Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Франкфурт шаарында «Байтул-Аафиййат» деген имаратты ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Франкфурт шаарында «Байтул-Аафиййат» деген имаратты ачты

Имарат Германиядагы Мажлис Ансалуллах менен Лажна Имааиллах деген уюмдардын улуттук борбору катары кызмат кылат

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2015-жылдын 26-майында Франкфурт шаарында жаңыдан эле алынган Германиядагы Мажлис Ансалуллах менен Лажна Имааиллах деген уюмдардын башкаруучулук борборлорун ачты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) ушул беш кабат имаратка «Байтул-Аафиййат» (Тынчтык жана коопсуздук үй) деген наамды койду. Ал чатырланган 11250 квадрат метр аянт болуп, жакында эки жардамчы уюм тарабынан чогуу сатылып алынды.

2015-05-26-DE-Frankfurt-BA-002

Ар кандай кеңселер, залдар жана меймандар жата турган бөлмөлөрдөн турган ушул имарат Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» деген мечиттин маңдайында жайгашкан. Ошондуктан, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) жаңы имаратка жөө басып барууну чечти, ал жерде жүздөгөн Ахмадий мусулмандар аны тосуп алуу үчүн жол боюнда сап тартып турушту.

Жетип келген соң Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) эстелик тактасынын бетиндеги парданы алып салып, Алла таалага ыраазычылыкты билдирип, дуба сурады. Андан кийин ал киши расмий түрдөгү ачуу аземине кыскача кайрылуу жасоодон мурун Ансаруллах жана Лажнага караштуу эки бөлүмдү көрүп чыкты.

2015-05-26-DE-Frankfurt-BA-003

Өзүнүн кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: анын аталган атына жараша ушул имарат бардык адамдарга тынчтыктын жана коопсуздуктун символу катары таанылуусу керек.

Ал киши буларды да айтты: чындыгында, Ахмадия Мусулман Жамаатынын жер жүзүнүн бардык аймактарында ушул сыяктуу имараттарды сатып алуу же куруу – бул Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий (алайхиисалаам)га Алла таала тарабынан берилген «Үйүңдү кеңейткин» деген вахий-аяндын орундалуусу.

Аталган имараттын аты жөнүндө сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мен ушул имаратка «Байтул-Аафиййат» деп ат койдум, себеби бүгүнкү дүйнөдө Ислам экстремизмдин дини деген ишеним жана туура эмес ой кеңири тарап кеткен. Ошондуктан, бүтүндөй тынчтык, сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк болгон чыныгы Ислам таалимдерин тынбай даңазалап туруу – бул ар бир Ахмадий мусулмандын милдети. Ушул имарат бардык адамдар үчүн тынчтык жана коопсуздук куралы болуусу үчүн гана алынган жана Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам) да дал ошол үчүн жөнөтүлгөн эле».

2015-05-26-DE-Frankfurt-BA-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Мажлис Ансаруллахтын мүчөлөрүнө алардын милдеттери жана адеп-ахлак менен жүрүүлөрү жөнүндө кеңеш берди. Ал киши мындай деди: силер ар дайым эң бийик даражадагы адеп-ахлактарыңарды даңазалооңор керек, өз үйлөрүңөрдө да, көчөдө да. Ал киши мындай деди: өз үйлөрүңөрдүн көзөмөлчүсү катары өз сүйүктүүлөрүңөргө чоң сый-урматты көрсөтүү, аларга жеңилдиктерди жаратуу, аларды коргоо жана алардын бардык муктаждыктарын кандыруу силердин милдетиңер болуп эсептелинет.

2015-05-26-DE-Frankfurt-BA-005

Лажна Имааиллахтын мүчөлөрүнө ал киши мындай деди: өз ишенимиңер меселесинде эч жактан өзүңөрдү төмөн деп сезбегиле. Ал киши мындай деди: Ислам дини аялдарга чыныгы эркиндик жана эгемендүүлүк берген дин. Ал киши дагы мындай деди: Ахамдий мусулман аялдар учурда өкүм сүрүп жаткан дүйнөлүк жүрүш-туруштар же модадан таасирленүүнүн ордуна көбүрөөк Алла тааланын көрсөтмөлөрүн ээрчүүлөрү керек.

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) Алла таала тарабынан алган «Үйүңдү кеңейткин» деген вахий-аян жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: бул кандайдыр бир курулуш гана болбостон, алдын ала айтылган кабар да болчу. Ал киши мындай деди: ал убакытта Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий (алайхиисалаам) иш жүзүндө ошол алдын ала айтылган кабарды орундатуу максатында арзыбаган жыгачтан бир чатырды салган, бирок ал алдын ала айтылган вахий-аян бүгүнкү күнгө чейин кайра-кайра аткарылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бүгүнкү күндө Ахмадия Мусулман Жамааты Алла тааланын берешендиги менен дүйнөдөгү 206 өлкөдө жайылган жана арзыбаган жыгач чатырларынын ордуна Алла таала жер жүзүнүн бардык аймактарында күчтүү пайдубалы бар өтө чоң имараттарды бизге тартуулаган. Ошентип, Алла таала тарабынан берилген «Үйүңдү кеңейткин» деген вахий-аянда айтылган алдын ала кабар бүтүн дүйнөдө чексиз учурларда орундалды, Ал-хамдулиллах».

2015-05-26-DE-Frankfurt-BA-006

Мындан мурун Германиядагы Мажлис Ансаруллахтын Республика боюнча президенти – Чаудхрий Ифтихар Ахмад мырза «Байтул-Аафиййат» жөнүндө кыскача репортажды окуп берди

Ал киши төмөнкүлөрдү айтып берди: 1980-жылы Ахмадия Мусулман Жамааты бир имараттын чакан гана бөлүгүн ижарага алган эле жана Азирети Имам Махдий(ас)дын 4-халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад(ру) (1928-2003) ошол имаратка визит жасап, ал жерде намазды окуткан болчу.

Ал киши буларды да айтып берди: Азирети Имам Махдий(ас)дын 2-халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад(ра)нун жубайы Азирети Марям Сыддыка айым (Чоти Апа) (Кичү Эже) да Лажна Имааиллахтын президенти катары ушул имаратка визит жасап, Германиядагы Лажнага кайрылуу жасаган эле.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via