊиз», – деп айтабыз. Анткени, эгерде ал шашылып, буга кирсе, анан адашып, Ахмадиядан чыгып кетсе, анда мурда келүүсү мүмкүн болгон, азыр болсо, мүмкүн эмес болсо да, бирок келүүсү мурдагыдан дагы кыйын болгон бир адамды колдон чыгарып койгон болобуз. Муну төмөнкүдөй мисал менен түшүнүүгө болот: бак-дарак чийки мөмө байлаган болсо, ошондо мөмөсү бышып, колубузга тийет деп күтүүгө болот, бирок эгер чийкисинде эле үзүп алсак, анда ал бышпай калат.

Бүткүл дүйнө биз үчүн кандайдыр бир бак

Биз бүткүл дүйнөнү өзүбүзгө бак деп эсептегендигибиз үчүн кандайдыр бир чийки мөмө-жемишти үзүүнү каалабайбыз. Биз ууруга окшоп, бышкан (мөмө) болбосо, чийки деле боло берет деп айтпайбыз. Анткени, Алла Таала дүйнөнү биз үчүн гана жараткан, бүгүн болбосо, эртеӊ, эртеӊ болбосо, бүрсү күнү же бир жыл, эки жыл же он-жыйырма жыл, а түгүл миӊ-эки миӊ жылдан кийин акыр аягында дүйнө ушул эле Жамаатка кошулууга аргасыз болот жана Алла Таала дүйнөнү реформалап-оӊдоо үчүн тургузган инсандын буттарынын астына жыгылууга мажбур болот. Демек, биз кандайдыр бир чийки мөмө-жемишти үзүүнү каалабайбыз. Ошондуктан, ушул Жамаатка мүчө болуп кирмекчи болгон адамга: «Жакшылап ойлонуп алыӊыз», – деп айтабыз анан ал түшүнүп алган соӊ бир мүнөт кечиктирүүсүн да каалабайбыз, анкени ажал качан келип калаарын ким билет.

Бул мен сизге айта турган эӊ биринчи насаат-сөзүм, мындан кийин Жамаатыбыздын таалимин кыскача айтып берем, сиз түшүнгөн нерселер ушул эле экенин же аларда кандайдыр бир кемчилик болуп, дагы изилденүү керектигин байкап көрүӊүз.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) акыркы Пайгамбар

Биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алып келген Китеп (Курани Карим)ден кийин башка бир китеп жоктугу жагынан да, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алып келген  шарияттан кийин башка шарият жоктугу жагынан да акыркы Пайгамбар экендигин билдиребиз. Бирок, ошондон улам биз төмөнкүдөй жыйынтыкка келебиз: бир түбөлүккө  сактала турган нерседе кандайдыр бир айып-кемчилик пайда болуп калса, ал дароо оӊдотулат. Мисалы, көп жылдан бери кийилген кийимде кандайдыр бир тешик пайда болуп калса, ал дароо жаматылат. Бирок башка бирөөгө бериле турган кийимге көӊүл деле бурулбайт. Демек, бул шариат акыркы шариат болгондуктан да анда кандайдыр бир айып-кемчилик пайда болгондо, Алла Таала бул жакка дароо көӊүл буруусу шарт, анткени ушул шариат кыямат күнүнө чейин улануусу керек. Эгерде ал өзгөрө турган болгондо, андай муктаждык болбойт эле. Бирок ушул дин, ушул Китеп жана ушул Пайгамбар түбөлүктүү болгондуктан анда пайда боло турган кемчиликтерди кетирүү да шарт. Ошонун негизинде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан  кийин  динде  кандайдыр  бир  фитна-чагымчылык пайда болгондо, ар дайым аны реформалап-оӊдой турган адамдар келип турушат деп бекем ишенебиз.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кулунун салтанаттуулугу

