Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Франкфурт шаарында жума кутбасын окуду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Франкфурт шаарында жума кутбасын окуду

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Ахмадия Мусулман Жамаатынын биримдиги Хилаафат институтуна байланыштуу экенин айтты

2015-жылдын 29-май күнү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) өзүнүн жумалык жума кутбасын Франкфурт шаарында жайгашкан «Калбах» деген Спорт жана Эс алуу Борборунда окуду. 8700дөн ашуун Ахмадий мусулмандар ага катышышты, андан тышкары ал кутба МТА Интернейшналдан (Муслим ТВ Ахмадия) түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү.

2015-05-29-FS-02

Өзүнүн жума кутбасында Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Хилаафат (Халифалык) жөнүндө кеңири сөз кылды. Ал киши мындай деди: 107 жыл мурда өзүнүн башталгандыгынан бери Хилаафат деген башкаруучулук дүйнөнүн бардык аймактарында Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтууда Ахмадия Мусулман Жамаатына жетекчилик кылып келүүдө.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси мындай деди: тарыхтын багытында ар кайсы мусулман саясый өкүмдарлар дүйнөлүк максат-мүдөөлөргө жетишүү максатында өздөрүнө «Халифа» деген титулду колдонууга аракет кылышкан, ошентсе да чыныгы Хилаафат таза багыттагы диний жана руханий башкаруучулук

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айткан алдын ала кабарга ылайык акырзаманда чыныгы Хилаафат кайрадан орношу керек болчу жана Ахмадий мусулмандар ушул Хилаафаттын экинчи чагылдырылуусун кабыл алышып, өтө бактылуу болушту. Ушул Хилаафаттын максаты – бул Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)дын миссиясын өнүктүрүү.

2015-05-29-FS-03

Өткөн 107 жылдан бери Ахмадия Мусулман Жамаатын жетекчилик кылып келе жаткан Хилаафат деген башкаруучулук жөнүндө сөз кылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бүгүнкү күндө Исламдын чыныгы кабарын жайылтуу милдети Ахмадия Мусулман Жамаатында орношкон Хилаафат деген башкаруучулук аркылуу гана иш ке ашуусу керек. Ислам дини урматсыз жана жаманатты болуп жаткан бир учурда Ахмадия Мусулман Жамааты жалгыз гана Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин дүйнөнүн бардык аймактарына чейин жеткирүүдө».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Ахмадия халифалыгы дүйнөдөгү ар кайсы аймактарда адамдарды кандай Алла таалага жана чыныгы Исламга багыттагандыгы жөнүндөгү мисалдарды келтирди.

Өзүнүн Германияга жасаган учурдагы иш сапары жөнүндө сөз кылып, ал киши мындай деди: мен Ахен жана Ханау шаарларында эки мечитти ачтым жана ошол эки ачылыш аземине бир топ мусулман эмес сыйлуу коноктор, саясатчылар жана ар кайсы тармактагы меймандар катышышты. Ал киши мындай деди: келген коноктор Ахмадия халифалыгы аркылуу Исламдын чыныгы таалимдерин үйрөнгөнүн тастыкташты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп айтты:

«Коноктордун бири мындай деди: мен мурунтан эле бир топ Ахмадий мусулмандар менен жакшы тааныш болчумун жана Ислам жөнүндө жакшы билем деп ойлочу элем. Ошентсе да, Халифанын (Азирети Мырза Масрур Ахмад) сөздөрү менин жүрөгүмө катуу таасирин тийгизди жана сезимдерим бүтүндөй жаңыланды. Ал конок айым мындай деди: ал кишинин (халифанын) сөздөрүн уккандан кийин гана мен Исламдын акыйкатын жана анын көркөм таалимдерин түшүндүм».

Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы катары өзүнүн орду жана Алла тааланын колдоосу жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мен өзүм карапайым бир инсанмын жана өз ахвалымды аябай жакшы билем. Мен өзүмдө кандайдыр бир өзгөчө жөндөмдүүлүк же артыкчылык бар экенин таппаймын. Ошентсе да, Алла таала Ахмадия халифалыгын колдоого жана ага жардам берүүгө убада берген, Алла таала Өзүнүн убадалары боюнча албетте чынчыл. Ал ар дайым Ахмадия халифалыгын колдоп келген жана Иншаа’Аллах (Кудай буюрса) мындан кийин да колдоп турат».

Хилаафат менен ыймандын ортосундагы алака-байланышты чечмелеп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Диний өсүп-өнүгүү түздөн-түз Хилаафат деген башкаруучулукка байланыштуу, ошондуктан эми диний ийгиликтүүлүккө Хилаафатсыз жетишүүгө болбойт. Албетте, Ахмадия Мусулман Жамаатынын биримдиги Хилаафатсыз эч качан туруктуу бойдон кала албайт.  Алла тааланын берешендиги менен Хилаафатка байланышкан ар бир Ахмадий мусулман Хилаафат деген башкаруучулуктун улануусу ыйманыбыздын бир зарыл бөлүгү экенин билет».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via