Германиянын 2015-жылдагы Жалса Саланасы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин кайрылуусу ыймандарды күчтөндүрүүчү сөздөр менен аяктайт
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиянын 2015-жылдагы Жалса Саланасы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин кайрылуусу ыймандарды күчтөндүрүүчү сөздөр менен аяктайт

Карлсруэ шаарында болгон үч күндүк жыйынга 36000ден ашуун адам катышты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2015-жылдын 7-июнунда Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 40-Жалса Саланасын (Жылдык Жыйын) Исламдын чыныгы жана тынчтык кабарын дүйнөнүн бардык аймактарына чейин жеткирүүнүн маанилүүлүгү деген темада жасаган дем берүүчү кайрылуусу менен аяктады.

Ага чейин ал киши 36000ден ашуун адам берген ант (Байъат) берүү аземине жетекчилик кылды.

2015-06-07-DE-Jalsa-021

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты мурунку бир канча гана жылдарга салыштырмалуу  бүтүндөй Германия боюнча жалпы элдин жана алардын жетекчилеринин арасында кеңири таанылып калды. Мисалга, Хессе деген штатта Жамаатыбыз Ислам дини боюнча бийлик мүчөсү катары ырасмий түрдө таанылды. Ал киши мындай деди: бул Алла тааланын колдоосу жана жарадамынын түздөн-түз натыйжасы.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: Исламдын чыныгы жана тынчтык кабарын жайылтуу ар бир Ахмадий мусулмандын милдети болуп саналат. Ал киши дагы мындай деди: Ахмадий мусулмандар эч качан күч колдонушпайт, ал эми бир гана сүйүүнүн негизинде башкаларды ишендирүүгө умтулушат.

Ал киши мындай деди: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адам өзүнө эмнени жактырса, башкаларга да ошону каалашы керек деп үйрөткөн. Мына ушундай рух менен гана Ахмадий мусулмандар Исламдын чыныгы кабарын жайылтууга аракет жасашат.

2015-06-07-DE-Jalsa-031

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын эч кандай дүйнөлүк же сыясий амбициялары жок. Биздин максат-мүдөөбүз болгону дүйнөнү Исламдын чыныгы жана салтанаттуу таалимдери менен нурдандыруу. Эч бир адам ыйманга-ишенимге мажбурланбашы керек – анын ордуна биздин милдетибиз болгону гана кабарды жеткирип коюу жана андан кийин адамдардын жүрөктөрүн чындыкка ачуу – бул Алла тааланын иши».

2015-06-07-DE-Jalsa-04

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: Курани карим Ислам динине даанышмандык менен чакыруу керектигин үйрөтөт. Ошондуктан, бардык дааватчылар башкаларды логика жана мээримдүүлүк менен ишендирүүлөрү керек, ошондой эле өздөрүнүн мүнөзүндө сабырдуулук менен камкордукту жаратуулары лаазым.

2015-06-07-DE-Jalsa-05

Учурлук Халифа мындай деди: Исламдын кабарын жайылтуу өтө эле зарыл иш: адам өзү эң жогорку даражадагы моралдык стандарттарга ээ болуп жана башакалар аны ээрчий тургандай үлгү көрсөтүүсү зарыл.

Ал киши мындай деди: эгерде бир аракеч ичкилик ичпөөчүлүккө үгүт кылса же бир зынаакор пакизалыкка үгүттөсө, эч ким алардын кеңешин чын көрүү менен кабыл албайт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) өз сөзүн төмөнкүдөй дуба менен аяктады: бардык Ахмадий мусулмандар Исламдын чыныгы кабарынын ушундай чыныгы элчилери болушсун, натыйжада бүтүн дүйнө Исламдын көркөмдүүлүгүн жана артыкчылыгын кабыл кылышсын.

2015-06-07-DE-Jalsa-06

Ошол күндүн эртерээк убактысында Карлсруэ шаарында боло турган аземге катышкан 36000ден ашуун Ахмадий мусулмандар учурлук Халифанын колуна эмоциялуу ант (Байъат) берүү аземине катышышты, ошол эле убакта жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандар дагы МТА Интернейшнал аркылуу түз эфир көрсөтүлүп жаткан ошол церемонияга катышышты. Аталган церемонияда чоң сандагы адамдар биринчи жолу ант (Байъат) беришти.

Кошумча сүрөттөр

2015-06-07-DE-Jalsa-07

Ахмадий мусулмандар Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)дын 5-халифасынын колуна ант (Байъат) беришүүдө.

2015-06-07-DE-Jalsa-08

Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 2015-жылы болуп өткөн Жалса Салана аяктаган мезгилде Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)дын 5-халифасы Ахмадий мусулмандарга колун булгалоо менен коштошууда.

2015-06-07-DE-Jalsa-09

Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 2015-жылы болуп өткөн Жалса Салана аяктаган мезгилде Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)дын 5-халифасы Ахмадий мусулмандар менен коштоп жатат.

 

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via