Аны менен бирге биз мындай деп да ишенебиз: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бийиктик жана илим-билим  даражасы жагынан баардык пайгамбарлардан жогору экендиктен Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шакирттери жана кулдарынын арасынан динди реформалап-оӊдоо максатында чыга турган инсандар мурунку пайгамбарлардын үммөттөрүнүн арасынан чыккан инсандардан өйдө турушат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Ыйсраил уулдарынын арасында Алла Таала менен сүйлөшкөн инсандар бар болчу, ушул үммөттө да дал ошондой болот[1] деп айткан. Мындан белгилүү болгондой, мурунку пайгамбарлар аркылуу мына ошондой инсандар пайда болуп турушкан. Эми Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын касиеттери өтүп кеткен баардык пайгамбарлардын касиеттеринен көбүрөөк деген акыйдага ээ болгондон кийин төмөнкүдөй акыйдага да ээбиз: мурунку пайгамбарлардын үммөттөрүнөн чыгып, Алла Таала сүйлөшкөн инсандар Мухаддис болгон, бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтүнөн пайгамбар да чыккан, ал Умматий[2] болгондуктан пайгамбар болгон жана пайгамбарларга кошулуп, алардын сабында турат жана өз салтанаттуулугу жагынан кээ бирлеринен да өйдөрөөк болот, бирок ошондо да ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Умматий гана болот. Муну төмөнкүдөй мисал менен түшүнүүгө болот: колледждеги бир студент майда-барат медреселерге сынак алучуу адам катары дайындалса да, бирок ал колледжге келген маалда студент бойдон эле калат.

Кыскасы, Сүйүктүү  Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын салтанаттуулугу ушундай: ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га шакирт болгон бир инсан даража жагынан көтөрүлүп, кээ бир пайгамбарлардан да өйдө болушу мүмкүн. Мисалы, анын маңдайында жылдыздардын жарыгы үлбүрөп калган ай сыяктуу, ал эми Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мисалы күн сыяктуу, ай да анын маңдайында үлбүрөп калат.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтүндө пайгамбардын келүүсү

Демек, биздин акыйдабыз боюнча, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтүнөн да пайгамбарлар чыгышы мүмкүн. Бул доор жөнүндө Алла Таала мындай деп айткан: ыйман дүйнөдөн көтөрүлүп кетет жана уламалар эң жаман макулукка айланып кетишет.[3] Менин үммөтүм яхудийлердин издеринен басат, эгерде яхудийлердин бирөөсу өз энеси менен ойноштук кылган болсо, менин үммөтүмдүн арасынан да мына ошондой адамдар чыгышат.[4] Ал убакытта аларды реформалап-ондоо учун Масийх түшөт. Бул үчүн ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сый-урмат катары колдонулуучу «нузул» (түшүү) сөзүн колдонгон. Биз ал Убада кылынган Масийх ушул эле айыл[5]да жарык дүйнөгө келген Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссаллам) экенине ишенебиз. Ал киши пайгамбарлык даражага ээ болчу. Ал (алайхиссаллам) мындай деп айткан: «Алдын ала кабарланган Убада кылынган Масийх жана алдын ала айтылган Махдий да мен болом, ошондой эле мен акырзаманда келе турган Кришна жана Зардушт да мен болом». (Татимма «ХакийкатулВахий», 85-86бет, «Рухний хазааин», 22ом 521-522бет)

Убада кылынган Масийхтин ар кандай аталыштары (ысымдары)

