Тувалунун Премьер-министри Лондондо Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси менен жолугушту
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Тувалунун Премьер-министри Лондондо Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси менен жолугушту

Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъала би-насрихил-азиз) жолугушуунун аралыгында эл аралык тынчтыктын зарылдыгына басым жасады

Тувалунун Премьер Министри 2015-жылдын 15-июлунда жекшемби күнү Лондон шаарында жайгашкан «Фазл» мечитинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) менен жолугушту.

Жолугушуунун учурунда улуу урматтуу Премьер Министр Энеле Сопоага мырза Учурлук Халифага эл аралык тынчтыкты орнотууга жасап жаткан үзгүлтүксүз аракеттери үчүн жана быйыл Тувалуда болуп өткөн «Пэм» циклонунан кийин жөнөткөн гум-жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Премьер Министр Тувалудагы жергиликтүү Ахмадия Мусулман Жамааты коомчулукта тынчтыкты өнүктүрүүгө жасап жаткан үзгүлтүксүз аракеттерине жана улуттун өсүп-өнүгүүсү үчүн иштеп жатканына да зор баа берди.

Жолугушуунун учурунда Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъала би-насрихил-азиз)мындай деди: бардык өлкөлөр жана адамдар дүйнөдө тынчтыкты орнотуу ишин баарынан жогору коюулары керек. Ал киши дагы мындай деди: мен ойлойм ушул нерсе азыркы учурдун негизги талабы болушу керек.

Премьер Министр Улуу Урматтуу Халифага Тувалудагы ар кандай жергиликтүү көйгөйлөр, анын катарында ал жерде илим-билим жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан аракеттер жөнүндө дагы айтып берди.

Кийинчерээк жолугушуунун аралыгында Премьер Министр мындай деди: эгерде Сиз Тувалуга визит жасасаңыз, анда бул нерсе менин өлкөм үчүн чоң сый-урмат жана артыкчылык болот.

Тувалунун Брюсселдеги элчиси Сэр Ифтихар Аяз жана Премьер Министрдин үй-бүлөсү дагы жолугушууда бар болчу.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via