2015-жылы Англияда боло турган Жалса Саланага (Жылдык Жыйын) көрүлгөн даярдыктарды текшерүү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

2015-жылы Англияда боло турган Жалса Саланага (Жылдык Жыйын) көрүлгөн даярдыктарды текшерүү

Үч (3) күндүк Жылдык Жыйын жума күнү Хэмпшир деген жерде жайгашкан «Хадийкатул-Махдийде» башталат

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 16-август күнү Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 49-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) көрүлүп жаткан даярдыктарды көрүп чыкты.

Үч (3) күндүк Жалса Салана (Жылдык Жыйын) 2015-жылдын 21-августунда жума күнү Хэмпшир деген жерде жайгашкан «Хадийкатул-Махдийде» (Махдийдин багы) башталат.

Даярдыктар камсыздалып жаткан кезде Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъала би-насрихил-азиз) үч күндүк аземдин аралыгында иштей турган ар кандай бөлүмдөрдү көрүп чыкты. Ал кишиге (Хузурга) учурда көрүлүп жаткан ар кандай даярдыктар жөнүндө кыскача маалыматтар берилди.

2015-08-16-Jalsa-UK-Inspection-002-1024x655

Быйыл тамак-аш менен камсыздоо жана кайрадан иштеттүү иштерин жакшыртуу үчүн «Экологиялык менеджмент» деген жаңы бөлүм ачылды.

Андан соң ал киши акысыз иштей турган 5,000ден ашуун ыктыярчы кызматчыларга түздөн-түз кайрылып, аларга өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди тырышчактык менен аткарууга жана намаздарды калтырбай окууга насаат кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъала би-насрихил-азиз) мындай деди:

«Ийгиликтүү коомдор жана жамааттардын өтө маанилүү белгилеринин бири: алар ар дайым өздөрүн өнүктүрүүнүн жана жакшыртуунун улам жаңы жолдорун издешет. Силер өткөн бир канча жылдар аралыгында мыкты тажрыйбаларга ээ болгон болсоңор дагы, Жалса Салананын ар бир бөлүмү өзүн өнүктүрүүгө жана дагы алдыга умтулууга аракеттенүүсү керек. Алла таала Жалса Саланага көрүлгөн даярдыктарды ар жактан берекелүү кылсын».

2015-08-16-Jalsa-UK-Inspection-003-1024x552

Буга чейин ал киши Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде, Хэслемер деген аймакта жайгашкан Англиядагы Жамия Ахмадиянын имаратында жана Тилфорд деген аймакка караштуу Исламабадда көрүлгөн даярдыктарды да көрүп чыкты.

Ал киши жума күнү ушул аземде өзүнүн жумалык кутбасын окууру менен Жалса Салана башталат. Андан кийин ал киши базар күнүнө чейинки убакыт аралыгында дагы 4 кайрылуу жасайт.

Базар күнү миңдеген Ахмадий мусулмандар Халифанын колуна «Байъат» деп аталуучу ишеним антын беришет.

2015-08-16-Jalsa-UK-Inspection-004-1024x585

Программалардын баары МТА Интернейшналдан (Эл аралык Муслим ТВ Ахмадия) түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлөт.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via