Негизинен, пайгамбар келген баардык коомдорго акырзаманда силердин араңардан бир пайгамбар чыгат деп  айтылган эле жана ар бир коом ага кандайдыр бир өзгөчө ат берген болчу. Биздин пикирибизче, ар кандай коомдор жана диндер ар түрдүү аттар менен аташкан ошол инсан бирөө гана. Анткени, баардык коомдор Убада кылынган пайгамбардын чыгуу заманы бирөө экенин эле айткан. Анан айтылган белгилери да окшош жана ал белгилери ушул доордо ачыкка чыгып жатат. Мына ушундай жагдайда жүздөгөн жылдардан бери Алла Тааланын чынчыл жана сүйүктүү пенделери айткан жана ушул доордо ачыкка чыгып жаткан кабарларга ылайык келе турган инсандардын бири-бирине карама-каршы болушу мүмкүн эмес. Алла Таала тарабынан баланча доордо Масийх келет, ал доордо Кришна да келет, ошол эле заманда Зардушт да келет деп айтылган болушу мүмкүн эмес. Натыйжада, баардыгы өзүнчө инсандар болуп, мушташып кетишсин. Чындыгында, булар ар кайсы заманда бир гана инсанга таандык болгон ар түрдүү аталыштар. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бардык пайгамбарлардын касиеттерин өзүнө жыйнап алгандыктан, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Буруз[6]унда дагы бардык касиеттер кезигет. Ошондон улам анын келүүсү жөнүндө бардык пайгамбарлар мен келем, тактап айтканда, менин касиеттерим ошол келе турган инсанда кезигет деп айтып келишкен. Мына ушул касиеттердин баары Убада кылынган Масийхте кезиккен болчу. Ошентип, ал (алайхиссаллам) мен Махдиймин, мен Убада кылынган Масийхмин, мен Кришнамын, мен Зардуштмун деген билдирүүнү жасаган. Демек, биз Убада кылынган Масийх (алайхиссаллам) бардык касиеттерди өзүнө жыйнап алган, анткени ал (алайхиссаллам) Сүйүктүү Пайгамбар Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чагылдырылышы болчу деп ишенебиз жана ыйман келтиребиз. Белгилүү болгондой, адам өзү кандай болсо, анын чагылдырылышы да дал ошондой болот. Демек, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Муххаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чагылдырылышы болгон инсанда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)да болгон касиеттер кезигет. Бирок, эгерде анда кандайдыр бир касиет жок деп ишенсек, анда анын мааниси, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)да ошол касиет жоктой. Карагылачы, эгер бир адам күзгүгө каранса жана анын түшүп жаткан чагылдырылышында мурду көрүнбөсө, анда ал адамдын жүзүндө мурду жок экендиги билинет. Демек, биз Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссаллам) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чагылдырылышы жана анда Суйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аркылуу ал (саллаллааху алайхи ва саллам)да болгон бардык касиеттер кезигет деп ишенебиз.

Ахмадияга мүчө болуп кирген адамдын милдети

Мына ушул акыйда-ишенимдерди малым кылгандан кийин байъат бериш керек. Анан мына ушул акыйда-ишенимдерди билип алып байат берген адамдын милдети бул: байъат бергендиги үчүн ага жүктөлгөн милдеттерди да аткаруусу керек. Аскердик кызматка жумушка кирген адам согушуу үчүн кайда гана барууга туура келбесин, баруусу керек. Кудум ушундай Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Жамаатына кире турган адам да ардактуу сахаабалар дин үчүн өз маал-мүлкүн, өз убактысын, өз мекенин, өз тууган-туушкандарын, а түгүл өз жандарын кандай курман кылышкан болушса, дал ошондой курманчылыктарды кылууга даяр турууга милдеттүү, ошондой эле адамдар аны көргөндө, бизде жок кандайдыр бир нерсе анда бар экен деп ойлончудай үлгүнү көрсөтүүсү керек. Андан тышкары, ушул Жамаатка кире тургандарга сыноолор  да туш келет, кыйынчылыктарга да туш болушат, зыяндар да жетет, аларга туруштук берүүлөрү керек.

Душмандардын шеккүмөндөрү

Эсиңерде болсун, душмандар жана тентек адамдар ар түрдүү жалааларды жабышат жана адаштыруу үчүн ар кандай айла-амалдарды колдонушат. Эгерде адам изилденбей жана душмандардын дооматтары менен таанышпай (Жамаатыбызга) кирсе, анда жогорудагы кеп-сөздөрдү  угуп, бул эмне болду экен деп адашып калышы мүмкүн.

Ар бир коомго пайгамбар келген

Мисалы, акыйкаттан бейкапар адам качан Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүнүн Кришна экенин билдиргенин укканда, ал (Кришна) индус болчу, мусулман адам кантип индус болуп калды деп айтат. Бирок качан ал кудум башка коомдорго пайгамбарлар келип тургандай эле индия адамдарынын арасынан да пайгамбарлар чыккан, Азирети Кришна (алайхиссалаам) да ошолордун бири болгон  жана Курани Каримде:

пайгамбар

пайгамбар келбеген бир дагы улут жок деген акыйда-ишенимибиз бар экенин билгенде, ушул аятка ыйман келтирген адам качан индияга Азирети Кришна аттуу пайгамбар келген эле деп укканда, мындай деп айтат: эгер Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүнүн Кришна экенин билдирген болсо, анда бул туура жана дурус. Эгер ушул билдирүүнү жасабаганда, анда ал жалганчы болмок, анткени Сүйүктүү Паймбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)да бардык пайгамбарлардын касиеттери бар болчу, ошол үчүн ал (сллаллааху алайхи ва саллам)дын Бурузунда да Азирети Кришна (алайхиссалаам)дын касиеттери да болушу керек.

