Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Ханау шаарында бир жаңы Ахмадия мечитин ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Ханау шаарында бир жаңы Ахмадия мечитин ачты

«Хилаафат күнү» Азирети Мырза Масрур Ахмад «Байтул-Ваахид» деген мечитти ачты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2015-жылдын 27-майында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Ханау шаарында «Байтул-Ваахид» (Жалгыз Алланын Үйү) деген мечитти ачты.

2015-05-27-DE-Hanau-Inauguration-002

Жаңы мечитти ачуу аземи «Хилаафат күнүнө» туш келди, ал Ахмадия Мусулман Жамаатында 107 жыл мурда түзүлгөн Хилаафатты белгилөө үчүн белгиленген күнү.

Ал киши мечиттин бетинде жайгашкан эстелик тактасындагы парданы алып салып, расмий түрдө мечитти ачты жана кол көтөрүп дуба сурап, Алла таалага ыраазычылыкты билдирди. Ал киши мечиттин короосунда ошол учурдун дагы бир белгиси катары бир көчөттү отургузуудан мурда жаңы мечитте Пешин менен Дигер намаздарына имамчылык кылды.

Кечинде жаңы мечиттин ачылуусун белгилөө үчүн бир өзгөчө кече уюштурулуп, ага 120дан ашуун сыйлуу коноктор келип катышышты. Ар кандай сыйлуу коноктор жана саясатчылар, мисалга лорд-мэр – Клауз Каминский мырза жана Германиянын Улуттук Парламентинин депутаттары катышышты.

2015-05-27-DE-Hanau-Inauguration-003

Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза конокторго «куттуктоо» сөзүн окуду, андан кийин ар кандай коноктор өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты.

Ханау шаарынын лорд-мэри Клауз Комински мырза мындай деди:

«Мен ушул мечиттин башкы залында «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген сөздөр жазылганын көрдүм жана мен мындай деген ойго келдим: силер таратып жаткан тынчтык кабар жеке эле биздин шаарга эмес, биздин коомчулукка да эмес, ал эми бүткүл дүйнөгө таралып жаткан тынчтык кабары».

Райондук комиссар – Эрик Пипа мырза мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты өзүнүн бүтүндөй тынчтыктуу жана чыдамкайлуу экенин далилдеп көрсөттү. Силердин Жамаатыңар башкалардын Ислам жөнүндөгү кооптонууларын диолог жана өз ара карым-катнашуунун негизинде жок кылуу максатында баарынан алдыда».

Парламенттин депутаты – Беттина Мюллер мырза мындай деди:

«Ушул мечит биздин аймакка өтө дурус кошумча болуп, биздин тынчтык жана өз ара бири-бирибизди сыйлоо менен чогуу жашай аларыбызды далилдейт. Бардыгыбыз чогулуп Германияны түзөбүз жана эң маанилүүсү бардыгыбыз муну түшүнөбүз».

Парламенттин депутаты – Кордула Чулз-Аше мырза мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты Гессен деген Штаттагы мектептерге Ислам таалимдерин окутуу үчүн расмий түрдө катталуусу биздин Шататыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө жардамчы экениңерди далилдейт».

Парламенттин депутаты – Кристина Бучолз айым мындай деди:

«Мен абдан чоң кубанычтамын: эми ушул аймактагы Ахмадий мусулмандар ушул мечитте өздөрүнүн ишеними боюнча ибадат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ушул күн бардыгыбыз үчүн кубанычтардын булагы болуп саналат».

Андан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) өзүнүн тарыхый кайрылуусун жасап, Ханау шаарынын адамдарынын жүрөктөрү ачык экендигин айтып, мактады жана бардык диндердин негиздөөчүлөрүн сыйлап-урматтоого чакырды.

