Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Фехта шаарында жаңы мечитти ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Фехта шаарында жаңы мечитти ачты

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) келечек муундарын сактоо үчүн адамдар тынчтыкты көздөй умтулуулары керектигин айтты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2015-жылдын 9-июнунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Фехта шаарында «Байтул-Каадыр» (Ар бир нерсеге күчү жетүүчү Алла тааланын Үйү) деген мечитти ачты.

2015-06-09-DE-Vechta-Mosque-002

Ал киши келип, мечиттин бетинде жайгашкан эстелик тактасындагы парданы алып салып, расмий түрдө мечитти ачты жана кол көтөрүп дуба сурап, Алла таалага ыраазычылыгын билдирди.

Андан кийин ал киши мечиттин короосунда ошол учурдун дагы бир белгиси катары бир көчөттү отургузуудан мурда жаңы мечитте Пешин менен Дигер намаздарына имамчылык кылды. Кечинде жаңы мечиттин ачылуусун белгилөө үчүн бир өзгөчө кече уюштурулуп, ага 170тен ашуун сыйлуу коноктор келип катышышты.

Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза конокторго «куттуктоо» сөзүн окуду, андан кийин ар кандай коноктор өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты.

2015-06-09-DE-Vechta-Mosque-003

Фехта шаарынын мэринин орун басары – Клаус Далингхаус мындай деди:

«Ушул мечиттин ачылуусу шаарыбыз үчүн өтө чоң салтанаттуулук жана Ислам дининин Фехта шаарында кабыл кылынгандыгынын символу».

Облустук Парламенттин депутаты – Д-р Штефан Сиемер мындай деди:

«Жаңы мечиттин ачылуусу менен мен Ахмадия Мусулман Жамаатын куттуктамакчымын. Жергиликтүү Ахмадий мусулмандардын узак мөөнөттөн бери ушул күндү күтүп келе жатканын мен билем. Ошондуктан, алардын өздөрүнүн жасаган аракеттеринин жемишин көрүшкөнүнө мен чынында өтө кубанычтамын».

2015-06-09-DE-Vechta-Mosque-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) өзүнүн тарыхый кайрылуусун жасап, анда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы мүнөзү, Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам)дын келүүсүнүн максат-мүдөөлөрү жана Ахмадия Мусулман Жамааты адамзатка көрсөтүп келе жаткан үзгүлтүксүз кызматтары жөнүндө сөз кылды.

Ислам дининин Ыйык Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам)га коргонуу согушу үчүн уруксат берилген убакытка ишаарат кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Он үч (13) жылдык катуу жана оор зулумдуктан кийин алгачкы доордогу мусулмандарга Алла таала тарабынан өздөрүн коргоого уруксат берилген. Ошентсе да, ушул уруксат тек Исламды гана коргоо үчүн берилбестен, ушул уруксат бардык сыйынуучу жайларын жана диндерди коргоо үчүн берилген болчу».

2015-06-09-DE-Vechta-Mosque-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам) Алла таала тарабынан эки негизги максат-мүдөө менен жөнөтүлгөн.

Биринчиси – адамзатты анын Жаратуучусуна жакындатуу; экинчиси – адамдарга алардын бири-бирине болгон милдеттерин жана жоопкерчиликтерин эскертүү. Ал киши мындай деди: мына ушул рух жана ушул таалимдер Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишмердүүлүгүндө ишке ашууда.

Адамзатка кызмат кылуунун маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Биз – Ахмадий мусулмандар бардык адамзатты сүйүү деген сезимдерге ээбиз жана биз ишенебиз: эгерде биз башкалардын акы-укуктарын аткарбасак, анда кылган ибадатыбыз текке кетет. Ошондуктан, биз колдон келишинче ар бир жайда башкаларга жардам берүүнү каалайбыз. Ошентип, Африкада дагы, дүйнөдөгү башка аймактарда дагы биз ар кандай гуманитардык проекттер менен алектенип келүүдөбүз. Мисалга, биз бир топ мектептерди жана бейтапканаларды ачканбыз, алар дүйнөдөгү эң артта калган аймактагы жергиликтүү адамдарга билим берүү жана ден-соолуктарын сактап келүүдө».

2015-06-09-DE-Vechta-Mosque-006

Африкада таза суунун ар дайым тартышынан сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бул жерде, Батышта сууну текке кетирүү – бул адамдар үчүн жалпы көрүнүш, бирок мен жеке өзүм сегиз жыл Африкада жашап, ал жерде жашаган адамдардын таза сууга канчалык деңгээлде муктаж экендиктерин өз көзүм менен көргөм. Жети же сегиз жашка чыкпаган жаш балдар кир көлдөрдөн суу алып келүү үчүн ийиндерине чоң челектерди көтөрүшүп, бир канча чакырымдарга чейин жөө басууга аргасыз болушат».

2015-06-09-DE-Vechta-Mosque-007

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантты:

«Биз – Ахмадий мусулмандары дүйнөдгү тээ алыскы айыл жерлерде суу насосторун орнотуу жана аларды ремонттоо менен таза сууга муктаж болгон адамдарды суу менен камсыздап, аларга жардам берүүгө аракет кылабыз. Качан насостор иштей баштап, алардан суу чыга баштаганда жергиликтүү адамдардын жүзүндөгү кубанычты айтып берүү кыйын».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) төмөндөгүдөй акыйкатка ишаарат кылып, мындай деди: жаңы мечит таш кирпичтери менен курулган. Ал киши мындай деди: таш катуу жана «суу өткөргүч эмес» материал болуп саналат, бирок Ыйык Куран ушундай таштар жөнүндө сөз кылган: алардан аябай тунук суу атылып чыгат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Кудум таштардан суу атылып чыгып жаткандай, силер Ахмадий мусулмандарынын жүрөктөрүнөн сүйүү, мээримдүүлүк жана тынчтыктан башка эч нерсе атылып чыкпаарына күбөсүңөр».

2015-06-09-DE-Vechta-Mosque-008

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) өз сөзүн мындай деп аяктады:

«Бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрдө гана эмес, дүйнөдөгү башка аймактарда дагы чоң баш аламандык жана чыр-чатак өкүм сүрүүдө. Ошондуктан, бардыгыбыз чогуу иштеп, тынчтыкты жайылтууга, ошондой эле өз ара бири-бирибизди сыйлоону жана сабырдуулукту өнүктүрүүгө өз ролубузду аткарышыбыз керек. Эгерде биз ийгиликтүү болуп калсак, анда бир жактан өзүбүздү коргогон болобуз, экинчи жактан келечек муундарыбыздын жашоолорун дагы сактап калган болобуз. Ал эми эгер биз ушул милдет боюнча ийгиликтүү болбой калсак, анда албетте келечек муундарыбыз бизге эмнеге биздин келечегибизди сактоо үчүн кандайдыр бир кадам шилтеген жоксуңар деп суроо узатышат».

Расмий кече ал кишинин ак батасы менен аяктаган соң конокторго тамак сунушталды.

2015-06-09-DE-Vechta-Mosque-009

2015-06-09-DE-Vechta-Mosque-010

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via