Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси аркылуу жаңы мечитке алгачкы ташы коюлду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси аркылуу жаңы мечитке алгачкы ташы коюлду

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Изерлон шаарындагы «Байтус-Салам» деген мечитке алгачкы фундамент ташын койду

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2015-жылдын 9-июнунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Изерлон шаарында Ахмадия Мусулман Жамаатынын биринчи мечитине алгачкы фундамент ташын койду. Ал киши аталган мечитти «Байтус-Салам» (Тынчтыктын Үйү) деп атады.

2015-06-09-DE-Iserlohn-02

Кечеге 50дөн ашуун коноктор келип катышышты, алардын катарында ар кандай сыйлуу коноктор, мисалга Комиссар – Томас Гемке жана Облустук Кеңештин депутаты Майкл Шеффлер мырзалар да бар болчу.

Ырасмий сессия Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза окуган «куттуктоо» сөздөрү менен башталды. Ал киши төмөнкүлөрдү маалым кылды: Изерлон шаарындагы Ахмадия Мусулман Жамааты мечиттин максат-мүдөөлөрүн түшүндүрүү жана сүйлөшүүлөрдү өнүктүрүү максатында жергиликтүү уюмдар менен ар кандай кеңештерди өткөрдү.

Андан кийин келген коноктор Ахмадия Мусулман Жамаатына өздөрүнүн куттуктоолорун билдирүү үчүн сахнага чыгып сүйлөштү.

2015-06-09-DE-Iserlohn-03

Комиссар – Томас Гемке мырза мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын биздин региондо жаңы мечитти салуу чечимине мен өтө чоң кубанычтамын. Силердин «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген урааныңар (девизиңер) бүткүл дүйнөгө таандык жана бардыгыбыз жетишүүгө аракет кылуучу тынчтыктын стандарты».

Облустук Кеңештин депутаты Майкл Шеффлер мырза мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты бул региондо тынчтыкты кандай жайылтып жатканын мен бир топ жылдардан бери көрүп келүүдөмүн. Ушул сыяктуу кабарды жайылтуучу ар бир адам Изерлон шаарында ар дайым жылуу кабыл алынат».

Херне шаарынын мэри Майкл Ескене мырза мындай деди:

«Ахмадий мусулмандар өздөрүн башкаларга ачкан адамдар жана бүгүнкү күндөгү майрамга катышуу үчүн бардыгыбызды чакырганыңар ошону далилдейт».

2015-06-09-DE-Iserlohn-04

Анан негизги кайрылуу Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) тарабынан жасалып, анда ал киши мындай деди: бардык диндеги жана улуттардагы адамдардын тынчтык жана гармонияда бири-бири менен чогуу жашоосу өтө эле зарыл жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын кабары жана ишеними эзелтеден ушул гана болгон.

Ал киши мындай деди: кандай жергиликтүү аймак абдан табигый сулуулук менен сыйланган болсо, жергиликтүү адамдардын ачык жүрөктүгү андан да күчтүү көрүнүштөгү сулуулук, алар таш коюу церемониясына катышуу үчүн Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан берилген чакырууну кабыл кылып, өздөрүнүн улуу мээримин көрсөтүштү.

Ал киши мындай деди: дал ошондой мечиттин сулуулугу анын тышкы көрүнүшү менен аныкталбайт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мечиттин кооздугу анын түзүлүшү же көлөмү менен өлчөнбөйт, тескерисинче анын эшиктерине кирүүчүлөрдүн амалдары менен өлчөнөт. Мечиттин чыныгы кооздугу ибадатчылардын Алла тааланын акы-укуктарын жана адамзаттын акы-укуктарын аткарышуусунда».

2015-06-09-DE-Iserlohn-05

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантты:

«Мечитте ибадат кылуунун өзү жетиштүү эмес, тескерисинче андан да зарыл нерсе: мусулмандардын эң бийик даражадагы адамгерчиликти орнотуусу. Эгерде кайсы бир мусулман адамгерчилик боюнча эң бийик даражадагы стандарттарды көрсөтө албаса, анда ошол эркектин же аялдын ыйманы толук болбой калат».

Жергиликтүү жарандар менен оң маанидеги (позитивный) интегралды табуунун маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү өздөрү жашап келе жаткан коомчулуктун мүчөлөрү болуп саналат, ошондуктан алар дагы башка жарандар сыяктуу эле жоопкерчиликтерге ээ. Ошентип, Германияда жашап келе жаткан ар бир Ахмадий мусулман өз коомуна кызмат кылып, анын өсүп-өнүгүүсүн тилөөсү керек».

2015-06-09-DE-Iserlohn-06

Өзүнүн кайрылуусунан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) «Байтус-Салам» аттуу мечитке алгачкы ташын койду.

Ал кишинин жубайы урматтуу Азирети Амтул Сабух айым да ташын койду, андан кийин бир топ Борбордук, Улуттук жана Жергиликтүү Ахмадий мусулман расмий өкүлдөрү да таштарды коюшту.

Аталган кече Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин дуба кылуусу менен аяктады.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via