Хэмпшир аймагында миңдеген мусулмандар Жалса Салана үчүн чогулушту
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Хэмпшир аймагында миңдеген мусулмандар Жалса Салана үчүн чогулушту

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылууларын жасайт

Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 49-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) 21-августта жума күнү «Хадийкатул-Махдий» (Махдийдин багы) деп аталуучу өтө эле кенен Хэмпшир деген аймакта башталды. 90 өлкөдөн 30,000ден ашуун делегаттардын ушул Жалсага келүүсү күтүлүүдө.

Жума күнү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) жума кутбасын окуду, андан кийин быйыл боло турган Жалсага ачылуу кайрылуусун жасап, Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин өнүктүрүү Жалса Салананын максат-мүдөөсү экенин айтты.

2015-08-21-Jalsa-UK-002

Ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатынын желегин көтөрдү, ал эми Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти – Рафик Хаят мырза Англиянын желегин көтөрдү.

Өзүнүн кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты: Жалса Алла таалага болгон ыйманды күчөтүүчү руханий чогулуш экендиги менен бирге ал адамгерчилик жана тууганчылык түшүнүгүн өнүктүрүүнүн дагы куралы болуп саналат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Курани каримдин таалимдери боюнча, мусулман киши адамдарды ушунчалык катуу сүйүүсү керек: ал башка адамдарды кыйынчылыктарга дуушар болгонун көрүп, өзү да тынчсызданып кетүүсү керек. Чыныгы момун-мусулман ар дайым башкалардын сезим-туйгуларын эсепке алуусу керек жана башка адамдарга ыңгайлуулуктарды жаратуу үчүн өзүнүн ыңгайлыгын курман кылуусу керек».

2015-08-21-Jalsa-UK-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Өтө эле өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө жана ушул доордо кээ бир мусулмандар Исламдын чыныгы таалимдерин ушунчалык бузуп коюшкан: дүйнө Исламдын көркөм жана тынчтык таалимдеринен кооптонууда».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Качан адамдарга Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан Исламдын чыныгы таалимдери сунушталганда, алар шок болуп, айран-таң калышат. Бир топ адамдар жеке мага айтышты: эгер силер сунуштап жаткан нерселер Исламдын чыныгы таалимдери болсо, анда бир күнү дүйнө кайрадан чоң кубаныч менен динге жана Исламга кайтып келет».

2015-08-21-Jalsa-UK-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мусулмандарга бири-бири менен тынчтык жолу менен жашоого эле буюрулат.  Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Колунан жана тилинен ар бир тынчтык инсан коопсуздукта болгон адам гана мусулман», – деп айткан».

Ал киши мындай деди: Ахмадий мусулмандар ар дайым өздөрүн руханий жактан жана адеп-ахлак жагынан өнүктүрүүлөрү керек.

Жалса Салана түз эфир жана үзгүлтүксүз онлайн аркылуу Эл аралык МТА телеканалынан жер жүзүндөгү миллиондогон телекөрүүчүлөргө көрсөтүлөт.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via