Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германия Европанын бүтүндүгүн жана биримдигин коргоосу керек дейт
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германия Европанын бүтүндүгүн жана биримдигин коргоосу керек дейт

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) «Убакыт» газетасына маек берди

«Убакыт» деген немец улуттук жумалык журнал 2015-жылдын 25-майында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) менен маек курду. Тахир Чаудхрий аттуу журналист бүгүнкү жаңы дүйнөдө Исламдын ролу, экстремизм туудурган коркунуч ж.б. ар түрдүү глобалдык көйгөйлөр жөнүндө маек курду.

2015-05-25-DE-Frankfurt-Interview-Zeit-002-1024x665

Өзүнүн маегинде ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллалааху алайхи ва саллам) акырзаман жөнүндө айткан алдын ала кабар, ошондой эле Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)дын келүүсү жөнүндө кененирээк токтолду. Ал киши мындай деди: Ахмадий мусулмандар Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын сыпатында келди деп ишенишет.

Ал эми ар кандай уюмдар «Халифатты» орноттук деп жасаган билдирүү жөнүндө ал киши мындай деди: Халифат түздөн-түз пайгамбарчылыкка байланыштуу нерсе. Ал киши мындай деди: учурда биз Халифатты орноттук деген экстремист уюмдар эч кандай пайгамбарчылыкты ээрчишпейт, анын ордуна эң бийик даражадагы зулумдук, адилетсиздик жана мыкаачылык кылышууда.

Ахмадия Мусулман Жамааты жетекчилик кылып жаткан Халифат башкармалыгы жөнүндө токтолуп, ал киши мындай деди: бул Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)ды ээрчиген чыныгы Хилаафат.

Жеке өзүнүн позициясы жөнүндө сөз кылып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мен халифа болууну эч качан каалаган жокмун, анын ордуна мен менин атымды адамдардын жүрөктөрүнө (Шайлоо Комитетинин мүчөлөрү) салган Алланын буйругу менен ушул кызматты ээлоогон мажбур болдум».

Адамзатка эң чоң коркунуч эмне экендиги деген суроого жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бүгүнкү күндө адамзат менен Алла тааланын ортосундагы аралыктардын чоңоюп баруусу эң чоң коркунуч деп ойлойм. Биз ынсап менен адилеттүүлүктүн төмөндөп, ал эми зулумдук менен жик көрүүлөрдүн өсүп жатканын көрүүдөбүз. Мына ушундай мамиле жана жүрүм-турум Алла тааланын азабына эле алып барышы мүмкүн».

Сиз немецтерге кандай тилекти тилейт элеңиз деген суроого жооп кайтарып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мен айтмакчымын: немец коом Европанын биримдигин сактоо жана колдоодо өзүнүн ролун уланта берүүсү керек. Эгер ушундай болсо,, анда гүлдөй өсө алат. Демек, Германия ушул Келишимдин бүтүндүгүн жана биримдигин коргоо үчүн аракет кылуусу керек. Жакшысы, немецтерде «чыдамкайлык» деген абдан жакшы жөндөмдүүлүк бар жана ал жөндөмдүүлүктү улантып жана мындан дагы жакшы өнүктүрүүгө аракеттенүүлөрү керек».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via