
Китептин кыскача маани-мазмуну
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва саллам Исламдын өнүгүшүнөн кийин, анын алсыраган көрүнүшүн мындай деп көрсөткөн:
Исламдын бир гана наамы жана Курандын бир гана жазуусу калат; мусулмандар бар болушат, бирок көпчүлүгү бирөөгө көрсөтүү үчүн же наамы менен гана мусулман эсептелет; Куран бар болот, бирок ага амал кылынбайт. Башка хадистерде айтылгандай, ошондо Мекке жана Мединадан тышкары бүтүн дүйнөдө Дажжаал же христиан дини үстөмдүк кылат. Христиандар жана башка диндегилер чар тараптан Исламга чабуул жасашат. Мусулмандардын биримдиги бөлөк-бөлөк болуп, алар 73 агымга бөлүнүп кетишет. Ушундай кооптуу учурда Исламды кайрадан өнүктүрүү үчүн, аны бардык диндерден жогору коюу жана бүткүл адамзаттын жүрөгүнө орнотуу үчүн Алла Таала бир инсанди жиберет.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва саллам анын милдетин көрсөтүп, аны ар кандай наамдар менен эске алган. Бир жерде ага «Имам Махдий» наамын берсе, дагы бир жерде аны «Ыйса ибни Марям» деп атаган. Ошондой эле, ага «Хакаму Адл» (Адилеттүү Калыс) даражасын да берген. Болжолу, мындан 125 жыл мурун Ислам дини Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва саллам башында кабарлап кеткен ахвалга түшүп калган эле. Ар кыл диндегилер ар тараптан Исламга чабуул жасап, ал абдан кейиштүү ахвалда калган. Ошондо, Индияда ири диндерге ишенүүчүлөр көбөйүп, алар бири-бирине каршы болгон жер жүзүнүн бир бурчу эле. Ошол учурда бир адам «Алла Тааланын буйругуна ылайык, мен бул доордун Имам Махдийси жана Масихи Мавъудумун» деген чакырык менен чыкты. Бул киши Түрк уруулары үчүн бөтөн адам эмес десек болот. Анткени, ал улуу кол башчы Амир Темирдин абасы Ажы Сайфуддин Барлас тукумунан. Аты Азирети Мырза Гулам Ахмад Кадияний, ал 1835-жылдын 13-февралында туулган. Ал 1889-жылдын 23-мартында Алла Тааланын кабарларына ылайык, чакан бир жамаат түзүп, Исламды башка диндерден жогору коюу милдетин өзүнө алган. Ал Азирети каза болгондон кийин, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдын пайгамбарчылыгына ылайык ошол Жамаатта Халифалык система пайда болду. Азыр Жамааттын бешинчи Халифасы Азирети Масихи Мавъуддун чөбүрөсү Азирети Мырза Масрур Ахмад бул ишти алып барууда.
Курани Карим аркылуу бизге маалым болгондой, ар дайым Алла Таала тарабынан элчи түшүрүлгөндө, дүнүйө ага туш тараптан ар түрдүү каршылык көрсөтөт. Ошондой эле эчен түрлүү тоскоолдуктар болот. Кыскасы, ошондой эзелки «адат-салт» боюнча адамдар Азирети Имам Махдий жана Масихи Мавъуд алайхиссалаамга карата да ушундай мамиледе болушту. Ал Ислам байрагын бийик көтөрүш үчүн тик турган эле. Анын максаты – Исламды дүйнөдөгү бардык диндерден жогору коюу жана Азирети Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдын сүйүүсүн жүрөктөргө жеткирүү, ошондой эле Курани Каримдин көрсөтмөлөрүн дилдерге орнотуу болгон. Бирок мунун ордуна аны каапырлыкта айыпташып, «фатва» чыгарып, бар күчү менен каршылык көрсөтүшкөн. А түгүл карапайым адамдар бул Жамааттын Ислам менен эч алакасы жок, жаңы дин экен, деп түшүнүп: «Куранга ишенбей, периштелерди четке кагып, бейиш-тозок, «тагдыр» жана пайгамбарларга ишенүү өңдүү Исламдын негизги ишенимдерине ыйман келтиришпейт» – деген ойго барып калышты.
Сиздерге сунушталып жаткан китепчеде Азирети Масихи Мавъуд алайхиссалаамдын уулу, Жамааттын экинчи Халифасы, бул өңдүү негизги каршылыктарга кыскача далилдердин негизинде берген жооптор баяндалган. Автор азыркы доордо ушундай системанын пайда болушунун себептерин, анын милдеттерин, идеялык максаттарын ачык-айкын баяндап берген. Бул китеп жазылган учурда да, өзүнүн иштери, жайылышы, өнүгүүсү жана ийгиликтери жагынан Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөдө көзгө көрүнөөрлүк орунда турган. Анын бир мисалын силер ушул китепте көрөсүңөр. Болжолу 50 жыл өткөндөн кийин, бүгүнкү күнгө чейин Алла Таала Ахмадия Мусулман Жамаатынын аброюн жана дүнүйө-мүлкүн мурда болуп көрбөгөндөй көбөйттү. Ахмадия Мусулман Жамааты бүгүнкү күндө дүйнөдө эң көп таркалып жаткан диний Жамаат. Ал күнү-түнү тынымсыз өсүүдө. Маселен, 1996-жылдын августунан 1998-жылдын июлуна чейин болгону эки жылда дүйнө жүзүнүн 223 улутунан, 8 миллиондон ашуун киши аталган Жамаатка мүчө болуп кирген жана бул процесс тездик менен өрчүүдө. Азыркы күндө Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөнүн 204 мамлекетинде бар. Дүйнөдөгү ар бир расанын, ар улуттун өкүлдөрү жана ар бир динге ишенгендер топ-топ болуп Жамаатка мүчө болуп кирүүдө. Жамаат дүйнөнүн 130дан артык тилдеринде Ислам акыйкатына таандык жүздөгөн китептерди миллиондогон нускада бастырып, дүйнөгө таркатууда. Анын бул ийгилиги күндөн-күнгө өсүүдө.
