Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин Германияга жасаган иш сапарынын экинчи жумасы башталды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин Германияга жасаган иш сапарынын экинчи жумасы башталды

Германияга жасалган иш сапарынын биринчи жумасында ар кандай ишмердүүлүктөр, жолугушуулар жана маектер болду

Алла тааланын берешендиги менен Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Германияга жасаган иш сапарынын азыр экинчи жумасы башталды.

Биринчи жуманын аралыгында ал киши Ахен жана Ханау шаарларында жаңы мечиттерди ачты. Ал киши «Байтул-Аафиййат» деген имаратты да ачты, ал имарат Германиядагы Мажлис Ансаруллах жана Германиядагы Лажна Имааиллахтын борбордук кеңселери катары колдонулат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) миңдеген Ахмадий мусулмандар менен жеке жолугушууларды өткөрдү жана жүздөгөн кичинекей балдардын «Аамийн» (Курани каримдин арабча текстин биринчи жолу окуп бүткөндөр үчүн өткөрүлүүчү азем) деген церемонияларына катышты.

2015-06-01-DE-Week-One-002

Ал киши бир топ немец профессорлор жана акедимиктер менен өзгөчө бир жолугушууларды да өткөрүп, анда ал киши Исламдын чыныгы таалимдерине кеңири токтолду жана ар кандай суроолорго жооп берди.

Жуманын аягында (30-31-май күндөрү) ал киши Германияда жашаган Ахмадий мусулман жаштары менен Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» аттуу мечитте таалим-тарбиялык сабагын өткөрдү. Ишенби күнү ал киши жогорку окуу жайынын студенттери менен эки сабакты өткөрдү, ал эми Жекшемби күнү ал киши «Вакф-э-Нау» деген кыймылдын мүчөлөрү менен дагы эки сабакты өткөрдү.

2015-06-01-DE-Week-One-003

Жогорку окуу жайынын студенттери менен өтүлгөн сабакта Ахмадий мусулман студенттер өздөрүнүн илимий изилденүүлөрүн сунушташты, андан кийин суроо-жооп сессиясы болду. Андан кийин студенттер ал кишиге суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

2015-06-01-DE-Week-One-004

«Вакф-э-Нау» деген сабактарында да кичинекей Ахмадий мусулман балдары ал кишиге ар кандай суроо берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

2015-06-01-DE-Week-One-005

«Вакф-э-Нау» кыймылынын мүчөлөрү өздөрүн кандай алып жүрүүлөрү керек деген суроого жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Вакф-э-Нау» деген кыймылдын мүчөлөрү алардын ата-энелери алар төрөлө электе жасаган атн-убадаларына көбүрөөк көңүл буруулары керек. Силердин ата-энелериңер силерди Алла таалага кызмат кылуу максатында арнашкан, демек силер Алла таала силерден каалаганы эмне экенин түшүнүүгө аракет кылууңар керек. Силер намазды калтырбай аткарууңар керек жана билим алууңар зарыл, ошондой эле Курани каримди түшүнүүңөр керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Карлсруз деген жерде боло турган Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 40-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) катышуу максатында Германияны көздөй жол тарткан. Бул үч күндүк азем 5-7-июнь күндөрүндө болот.

Жыйырма чакты өлкөлөрдөн 30000ге жакын адамдардын Жалса Саланага катышуусу күтүлүүдө.

2015-06-01-DE-Week-One-006

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via