Убада кылынган Масийх жана Махдий бир эле адам

Андан тышкары, (башка) мусулмандар Убада кылынган Масийх жана Махдий башка-башка адам деп ойлошот, бирок акыйкатта бир эле адам. Чындыгында, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)

хадис

«Имааму-кум мин-кум» (силердин Имамыӊар силерден гана болот) деп айткандай, ал бир эле адамдын эки аталышы, кудум Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (сллаллааху алайхи ва саллам)дын аттары ар кандай болгондой.

Убада кылынган Масийхтин алдын ала айткан кабарлары

Андан кийин Убада кылынган Масийх (алайхиссалаам)дын алдын ала айткан кабарлары жөнүндө да каршылыштарыбыз шек-күмөндөрдү жаратып турушат. Эгерде адам толук кандуу маалымат алып, Жамаатыбызга кирбесе, анда адашып калуу коркунучу бар. Бирок, эгерде алдын ала толук изденип алган болсо, анда канчалаган шек-күмөндөр жаратылбасын, ал адашпайт. Мисалы, эгерде бирөө күндү көргөн болсо, анан кайсы бир убакытта күн көрүнбөй калганда, кимдир бирөө ага миң жолу күндү жокко чыгаргын деп айтса да, ал жокко чыгарбайт. Ооба, ал эмнеге (күн) көрүнбөй калганын билбейм жана анын себеби эмне экенин түшүнбөйм, бирок күндү жокко чыгара албайм, анткени күндүн бар экендигине менде жетишээрлик далилдер бар деп айтат. Кыскасы, кайсы бир нерсе жөнүндө бир жактан анын чынчылдыгынын далилдери болот, экинчи жактан шек-күмөндөр болот. Шек-күмөндөрдүн айынан чынчылдык далилдери жок болуп кетпейт. Мисалы, бир жерде таштан суу чыгып жаткан болсо жана аны адам өз көздөрү менен көрүп алган болсо, ал (киши) суу чыккан жок деп айтышы мүмкүн эмес. Ооба, таштан кантип суу чыгып жатканын билбейм деп айтышы мүмкүн. Таштан суу кандай себеп менен чыгып жатканын ал билбейт, бирок сууну четке кага албайт. Же мисалы, отту алалык. Акиташка суу куйганда, от чыгат, бирок ушундай суу куйуу менен да от чыгууну билбеген адамдын маңдайында от чыгарганда, ал бул от эмес, кандайдыр бир муздак нерсе деп айта албайт. Тескерисинче, ал киши мен оттун ысыктыгын билем жана ага (от) кол тийгизүү менен кол күйөт, ошондуктан ал от эмес деп эч айта албайт, ооба, суу куйганда, кантип от чыгаарын мен билбейм деп айтышы мүмкүн.

Пайгамбарлардын чынчылдыгынын өлчөмдөрү

Пайгамбарларды таануунун жол-жоболору да ушул. Алардын чынчылдыгынын далилдери арбын болот, алар аркылуу акыйкатты изилдөө керек. Анткени, эгер ошондой кылынбаса, анда адаштыруучулар сунуштап, алдаш мүмкүн болгон бир топ нерселер болушу мүмкүн. Бирок качан адам акыйкатты акыйкат деп кабыл алган болсо, анда мына ошондой нерселер менен адашпайт. Анткени, а дегенде, кандайдыр бир шек-күмөн туулбайт, эгерде туулса да, анда адам аны кетирүү үчүн илим-билимди алышы мүмкүн, бирок акыйкатты таштабайт. Карагылачы, эгер бир адам ойлонуп туруп Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га ишенген болсо жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгынын далилдерин жана аргументтерин билсе, анын жүрөгүнө эгер бирөө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгы жөнүндө миңдеген шек-күмөндөрдү салмакчы болсо да, ал алардын себептерин билбейм же аларга жооп кайтара албайм, бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды четке кага албайм, эгер кандайдыр бир шек-күмөн болсо, ал менин кем илимдүү экенимдин далили, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) чынчыл, анткени анын чынчылдыгынын далилдери менде бар деп гана айтышы мүмкүн. Азыр мусулмандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кандайча жалганчы болушу мүмкүн деп айтышат, а чындыгында ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдык далилдерин алар билишпейт. Алар ата-бабаларынан гана угуп келгендиги үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чынчыл деп айтышат. Бирок бизде Алла Тааланын берешендиги менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгынын далилдери бар. Эгер кимдир бирөө ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га каршы сын-пикир билдирсе, биз ага жооп кайтара алабыз. Бирок мен муну айтам: эгер каршылаш адамдын кайсы бир сын-пикирине жооп кайтара албасак да, ошондо да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгы жөнүндө биз шек-күмөнгө бара албайбыз, себеби биз ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га кудум күнгө ишенгендей эле ишенебиз. Ошентип, биринчиден, Алла Тааланын берешендиги менен ар бир сын-пикирге жооп кайтара алабыз, бирок эгер кайсы бир сын-пикирге жооп кайтара албай калдык дейли, анда анын айынан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгын четке кагууга болбойт, анткени биз ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га жөн эле ишенгенибиз жок, тескерисинче ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдык далилдерин көрүп туруп ишенгенбиз жана чыныгы пайгамбардын далилдери ошол гана деп бекем ишенебиз.