Исламдын негизги китеби болгон Курани Каримди бир миң төрт жүз жыл бою ондогон мамлекеттерде орнотулган Ислам өлкөлөрү жана дүйнөдөгү эң бай мусулман эли – баары биргелешип, дээрлик 60 тилде которуп чыгарууга жетишти. Бирок, булардын болжолу 30 тилге которулган котормосу жалаң китепканаларда гана калып, дүйнө элдери андан тегиз пайдалана алышпай калууда. Ахмадия Мусулман Жамааты болжол менен жүз он жыл ичинде Курани каримди дүйнөдөгү 60 ири тилге которуп, жүз миңдеген нускада бастырып, дүйнөгө таркатты. Дагы ондогон тилге которуу иши жүрүүдө.
Жамаат дүйнөдөгү мамлекеттерде миңдеген мечит курдуруп, аларда тек Аллага ибадат кылынууда. Илгери «мушриктердин» чептери эсептелген жайларда бүгүнкү күндө «Аллааху Акбар» деген үн – азан жаңырууда. Илгери Алла жана Пайгамбардын ысымын билбеген кишилер бүгүнкү күндө «Ашхаду аллаа илааха иллаллааху ва ашхаду анна Мухаммадар-Расуулуллаах» деген күбөлүктү беришүүдө. Мечиттер салуу боюнча Ахмадия Мусулман Жамаатынын пландарын мына бул кеп аркылуу элестетсе болот: Ахмадия Мусулман Жамааты бир гана Германияда жакынкы жылдары жүз мечит куруу же кеминде алардын курулушу үчүн жай сатып алуу планын түзгөн.
Азыркы күндө дүйнөдө бир гана Ислам телевидениеси бар. Ал «МТА-1», «МТА-2» (Муслим Телевидение Ахмадия). Ал дүйнөнүн негизги тилдеринде тынымсыз 24 саат Ислам жана диний темаларда көрсөтүүлөрдү берип, ушул ыкмада Исламды дүйнөгө таркатууда. Параболикалык антенна жардамында бул телени бүтүн дүйнө көрө алат.
Диний жана руханий билимдер менен бирге дүнүйөлүк билимдерди таркатуу, ошондой эле оорулуу адамдарга жардам көрсөтүү боюнча Ахмадия Мусулман Жамааты ар кандай иштерди алып барууда. Кыскасы, азыр Африка, Азия жана Түндүк Америка мамлекеттеринде Жамаат ачкан ондогон мектеп жана колледждер кишилерди билим нуруна чакырып турган болсо, жүздөгөн поликлиника жана ооруканалар алсыз жана оорукчан адамдарга кызмат кылууда.
Урматтуу окурмандар! Бул бардык иштерди Ахмадия Мусулман Жамааты кандайдыр бир өкмөт же дүйнөлүк күчтүн жардамысыз, Жамааттын мүчөлөрү тарабынан бериле турган мүчөлүк акы (чанда) аркылуу ишке ашырууда. Жамааттын ар бир мүчөсү, бай же кембагал, ошондой эле кайсы бир мамлекеттин атуулу болушуна карабастан, тапканынын бир үлүшүн Ислам динин таркатуу үчүн ырааттуу түрдө берип жатат. Азыркы экономикалык кыйынчылык заманда, мындай дүйнөлүк масштабдагы материалдык курмандык кылуунун жаркын үлгүсү жокко эсе.
Ахмадия Мусулман Жамаатынын дагы бир артыкчылыгы – аны мамлекеттердин жана элдердин өз ара жүргүзгөн саясаттары кызыктырбайт. Бул Жамаат дин маселесинде зулумдук жана мажбурлукту жактырбайт. Тескерисинче, ал мээримдүүлүк, сүйүү, боорукерлик, боордоштук, акыл жана насаат аркылуу динди таркатуу мүмкүн экенине ишенет жана өзү дагы ушул принципке катуу басым жасайт. Жамаат өзүнүн мүчөлөрү жана кызматчыларына: «Өз мамлекеттериңердин бардык мыйзамдарына ылайык иш кылгыла жана ар кандай чыр-чатактан оолак болгула», – деп түшүндүрөт жана аны тастыктайт.
Ушул китеп урду тилинде жазылып, азыркыга чейин анын бир канча тилдерге котормосу басылып чыккан. Эми аны биз биринчи жолу кыргыз тилине басып чыгардык. Ушул китеп көпчүлүк үчүн туура багыт болоор, кыргыз эли Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдын көрсөтмөлөрүнө амал кылууга тиешелүү иште Азирети Имам Махдийге салам жолдоп, анын Жамаатына мүчө болуп кирип, Исламдын жеңиши жолундагы ишке бел байлашаар, ошондой эле Исламдын алгачкы доорундагылар Ислам үчүн кандай ажайып кызмат көрсөткөн болсо, Исламдын азыркы доорунда да, ага куду мурункудай ажайып кызмат көрсөтүшөөр, деп үмүттөнөбүз.
Бастыруучулар