Суррей графствосунда болуп өткөн Улуттук Жыйынга 5000ден ашуун Ахмадий мусулман жаштары катышышты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Суррей графствосунда болуп өткөн Улуттук Жыйынга 5000ден ашуун Ахмадий мусулман жаштары катышышты

Үч күндүк азем Ахмадия Мусулман Жамаатынын 5-халифасынын ыйманга дем берүүчү сөздөрү менен аяктайт

2015-жылдын 14-июнунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылууну жасап, Англиядагы Ахмадия Мусулман Жаштары Уюмунун (Мажлис Худдаамул-Ахмадия) 43-Улуттук Ижтимаасын (Жылдык Жыйын) аяктады. Бул жылдык Ижтимаа «Хилаафаттын зарылдыгы» – деген темада болду.

Суррей деген жерге караштуу Тилфорддо жайгашкан «Исламабад» аттуу жайда болгон Ижтимаанын максат-мүдөөлөрү – бул катышкандардын моралдык деңгээлдерин көтөрүү жана тынчтыктын, биримдиктин жана өзү жашаган өлкөгө болгон сүйүүнүн рухун жаратуу болчу. Быйыл 5000ден ашуун Ахмадий мусулман жаштары аталган аземге катышышты.

2015-06-04-UK-MKA-Ijtema-002

Дүйнөдө чыр-чатак күчөп бара жаткан бир убакытта бүткүл дүйнөдөгү миллиондогон Ахмадий мусулмандардын руханий жетекчиси болгон Учурлук Халифа дагы бир жолу экстремизмдын бардык көрүнүштөрү чечкиндүү түрдө жокко чыгарылып, сынга алынуусу керектигин айтты. Ал киши катышкандар берген антка да жетекчилик кылды, анда алар өздөрүнүн ишенимин жана өлкөсүн жактоочулугун далилдешти.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) христиан дининин алгачкы кылымдарында жашаган христиан жаштары жөнүндө сөз кылуу менен өз кайрылуусун баштады. Ал киши мындай деди: Курани карим алардын ыйманы дүйнөлүк (материалдык) факторлорунун терс таасиринин негизинде акырындык менен кандай жок болгондугу жөнүндө айтып берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Акырындап алгачкы христиандардын жашоолорунда материалистик жашоо маанилүү болуп жана алардын ыйман күчү алсырап кеткен. Андан кийин алардын ыйманынын аты эле калган».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантты:

«Ошентсе да, христиан дини жайылып өнүккөнү чындык, бирок андан кийин алар руханий агаруу жана өсүп-өнүгүүнүн ордуна дүйнөлүк ийгиликке гана жетишишкен».

2015-06-04-UK-MKA-Ijtema-003

Ал киши чиркөөнүн мурунку бир чоң жетекчисинин баяндамасын окуп берди, анда ал христиан дининин жок болуусуна «бир эле муун» калды деген кейиүүсүн билдирген эле.

Ал киши мындай деди: Ахмадий мусулман жаштары үчүн бул кандайдыр бир эскертүү болуп, алар эч качан өздөрүнүн ыймандарын милдет катары кабыл кылбаш керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Башка адамдардын жана коомдордун руханийлигинин жоголуусу жана ахвалдары биз үчүн кандайдыр бир эскертүү жана сабак болушу керек».

Ахмдаия Мусулман Жамаатына жетекчилик кылып келе жаткан Хилаафат институтуна (руханий жетекчилик) ишаарат кылып, ал киши мындай деди: ISIS же IS деген ат менен таанылган террористтертик уюмдарга жетекчилик кылып келе жаткан, балээ жана мыкаачы Халифатка апачык (карама-каршы) түрдө каршы турган Халифат.

2015-06-04-UK-MKA-Ijtema-004

Экстремист уюмдардын коркунучтуу таасирине ишаарат кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Жаштарга туура эмес багыт берилип, алар радикалдашып барышууда. Жихад жана шейит болуу деген түшүнүк боюнча аларга бүтүндөй туура эмес багыт берилген. Бул нерсе чексиз бейкүнөө адамдардын өлүмүнө же өтө ырайымсыздык мамилеге кабылуусуна багыттайт… Жаштар радикалдаштырылып, акылга такыр сыйбаган жана бүтүндөй жалган болгон жихаддын атынан бүлүк салууга жөнөтүлүшүүдө».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантты:

«Башкача айтканда, Ахмадия Мусулман Жамааты Хилаафаттын жетекчилиги жана багытынын астында бүткүл дүйнөгө сүйүүнүн, мээримдүүлүктүн жана тынчтыктын кабарын жайылтууда. Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам) муну чыныгы Ислам деп далилдегендиги үчүн гана биз ушундай кылуудабыз. Биздин Жамаатыбыз Европада, Тундүк жана Түштүк Америкада, Африкада, Азияда, Австралияда жана дүйнөдөгү башка аймактарда тынчтыктын желеги астында бириккен».

