567,000ден ашуун адам Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

567,000ден ашуун адам Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирди

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси Англиядагы Жалса Салананын учурунда билдирди

2015-жылдын 22-августунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) өткөн бир жыл аралыгында 567,000ден ашуун адамдардын Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулганын билдирди.

Ал киши Хэмпширге караштуу «Хадийкатул-Махдий» (Махдийдин багы) деген жерде болуп өткөн Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 49-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) түштөн кийин жасаган кайрылуусунда ушуларды билдирди.

Ал киши өткөн бир жыл аралыгында Ахмадия Мусулман Жамааты жер жүзүндө 400дөн ашуун жаңы мечит салгандыгын да билдирди.

2015-08-22-Jalsa-UK-002

Ал киши азыр Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөдөгү 207 өлкөдө орнотулгандыгын жарыялады.

Ал киши азыр Ахмадия Мусулман Жамааты Курани каримди 74 тилге которгондугун айтып берди.

2015-08-22-Jalsa-UK-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад дүйнөдөгү бардык аймактарда Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишмердүүлүктөрү жана өсүп-өнүгүүсү жөнүндөгү отчётту да айтып берди.

2015-08-22-Jalsa-UK-004

Буга чейин Азирети Мырза Масрур Ахмад Лажна Имааиллахка (Ахмадий мусулман аялдардын тармактуу уюму) кайрылуу жасап, Ислам дини аялзатына чыныгы эркиндик жана көзкарандысыздык тартуулаганын айтты.

Анан бүгүн кечирээк Ахмадий мусулмандар Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын колуна Байъат (ант) беришет.

Жалса Салана базар күнү түштөн кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад жасай турган кайрылуусу жана анын артынан Алла таалага ыраазычылык билдирүү максатында сурала турган дуба менен аяктайт.

30,000ден ашуун адамдардын Жалсага катышуусу күтүлүүдө.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via