Азирети Мырза (Гулам Ахмад) (алайхиссалаам)дын чынчылдыгынын далилдери

Кудум ошондой биз Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)га ишенебиз. Ал (алайхиссалаам)дын чынчылдыгы үчүн кандайдыр бир жаңы далилдердин кажети жок, тескерисинче ал (алайхиссалаам) үчүн да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам), Азирети Муса (алайхиссалаам), Азирети Иса (алайхиссалаам) ж.б. пайгамбарлар үчүн болгон далилдер эле болот. Эми эгерде кимдир бирөө ушул далилдер турганда да, ал (алайхиссалаам)ды жалганчы деп айтса, анда ушундай эле мурунку пайгамбарлар да жалганчы болуп калышат. Бирок ушул далилдердин аркасынан мурунку пайгамбарларды чынчыл деп билген адам Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)ды да чынчыл деп билет. Качан бир адам ушул далилдерди билип, алар менен таанышып ал (алайхиссалаам)га ишенсе, анда анын көңүлүндө эч кандай шек-күмөн туулбайт.

Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кандай ишенген?

Карагыла, Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) бир эле далил менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га ишенген, анан анын көңүлүндө ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жөнүндө бир көз ирмемге да кандайдыр бир шек-күмөн туулган эмес. Ал далил мындай болгон: ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (сллаллааху алайхи ва саллам)ды бала чагынан көрүп келген жана ал (разияллааху анху) ал (сллаллааху алайхи ва саллам)дын эч качан жалган сүйлөбөгөнүн, тентектик кылбаганын, оозунан эч качан ыплас жана таза эмес сөз чыкпаганын билчү эле. Демек, ал (разияллааху анху) ушуну гана билчү, андан аша чаап ал кайсы бир шариятты да билчү эмес, ал шарият айтып берген өлчөмдөр менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чынчыл деп билген деп айтууга болбойт, кандайдыр бир мыйзамды да ээрчиген эмес, ал (разияллааху анху) Алланын пайгамбары ким болоорун жана анын чынчылдык далилдери кандай болоорун да билбейт эле, ал болгону Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эч качан жалган сүйлөбөгөнүн билчү эле. Ал (разияллааху анху) кайсы бир иш-сапары менен (бир жерге) барган болчу, кайтып келе жаткан жолдо кимдир бирөө ага сиздин досуңуз (Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүн Алланын Пайгамбары экенин айтып жатат деди. Ал (разияллааху анху): «Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушундай айтып жатабы?» – деп сурады. Ал киши: «Ооба!» – деп жооп берди. Ал (разияллааху анху) мындай деди: «Анда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жалган сүйлөбөйт, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) айтып жаткандардын баары туура, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдарга эч качан жалган сүйлөбөгөн болсо, анда кантип Алла Таала жөнүндө жалган сүйлөйт?» Качан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдарга кенедей да кыянатчылык кылбагандан кийин азыр алардын рухтарын талкалоо үчүн аларга ушунчалык чоң кыянатчылык кылышы мүмкүнбү? Бир гана ушул эле далилдин аркасынан Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды кабыл кылган. Алла Таала да (дал ошол эле) далилди келтирди. Мисалы, Алла Таала адамдарга мындай деп айт деди:

пайгамбар

Мен бир өмүр араңарда жашаганмын, аны карагыла. Ал убакытта мен эч качан силерге чыкынчылык кылган жокмун, ошондой болсо, азыр Алла Таалага чыккынчылык кыламбы?