2015-05-27-DE-Hanau-Inauguration-004

Ханау шаарынын жергиликтүү адамдарына ыраазычылыкты билдирип, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Ушул мечиттин ачылуусу таза диний багыттагы азем деп эсептелинет, ага силердин катышууңар силердин тынчтык менен чогуу жашоону каалаган адамдар экениңерди далилдейт.  Бул үчүн бардыгыңарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирмекчимин. Менин ыраазычылык билдиришим жөн гана бир моралдык-сылыктык эмес, чындыгында бул менин ишенимимдин эң маанилүү бөлүгү болуп саналат, анткени Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: адамдарга ыраазычылыкты билдире албаган адам Алла таалага да ыраазычылык билдире албайт».

Ханау шаарынын адамдарынын сабырдуулук табиятка ээ экендигин мактап, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Чынында 127 ар түрдүү тайпалар жана этник группалардан турган адамдар ушул шаарда жашашат, алардын толук саны болгону 90,000ди түзөт. Бул нерсе Ханау шаарынын тургундарынын жүрөгү ачык жана сабырдуу адамдар экенин далилдейт. Булар мыкты касиеттер жана ушул касиеттердин түбөлүккө болуусуна дуба кылам».

2015-05-27-DE-Hanau-Inauguration-005

Ушул имарат мечитке айлануудан мурда бир жергиликтүү супермаркит болчу, бул факты жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мечитке айландырылуудан мурда ушул имарат супермаркит болчу, ал жерден адамдар азык-түлүктү сатып алышчу. Ал эми азыр бул Алла тааланын Үйү болуп, ал жерге адамдар Алла таалага ибадат кылуу үчүн чогулуу менен бирге, адамзатка камкор болуу жана тынчтыкты бекемдөө үчүн келишет. Ошентип, азыр ушул имарат кошуналарыбызга жана бардык адамдарга сүйүү-махабат, камкордук жана тынчтык тартуулайт».

2015-05-27-DE-Hanau-Inauguration-006

Коомчулуктун тынчтыкка муктаж экендиги жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Баш аламандык жана фитна-чагымчылык аркылуу дүйнө эмнеге жетишти же кайсы максатка ээ болду? Бүткүл Дүйнөлүк Согуштун учурунда миллиондогон адамдар өздөрүнүн жашоосунан айрылышкан. Ошондуктан, бардыгыбыз муну сезүүбүз керек: бардык адамдар бири-бири менен чогуу тынчтык жана гармонияда жашай ала турган коомчулукка жетишүү биздин чогуу максатыбыз болушу керек».

Башкалардын ишенимдерин сыйлап-урматтоо тынчтыкты орнотуунун негизги элемент экендиги жөнүндө токтолуп, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бардык диндердин Негиздөөчүлөрүн сыйлап-урматтоо ар бир мусулмандын милдети, ошондой эле башка диндеги же башка ишенимге ээ адамдардан Исламдын Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам)ды сыйлап-урматтоосун суранабыз. Ушундай өз ара бири-бирин сыйлап-урматтоо жана башкалардын сезим-туйгуларын көңүлгө алуу руху – бул дүйнөдө тынчтыкты орнотуу куралы».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) өз сөздөрүн мындай деп аяктады:

«Ушул мечиттин мунаралары кандайдыр бир сулуулук жана кооздук үчүн курулган эмес, жок андан да көбүрөөк алар тынчтыктын жана бүтүн адамзатты сүйүүнүн символу. Ошондуктан, бул мечит дүйнөдө тынчтыктын мунарасы болуп далилденет деп дуба кылам».

Расмий кече ал кишинин ак батасы менен аяктаган соң конокторго тамак сунушталды.

Андан кийин Германиянын РТЛ (RTL) аттуу улуттук Телевидениясына Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) маек берди. Маек берип жатып ал киши мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты бүткүл дүйнөдө өз ара сүйлөшүүлөрдү жана диндер аралыгында гармонияны өнүктүрүүгө аракет кылуу менен алек. Мына ошондон улам Ахмадия Мусулман Жамааты 2014-жылы Лондондо жайгашкан «Гилдхалл» деген залда эл аралык деңгээле диндердин арасында сабырдуулук жана бири-бирин сыйлап-урматтоону өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк Диндердин Конференциясын өткөргөн эле.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via