2015-06-04-UK-MKA-Ijtema-005

Бүгүнкү күндөгү жаштарга болгон кабатырлануусу тууралуу сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мен өз жаштарыбыз жөнүндө үзгүлтүксүз кабатырланып, сар-санаа болуудамын. Мен а түгүл араңардан бир жаш баланын же кыз баланын өзүнүн ыйманынан алыстап кетүүсүн каалабаймын, анткени бул нерсе алардын жашоосунун текке кетүүсүнө себепчи болот, ошондой эле алар Алла тааланын кут-берекелеринен жана белектеринен куру-жалак калышат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: бүткүл дүйнөгө Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтуу – бул ар бир Ахмадий мусулмандын милдети.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Күтүп отура бербегиле же эки анжылуу болбогула, анын ордуна бүгүн Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам)дын чыныгы кулдары катары алдыга чыккыла жана ушул дүйнө менен о дүйнөдөгү жакшылыктарга жетишкендердин сабына кошулгула».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантты:

«Бүгүн баардыңар биз Ислам динин коргоочу адамдардан, ошондой эле биз анын таалимдерин тээ алыска чейин жана кеңири деңгээлде жайылтууну каалаган адамдардан болобуз деп бекем сөз бергиле».

Исламдын эл аралык дин экендиги жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп айтты:

«Курани карим дүйнөгө бүткүл адамзат үчүн түбөлүктүү жана жеткилең таалим бергендиги деген маалымат менен ар бир адамды кулактандыруу – бул биздин милдет».

Ахмадий мусулман жаштарга болгон үмүтү жана каалоолору жөнүндө сөз кылып Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Силердин өзүнүн улутуна жүк болуп, аларды жаманатты кылууга себепчи жаштардан эч качан болбооңор үчүн мен дуба кылам. Албетте, мына ошондой адамдар өздөрүнүн динине чоң зыян келтирүүгө себепчи болушат».

2015-06-04-UK-MKA-Ijtema-006

Кайрылуусунун аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бүгүн баарыңардан жылдык жыйналышыбыз бизди руханий жетишкендиктерге жетиштүүгө алып барат деп ишенүүңөрдү каалаймын. Биз дүйнөнү руханийликке жана Алла таалага алып бара турган адамдардан болобуз деп сөз бергиле».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантты:

«Биздин айткандарыбыз куру сөз гана эместигин биз дүйнөгө далилдеп көрсөтүүбүз лаазым. Анын ордуна биз тынчтыктын чыныгы элчиси жана Исламдын чыныгы таалимдеринин мунарасы катары өмүр сүрүүдөбүз – деп далилдешибиз керек. Эч бир Ахмадий мусулманы эч качан баасы жок комплексинин курманчылыгына кабылбашы керек, анткени бизде негиз, логика, далил жана баарынан дагы чындык биз тарапта».

Буга чейин Ахмадия Мусулман Жаштар Уюмунун төрагасы Мырза Вакас Ахмад тарабынан отчёттор айтылып, анда ал киши үч күндүк аземде өткөрүлө турган ар кандай программалар менен тааныштырып өттүү.

Ижтимаанын учурунда бүтүн Англиядан келген 107 тайпалар (Кыядаттар) ар кандай илимий жана спорттук жарыштарга катышышты. Алар ар кандай көргөзмөлөргө катышуу жана өлкөдөгү башка аймактан келген жаштар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту.

Мусулман жаштары «Каалаган суроо берүү бөлүмүн» визит кылышып, ал жерде алар эркин айлана-чөйрөдө дин же социалдык көйгөйлөр жөнүндө суроо берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Быйыл АКШтагы Ахмадия Мусулман Жаштар Уюму да өзүнүн Жылдык жыйналышын ошол эле күндөрдө өткөрдү. Ошентип, алардын аземи да Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) жасаган кайрылуусу менен аяктады, аны менен алар Пенсильва́нияда жайгашкан Поконо тоолорунда тигилген чатырдан спутник аркылуу түз эфирге кошулушту. 1200гө жакын Ахмадий мусулман жаштары аталган аземге катышышты, бул АКШтагы Мажлис Худдаамул-Ахмадия тарабынан өткөрүлгөн 46-Улуттук Ижтимаа болчу.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via