КОСОВОДО СИЙРАТ-УН-НАБИЙ САЛЛАЛЛААХУ АЛАЙХИ ВА САЛАМ ЖАЛСАСЫ (ЖЫЙЫНЫ) БОЛУП ӨТТҮ

Алла Тааланын ырайымы жана колдоосу менен Косоводогу Ахмадия Мусулман Жамааты 2023-жылдын 23-декабрында Жамаат борборунда Пайгамбар саллаллааху алайхи ва салламдын өмүр баяны тууралуу жалса (жыйынды) өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алды.
Жыйын кечки саат алтыда Курани Карим окуу жана Убада кылынган Масийх жана Махдий алайхиссаламдын Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдын макам-мартабасын баяндаган сөздөрү менен башталды. Биздин жергиликтүү дааватчыбыз Албан Зекираж мырза «Такыбалар менен жолдоштук» деген темада кайрылуу жасады. Андан соң Азирети Имам Махдий алайхиссаламдын экинчи халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад разияллааху анху жазган «Мухаммаддын өмүр баяны» аттуу китеби тууралуу кыскача маалымат берилди.
Жалса дуба менен аяктап, шам жана куптан намаздары окулду.
Соңунда катышуучуларга сый тамак берилди. Жыйынга сырттан келген конокторду кошкондо, жалпысынан 36 адам катышты.
(Баяндоону биздин Жамаатыбыздын дааватчысы жана Косоводогу Ахмадия Мусулман Жамаатынын Президенти Жинахуддин Сайф даярдаган)