04-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды сүйүү

Азирети Анас (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төмөнкүдөй айтканын рабаят этет:

Салаасун ман кунна фийхи важада халааватал ыймани

Салаасун ман кунна фийхи важада халааватал ыймани

өзүндө төмөнкүдөй үч нерсе кезиккен адам ыйман татуулугун сезет. Алардын ичинде Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) айткан эң алгачкы нерсе бул:

ан якуналлааху ва Расулуху ахабба илайхи миммаа сиваахаа

ан якуналлааху ва Расулуху ахабба илайхи миммаа сиваахаа

Алла жана Анын Пайгамбары (Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ар бир адамдан да, ар бир нерседен да сүйкүмдүүрөөк жана сүйүктүүрөөк болушу керек. («Бухарий», Китаабул-иймаан, Баабу халааватил-иймаани, 16-хадис)

Мындан маалым болгондой, ыйман тек оозеки билдирүү же тек сыртынан байкалуучу амалдарга эле байланыштуу эмес, тескерисинче жүрөккө жана жүрөктөгү сезимдерге байланыштуу. Эгер бир адам тилинен мусулман экенин билдирсе, сыртынан Исламдын буйруктарын аткарса, бирок жүрөгүндө Алла жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га сүйүүсү болбосо, өзүнүн жубайы менен балдарын көбүрөөк сүйсө, акча жана мал-мүлктү көбүрөөк сүйсө, дөөлөт жана байлыкты көбүрөөк сүйсө, өзүн көбүрөөк сүйсө, мыйзам жагынан ал киши мусулман эле деп эсептелинет, сыртынан караганда да ал мусулмандардан эле эсептелинет, бирок эмдигиче ал киши ыйман даамын таткан эмес. Чыныгы момун дүйнөдөгү ар бир нерседен да, ар бир адамдан да көбүрөөк Алла Тааланы сүйөт. Алла тааладан кийин ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды сүйөт. Ал чыныгы момун. Ал ыймандын чыныгы даамын татып алды дей бергиле.

Бул үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге төмөнкү дубаны үйрөткөн:

Аллаахуммар-зукнаа хуббака

Аллаахуммар-зукнаа хуббака

эй, Алла! Бизге Өз сүйүүңдү кудум бирөөгө ырыскы берилгендей эле тартуулагын.

ва хубба ман ахаббака

ва хубба ман ахаббака

 жана бизге Сени сүйгөн бирөөнүн сүйүүсүн тартуулагын,

ва хубба маа юкаррибунаа илаа хуббика

ва хубба маа юкаррибунаа илаа хуббика

жана бизди Сага жакындатуучу иштердин, кептердин, нерселердин сүйүүсүн бизге тартуулагын,

Аллаахуммаж-ъал хуббака ахабба илайнаа минал-маа-ил-баарид

Аллаахуммаж-ъал хуббака ахабба илайнаа минал-маа-ил-баарид

жана Сага болгон сүйүүбүздү бизге муздак-жагымдуу суудан да сүйкүмдүүрөөк кылгын. («Дуруус лил-шайх Аби Исхаак ал-хувайний ад-дифаа анис-сунна», Баабу хаажатинаа илал-уламаа-ил-аамилийна, 144-бөлүк, 18-бет)