ГАМБИЯ ПРЕЗИДЕНТИ АХМАДИЯ ОРТО МЕКТЕБИНЕ КЕЛДИ
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

ГАМБИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ УРМАТТУУ АДАМА БАРРОУНУН «НАСИР» АТЫНДАГЫ АХМАДИЯ ОРТО МЕКТЕБИНЕ» ЖАСАГАН ИШ САПАРЫ

Гамбия, мектеп

Ишемби күнү, 2023-жылдын 25-ноябрында Гамбиянын президенти Адама Барроу мырза Босай шаарындагы «Насир» Ахмадия орто мектебине келди. Анын бул келиши мектептин тарыхында биринчи жолу болду. Ал өзүнүн командасы жана коопсуздук кызматкерлери менен бирге түштөн кийин саат төрттө мектепке келген. Сапардын жүрүшүндө Билим берүү министри, мектеп директору, Гамбиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Амири, Баба Ф. Травле мырза, Улуттук Амила мүчөлөрү, аймактык миссионерлер, мектеп мугалимдери жана бардык мектеп окуучулары аны тосуп алышты. Ал жерге чогулгандар менен кол алышып учурашкандан кийин мамлекет башчысы мектепте жаңы курулган актовый залды көрүп чыкты. Андан соң президент мырза жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берди. Ал Ахмадия Мусулман Жамааты биздин өлкөдө ар дайым адамзатка кызмат кылып келгени менен өзгөчөлөнөрүн жана бул эч кимге жашыруун эмес экенин айтты. «Ахмадия Жамаатынын» өзгөчө медицина жана билим берүү тармагында баа жеткис кызматтары бар, аларга биз чоң урмат-сый менен карайбыз, деди ал. Буга байланыштуу Билим берүү министри Клодиана Аю Коли өз пикирин билдирип, Ахмадия Мусулман Жамаатынын кызматтарын жогору баалады. Андан соң Гамбиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын ардактуу Амири, мамлекет башчысына окуу жайга жасаган иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Ахмадия Мусулман Жамааты мындан ары да өкмөт менен бирге адамзатка кызмат кыла берерин баса белгиледи.

Андан соң өлкө президенти өкмөттүн өкүлдөрү менен бирге мектептин бир бөлүгүн кыдырып, андан соң директордун бөлмөсүнө барды. Мектептин директору Карому Туре мырза өлкө президентине ыраазычылык билдирип жатып, окуу жай шарттын жоктугунан көп окуучуларды кабыл ала албастыгын, бирок жаңы имараты бүткөрүлгөндөн кийин дагы окуучуларды кабыл алаарын билдирди. Биз буга ыраазыбыз деди.

Андан соң облустун губернатору Симбо Бох мырза президентке «Насир» мектеби аймактагы эң мыкты көрсөткүчтү көрсөтүп жатканын жана бул мектептин көп жылдык тарыхы бар экенин айтты. Губернатор: «Мен да ушул мектепте окугам», – деди. Ошондой эле ал киши биздин Амирибизге да ыраазычылык билдирди. Ал кошумчалагандай, аймакта кандайдыр бир табигый кырсык болсо, Ахмадия Мусулман Жамааты жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн ар дайым алдыңкы катарда турат.

Мамлекет башчысынын бул маанилүү жана тарыхый сапары көптөгөн ЖМКлар тарабынан жазылып алынган жана алардын теле жана радио каналдарында толук маалымат берилген. Ошентип, Ахмадия Мусулман Жамаатынын кабары өтө кеңири жайылган. Ал-хамдулиллах!

Бул аземден кийин эртеси биздин Жамаатыбыздын делегациясы урматтуу Амирибиз баш болгон губернатор менен жолукканы барды жана урматтуу Амиримиз губернаторго президенттин Жамаатыбыздын мектебине болгон иш сапарын уюштурууга жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Губернатор да делегацияга келгени үчүн ыраазычылык билдирди. Соңунда улуу урматтуу Амиримиз дуба кылды жана ошентип бул жолугушуу аяктады.

(Кабарды эл аралык «Ал-Фазл» гезитинин кабарчысы Масъуд Ахмад Тахир даярдаган)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via