Мына ушул эле далилди Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) алып, мындай деп айткан: «Эгер ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мен Алланын Пайгамбарымын деп айтса, анда ал жалганчы эмес жана мен ага ишенем». Мындан кийин анын көңүлүндө эч качан кандайдыр бир шек-күмөн да туулган эмес жана эч качан тайгаланган да эмес. Ага чоң-чоң сыноолор туш келген, мал-мүлктөрүн жана ата журтун таштоого аргасыз болгон, (согуштарда) тууган-туушкандарын өлтүрүүгө аргасыз болгон, бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгы жөнүндө эч качан шек-күмөндөргө барган эмес.

Дагы бир сахааба жөнүндө кезигет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир яхудий менен алыш-бериши бар болчу. Ал (алыш-бериш) жөнүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (сллаллааху алайхи ва саллам) айткандарын угуп, ал сахааба: «Эй, Алланын Пайгамбары! Сиз айткандардын баары эле дурус», – деп айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Бул мамиле мени менен анын ортосунда, мен айткандарымдын туура экенин сиз кайдан билесиз?» – деп сураган. Ал сахааба: «Эй, Алланын Пайгамбары! Сиз Алла Таала жөнүндө сүйлөгөнүңүздө, ал кептерди чындык деп кабыл кылабыз. Эми сиз бир адам жөнүндө сүйлөгөнүңүздө, ал кандай жалган болушу мүмкүн, ошол үчүн мен: «Сиз айтып жатканыңыздын баары туура», -деп айттым», – деп жооп берген. Муну угуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (сахааба) жөнүндө мындай деп айткан: «Ал кишинин ыйманы ушунчалык (бекем): эки адамдын күбөлүгү керек болгон жерде ушул бир эле адамдын күбөлүгү жетишээрлик кылат».[7]

Алардын жүрөктөрүнө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгы кандайча ушунчалык бекем орногон жана алардын көңүлдөрүндө эмнеге кандайдыр бир шек-күмөн туулбайт эле? Анткени, алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдык далилдерин билип алышкан болчу.

Жогоруда мен Азирети Мырза (Гулам Ахмад (алайхиссалаам) жасаган билдирүүсү жана бир нече майда-барат кептер жөнүндө сөз кылдым. Эми ал (алайхиссалаам)дын чынчылдыгы тууралуу айтып берем.

Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын чынчылдыгына биринчи далил

пайгамбар

деген аяттагы өлчөмдү эле алып карап көргүлө. Ушул айылда (Кадиян) индустар менен Ахмадий эмес мусулмандар жашашат. Азирети Мырза (Гулам Ахмад (алайхиссалаам) менен жолугуша турган жана ал (алайхиссалаам) менен алакасы бар адамдар бар. Аларга карата ал (алайхиссалаам): «Айткылачы, мен качандыр бирөөнү алдадым беле, арам жол менен бирөөнүн маал-мүлкүн тартып алдым беле, кимдир бирөөгө зулумдук жана зордук кылдым беле, качандыр жалган сүйлөдүм беле, эгер андай болсо, кандайча Алла Таала жөнүндө жалган сүйлөй баштадым?» – деп улам-улам жазган.

Андан тышкары, ага душман болуп, кек сактап, ага зыян келтирүү камында жүргөн адамдар да бар болчу, бирок алардын бирөөсү да туруштуулук бере алган эмес. Ал (алайхиссалаам)га каршы каапырлык фатвасын чыгарган Мухаммад Хусайын Батаалвий да ал (алайхиссалаам)дын мурунку жашоосу таза экендигин моюнуна алган. Мындан ар бир акылы бар адам эгер мурунку жашоосу эң мыкты даражада жана таза болгон болсо, анда (Убада кылынган Масийх жана Махдий деген) билдирүүсүнөн кийин эмне болду, ал жашоосу эмнеге мыктылыгы бойдон калган жок деп ойлонот.

Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгынын төмөнкүдөй дагы бир өлчөмү бар экенин айтат:

пайгамбар

Эгерде ал (Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Биз жөнүндө жалган сүйлөсө, аны талкалап салмакпыз. (69:45-48)

Акыл жагынан да бул нерсе дурус, Алла Таала жөнүндө жалган сүйлөй турган адам талкаланууга тийиш, анткени жалган сүйлөй турган адам аман калса, анда баланча инсан Алла Таала тарабынан келгендигин эч ким тааный албай калат. Карагыла, эгерде дүйнөдөгү бир адам калп эле өкмөт өкүлү экенин билдирсе, анда бийлик аны кармап алат. Андай болсо, калп эле пайгамбар экенин билдирген адамды Алла Таала эмнеге кармабасын? Курани Карим ушул далилди Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жөнүндө келтирген жана бул (далил) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га гана тиешелүү болбостон, тескерисинче жалпыга таандык. Бирок, эгер аны бир гана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га таандык деп айтсак, анда ал далил болбой калат. Анткени, эгер мурун калп эле пайгамбар экенин жарыялагандар ушул далилдин негизинде талкаланган болсо, анда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын убагында да муну сунуштоого болот, бирок эгер мурункулар талкаланбаган болсо, анда муну сунуштоо дурус эмес. Бирок ушул далил ар бир доордо өз таасирин көрсөтүп келгендиги үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын убагында да сунушталган жана азыр Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын убагында да сунуштоого болот.

Эми биз байкагандай, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га анын билдирүүсүнөн кийин тартууланган жашоосуна тең жашоо эгер жалганчы пайгамбарга да берилсе, анда бул аят Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгына далил боло албайт. Себеби, Азирети Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүнүн вахий-аяндарын жарыялагандан тартып, чамасы отуз жыл өмүр көргөн, ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн Пайгамбар экенин билдиргенден кийин көргөн жашоосунан көбүрөөк. (Ушул жерде) кимдир бирөө Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын ушунчалык мөөнөттөгү вахий-аяндары азыр жаратылды деп айтышы мүмкүн, бирок ал (алайхиссалаам) жазган ал доордогу китептери бийликте бар жана ушул вахий-аяндар ошол китептерде жазылган экен.

Экинчи далил

Андан тышкары, ал (алайхиссалаам)га берилген вахий-аяндар ачык-айкын орундалган жана орундалып келүүдө. Ал (алайхиссалаам)га «Мен сенин дааватыӊды жердин четтерине чейин жеткирем»[8] деген вахий-аян берилген. Азыр да ошондой болуп жатат. Анан ал (алайхиссалаам)га: «Сен аркылуу Ислам дини жайылат», – деп айтылган, ал жайылып жатат. Алла Таала Ахмадиятты дүйнөгө жайылтып жатат. Дагы ал (алайхиссалаам)га: «Кадиянга адамдар тээ алыстан келишет», – деп айтылган.

имам махдий

Эми, мисалы, сиз да ушунчалык ыраак жерден келгенсиз. Ушул жерде дүйнөлүк жактан өзүнө тарта турган эч бир нерсе жок, аны көрүү үчүн бирөө келмек. Экинчи жактан, молдолор: «Бул жерге (кадиянга) келген адам Ислам дининен чыгып кетет», – деп айтышат жана адамдарды кайтаруу үчүн бардык күчүн жумшап жатышат, ушуга карабай Азирети Мырза Гулам Ахмаддын вахий-аяны адамдарды тартып, ушул жерге алып келүүдө. Кимдир бирөө адамдар саякат катары ушул жерге келип калышат деп айтышы мүмкүн. Бирок аларга ыймандан кол жуйбуз деген коркунуч да болот эмеспи, себеби алардын уламалары «кимде-ким Ахмадийлер менен карым-катышта болсо, а түгүл аларды көрсө да, Ислам дининен чыгып кетет» – деген фатваны чыгарышкан. Бирок ушуга карабай, адамдар келишти жана келишүүдө. Бул Алла Таала тарабынан берилген

имам махдий

деген вахий-аяндын орундалып жаткандын далили.

Үчүнчү далил

Пайгамбарлардын чынчылдыгынын дагы бир далили деп Алла Таала муну айткан: элчилерге алардын каршылаштарынын үстүнөн жеӊиш тартуулоо Биздин милдетибиз жана бул эч качан өзгөрбөй турган Сүннөт-Мыйзам.

Ушул далил жагынан да Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын чынчылдыгы далилденген, анткени бүтүн дүйнө ага каршы чыккан жана анын таалимин токтотууга аракет кылган, бирок ал (алайхиссалаам) түзгөн Жамаат жайыла берген жана күндөн-күнгө жайылып жатат.

