Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси – Исламдын акыйкаты дүйнөдө жеңиш таңын агарат
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси – Исламдын акыйкаты дүйнөдө жеңиш таңын агарат

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Германиядагы Жалса Салананын 2-күнү Ахмадий эмес конокторго жана Лажна Имааиллах деген уюмдун мүчөлөрүнө кайрылуу жасады.

Ишенби күнү 2015-жылдын 6-июнунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Германия Ахмадия Мусулман Жамаатынын 40-Жалса Саланасынын (Жылдык Жыйын) 2-күнү 1000ден ашуун Ахмадий эмес конокторго кайрылуу жасады. Ал киши Ислам ар түрдүү экстремизмге же баш аламандыкка үйрөтөт деген жалааларды жокко чыгаруу үчүн Курани каримден толтура мисалдарды келтирди.

2015-06-07-DE-Jalsa-02

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Исламдын Негиздөөчүсү – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн жасаган аракеттери «теңдеши жок» аракеттер деген сөздөр менен өзүнүн кайрылуусун баштады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн жарык таалимдери аркылуу бизге тынчтыктын алтын ачкычын тапшырды… Ал киши мындай деди: чыныгы тынчтыкты орнотуу үчүн адамзат өзүнүн Жаратуучусун таануусу керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: бул доордо Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Кадияндын тургуну Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Алла таала тарабынан Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин кайрадан жандандыруу үчүн жөнөтүлгөн.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Өзүнүн жашоосунда Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам) чыныгы Исламды жаркыратып, анын бийик салтанаттуу таалимдерин дүйнөгө сунуш кылды. Ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) чынында адамзаттын тарыхында тынчтыктын улуу каарманы жана тынчтыктын шамын көтөргөн инсан экенин далилдеп көрсөттү».

2015-06-07-DE-Jalsa-03

Учурлук Халифа мындай деди: Исламды жаманатты кылуучулар Исламдын башталгыч доорунда болгон согуштарга катышкандардын атынан бүтүндөй мазмунунан чыгып сүйлөшүшөт.

Ал согуштардын чыныгы мазмунуна чечме берип, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Курани каримдин 22-сүрөөсүнүн 40-аятында алгачкы мусулмандарга (коргонуу) согушка уруксат берилип, ал жерде Алла таала: мусулмандарга каршы согуш ачылгандыгы туралуу Ал аларга каршы жооп кайтарууга жана өздөрүн коргоодон башка аргасы жок калгандыгы үчүн уруксат бергендиги туралуу – айтат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантты:

«Баардык адамдардын жөнөкөй укуктарын тартып алууга умтулгандарды токтотуу үчүн (коргонуу согушуна) уруксат берилген. Уруксат диний эркиндигинин пайдубалын талкалоону каалагандарды токтотуу үчүн берилген. Ошондой эле уруксат Ислам динин гана коргобостон, бардык диндерди жана ар түрдүү ишенимдерди коргоо үчүн берилген».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантты:

«Бүгүнкү күндө Алла тааланын убадаларына ылайык Ахмадия Мусулман Жамааты жападан-жалгыз дүйнүөнү Исламдын чыныгы таалимдери менен нурдандырып жатат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бүгүнкү күндө Ислам динин толугу менен туура эмес көрсөтүлүп жаткандыгына карабай, биз – Ахмадий мусулмандар үмүзүбүздү үзбөйбүз дагы, көңүлсүз да болбойбуз. Биз ийгиликтүү болобуз жана бир күнү Исламдын акыйкаты дүйнөнүн үстүнөн жеңип чыгат, ошондой эле бардык улуттардагы адамдар анын көркөм таалимдерин түшүнүп алышат – деп биз бекем ишенебиз».

Ошол күндүн эртерээк убагында ал киши – Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) түздөн-түз Лажна Имааиллахтын (Аялдардын жардамчы уюму) мүчөлөрүнө кайрылуу жасап, анда Курани каримге жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) баш ийүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылды.

Ал киши мындай деди: Ислам таалимдери аялдарга чектөөлөрдү коюп, алардын эркиндигин чектейт деген жалаа коюлат, бирок чындыгында Ислам аялзатынын акы-укуктарын орнотуп, аларга чыныгы эркиндикти берген. Ал киши мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамаатында аялдар өздөрүнүн жыйналыштарын өздөрү уюштурушат жана ошол эркиндигин бааланат.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via