Германиядагы Жалса Салана Карлсруэ шаарында башталды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиядагы Жалса Салана Карлсруэ шаарында башталды

Үч күндүк аземдин аралыгында Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) төрт кайрылуусун жасайт

Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 40-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) бүгүн Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) окуган жума кутбасы менен башталды.

Жума кутбасынан мурун ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатынын Желегин (Ливаа-э-Ахмадият) көтөрүп, ырасмий түрдө аземди ачты, аны менен бирге Германиянын Улуттук Желеги да көтөрүлдү.

2015-06-05-DE-Jalsa-002

Жыйырма чакты өлкөлөрдөн 30000ге жакын адамдардын үч күндүк аземге катышуусу күтүлүүдө, анда Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) бардыгы болуп төрт кайрылууну жасайт, анын катарында ишенби күнү түштөн кийин Ахмадий эмес конокторго жасала турган англис тилиндеги кайрылуусу да бар.

Өзүнүн жума кутбасында ал киши Жылдык Жыйынга катыша турган адамдар эстерине тутуусу зарыл болгон өтө маанилүү руханий максат-мүдөөлөрү жана милдеттери жөнүндө сүйлөдү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Ушул Жалса кандайдыр бир дүйнөлүк чогулуш да эмес, дүйнөлүк пайдаларга жетишүүнүн кандайдыр бир жолу да эмес. Анын ордуна ага катыша тургандар Алла тааланы эске алууга көңүл буруулары керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: ар бир Ахмадий мусулман өзүнүн Алла таала менен болгон алака-байланышын бекемдетүүгө аракет кылуусу керек жана башында Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулган анын ата-бабалары орноткон эң жогорку даражадагы стандарттарга жетишүүгө умтулуулары зарыл. Ал киши мындай деди: руханийликти жакшыртууга аракеттенүү үчүн жана Алла таала менен жакын алака-байланышты түзүү үчүн Жалса Салана өтө маанилүү мүмкүнчүлүк.

2015-06-05-DE-Jalsa-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Силер Жалса Саланадагы убакытыңарды Алла тааланы эске алуу жана дубалар менен өткөрүүңөр керек. Эсиңерде болсун, силер дуба сураганыңарда, ал дуба жеке өзүңөргө эле пайда келтирбестен, бүтүн Жамаатка дагы пайдаларды жана береклерди алып келет».

Учурлук Халифа Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алып келген руханий ыңкылаптан да сөз кылды. Ал(сав) өзүн ээрчигендерин өзгөртүп жиберди, натыйжада илгери бүтүндөй динбезер болуп жүргөндөр күндүзү орозо кармоочулар жана кечкисин ибадат кылуучулар болуп калышты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: бул доордо Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Кадияндын тургуну Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) кайрадан руханий ыңкылапты келтирип, Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин түшүндүрүп берди.

Ал киши Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам)ды кабыл кылган мурунку жашоосунда ууру болгон болуп жүргөн бир кишини мисал катары келтирди. Ал кишиден Ахмадия Мусулман Жамааты чынчыл Жамаат экендигине кандай далилди келтиресиз деп сурашканда, ал киши мындай деп жооп берген: «Мен өзүм да кандайдыр бир жышаан болом. Мен адеп-ахлаксыз болгон жашоомду таштап, Ахмадий мусулман болгонумда мен өзүмдү реформалап-оңдоп алдым».

Учурлук Халифа мындай деди: бул доордо чынчыл болууга катуу аракеттенүү ар бир Ахмадий мусулмандын милдети эсептелинет. Ал киши мындай деди: ар бир Ахмадий мусулман: «Мен Алла таалага таандык жоопкерчиликтеримди жана адамзатка таандык жоопкерчиликтеримди чындап атакарып келе жатамбы же жокпу?» – деп өзүн-өзү катуу текшерүүсү керек.

Андан бир күн мурда (4-июнь күнү) Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Мессе Карлсруэ шаарында боло турган Жалса Салана боюнча көрүлгөн даярдыктарды көрүп чыкты.

Ал киши уюштуруучуларга жыйынга келе турган бардык конокторго кызмат кылуунун ар бир мүмкүнчүлүгүн пайдалангыла деп баса белгилеп насаат кылды. Ал киши мындай деди: меймандарга кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүн өзүңөргө чоң сый-урмат деп билүүңөр керек.

2015-06-05-DE-Jalsa-004

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via