Кыйынчылыктарга туруштуулук берүүгө даяр туруу керек

Булар бардык пайгамбарлар үчүн окшош эле болгон чынчылдык өлчөмдөрү жана алардын баары Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)га да таандык. Аларды карап жана түшүнүп туруп, байъат берген адамда кайсы бир маселеде кандайдыр бир шек-күмөн болсо да, ал: «Мен муну билбейм, бул жөнүндө изилденем», – деп айтат, бирок акыйкатты таштоого даяр болбойт.

Кыскасы, ушул Жамаатка кире турган ар бир адамдын милдети бул: ушинтип түшүнүп туруп жана изилденип туруп кирсин, анан кирип алган соӊ анын башына кандайдыр бир балээ-карсык түшсө да, ага көӊүл бурбасын. Азыркы күндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын убагында мусулман болгондорго туш келген балээ-кырсыктар жана кыйынчылыктар жок. Ал убакта аялдардын жыныстык мүчөлөрүнө найзалар сайылган, чоктой ысык кумга жаткызылышкан, төөлөргө байлатылып, экиге бөлүнүп салынышкан жана биздин Жамаатыбызга туш келбеген зыяндар аларга келтирилген. Адамдын ыйманы ушундай болушу керек: мына ошондой кыйынчылыктардын бирөөсү анын башына түшсө, туруктуу бойдон калам жана ордуман кенедей да чегинбейм деп айтсын. Азыркы күндө ошол сыяктуу кыйынчылыктардын доору калбай калды, ошон үчүн эми келбейт деп ойлобосун, тескерисинче: «Эгерде ошондой балээ-кырсыктардын бирөөсү башыма түшсө, ага туруктуулук берүүгө даяр турам. Эгер ата журтуман айдалсам, чыгып кетем, эгер мал-мүлкүм тартылып алынса да, көӊүл бурбайм, эгер өлтүрүлө турган болсом да, ага да даяр болуп турам», – деп айтсын.

Биздин Жамаатыбызда мына ошондой мисалдар салыштырмалуу аз болсо да, бирок ошондой кыйынчылыктарга сабыр кылынган. Керала[9] деген жерде азырынча Жамаатыбыз аз, ал жерде Ахмадий аял-кыздардын никелери зордук-зомбулук менен башкаларга кыйылган, мал-мүлктөрү тартылып алынган. Бир топ башка жайларда да ар кандай зыяндар келтирилген, бирок Ахмадийлер көӊүл бурушкан эмес.

Кыскасы, адам чындыкты кабыл кылганда ушундай кабыл кылсын: анан ага ар бир нерсесин курман кылууга туура келсе, курман кылсын. Качан өзүн ушуга даярмын деп билсе, анда ошондо байъат берсин. Мына ушул насааттарды уккан соӊ байъат бермекчи болсоӊуз, беребериӊиз. Бирок, ошентсе да, сизге кайрадан насаат кылам: жакшылап ойлонуп туруп, байъат бериӊиз. Пайгамбарлардын жамааттарына келген кыйынчылыктар жана балээ-кырсыктарга туруштуулук берүүгө өзүӊүздү даярдап алыӊыз.

Муну угуп, ал киши: «Мен бүтүндөй ыраазымын жана байъат берүүгө даярмын», – деп айтканда, ал кишиден байъат алынды. Андан кийин Ал Азирети ага даават кылууга жана Учурлук Халифа менен алака-байланышты түзүүгө баса белгилеп айткан. («Ал-Фазл» газетасы, 30-май, 1921-жыл)

[1] «Сахих Бухарий», Китаабу Фазааили Асхаабун-Набиййи, Баабу Мунаакиби Умар ибнул-Хаттааб

[2] Мухаммад Пайгамбардын үммөтүнөн болгон адам.

[3] «Мишкаат», Китаабул-Илм.

[4] «Термизий», Абваабул-Ыйман, Баабу ифтирааки хаазихил-уммати.

[5] Индияга караштуу Кадиян деген айыл.

[6] Көчүрмөсүндө.

[7] «Абу Давуд», Китаабул-Акзия, Баабу изаа алимал-хаакиму садакаш-шаахидул-ваахиду, яжуузу лахуу ан-яхкума бихий.

[8] «Тазкира», 312-бет.

[9] Индия штаттарынын бири.

Share via