Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Ахен шаарында жаңы мечитти ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Ахен шаарында жаңы мечитти ачты

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) жаңы мечит тынчтыктын символу болот деди

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2015-жылдын 23-мартында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Ахен шаарында «Мансур» (Алла таала тарабынан колдонулган) деген мечитти ачты.

2015-05-23-DE-Aachen-Inauguration-002

Ал киши мечиттин бетинде жайгашкан эстелик тактасындагы парданы алып салып, расмий түрдө мечитти ачты жана кол көтөрүп дуба сурап, Алла таалага ыраазычылыкты билдирди. Ал киши мечиттин короосунда ошол учурдун дагы бир белгиси катары бир көчөттү отургузуудан мурда жаңы мечитте Пешин менен Дигер намаздарына имамчылык кылды.

Кечинде жаңы мечиттин ачылуусун белгилөө үчүн бир өзгөчө кече уюштурулуп, ага 210дон ашуун сыйлуу коноктор келип катышышты. Ар кандай сыйлуу коноктор жана саясатчылар, мисалга Ахен шаарынын лорд-мэри Марсель Филипп  мырза жана Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын парламентинин депутаты Карл Шультхайз мырза катышты.

Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза конокторго «куттуктоо» сөзүн окуду, андан кийин ар кандай коноктор өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты.

2015-05-23-DE-Aachen-Inauguration-003-1024x517

Ахен шаарынын лорд-мэри Марсель Филипп мырза мындай деди:

«Ушул мечитти салуу менен Ахмадия Мусулман Жамааты өзүнүн Ахен шаарында бир үй куруу тилегин тастыктады жана биздин коомчулугубуздүн түбөлүк бир бөлүгү болуп калды. Мен ушул учурдан пайдаланып, өз шаарымдын атынан Ахмадия Мусулман Жамаатын куттуктайм».

Штат өкүмөтүнүн өкүлү Д-р Стефани Валецки мырза эмгек, интеграция жана социология иштеринин министри Гантрам Шнайдер мырза жолдогон тилек-каалоолорун окуп берди, ал киши мындай деди:

«Мен Азирети Мырза Масрур Ахмадды Ахен шаарына «кош келиңиз» деп айтам. Ал кишинин иш сапары чынында биздин шаарыбыз үчүн өтө чоң сый-урмат. Ахмадия Мусулман Жамааты коомчулугубузда өтө маанилүү ролду ойноп жатат жана «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген девизиңер (урааныңар) азыр эл аралык деңгээлде кабыл алынган. Мен өзүм да ага амал кыла баштадым».

Штат парламентинин депутаты Карл Шультхайз мырза мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчисинин (Азирети Мырза Масрур Ахмад) Ахен шаарына жасаган визитинен мен чоң кубанычтамын, чынында эле биз үчүн бул өтө чоң сый-урмат. Мен буларды да айтмакчымын: биз Ахмадия Мусулман Жамааты сыяктуу абдан жакшы кошуналар менен сыйландык».

Андан кийин Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Президенти (Амири) Европа парламентинин президенти – Мартин Шульц мырза жолдогон тилек-сөздөрүн окуп берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) өзүнүн тарыхый кайрылуусун жасап, Ислам таалимдеринин негизинде мечиттердин чыныгы максат-мүдөөлөрүн айтып берди. Андан тышкары ал киши баш аламандыктын жана экстремизмдин бардык көрүнүштөрүн сынга алып, анын бүтүндөй Ислам таалимдерине каршы экенин айтты.

Мечиттердин максат-мүдөөлөрүнөн сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мечиттин түпкү максаты – бул Алла таалага ибадат кылуу мекемеси катары иштөө жана Анын пенделерине кызмат кылып, алардын акы-укуктарын аткаруу. Дүйнөдө жакырчылыктын айынан кыйналып жаткан, ооруган же билим алууга күчү жетпей жаткан адамдар арбын, аларга көмөк көрсөтүү – бул мечиттердин акы-укуктарын аткаруу дегендик».

 2015-05-23-DE-Aachen-Inauguration-004-1024x676

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантат:

«Алла таала адамдардын алсыздарга жана коркунуч астында калып кеткендерге колдоо көрсөтүүсүн каалайт жана Исламдын мына ушул эле таалими Ахмадия Мусулман Жамаатын адамзатка кызмат кылууга мажбурлайт. Ошондуктан, биз ошол муктаж адамдарды алардын ким экенине карабай, акчалай жардам берүү, үй салуу, саламаттыгын чыңдоо жана билим берүү менен камсыздап жатабыз».

Билим берүүнүн маанилүүлүгүнөн сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Дүйнөдөгү ар бир адам билим алуу укугуна ээ жана ошол артта калгандарга көмөк көрсөтүү биздин милдет. Ошентип, Ахмадия Мусулман Жамааты мектептерди салып жатат жана билим жагынан артта калып кеткендерге билим берүү максатында стипендияларды берип жатат».

2015-05-23-DE-Aachen-Inauguration-005

Ахен шаарынын борборунда жашгашкан, жергиликтүү адамдардын арасында даңккы чыккан гүлдөр дүкөнүнүн Ахмадий мусулман ээсин мисал кылып, ал киши мындай деди: анын дүкөнү Ахмадий мусулмандар өздөрүнүн коомчулуктарында тынчтык менен жакшылыктарды кандай таратып жаткандыгынын символу болуп эсептелинет.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Кадимки гүлдөр бир канча күндөрдүн ичинде солуп кетип, алардын жыты да жоголуп кетет, ал эми Ахмадия Мусулман Жамааты сунуштап жаткан руханий гүлдөр түбөлүктүү».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантат:

«Ушул руханий гүлдөр эң бийик даражадагы адеп-ахлактардан туруп, түбөлүккө эскерилет жана улуттар менен алардын адамдары тарабынан бааланат. Жыты өзүн-өзү далилдеп жаткан ушул белекти Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөгө сунуштаган».

Расмий кече ал кишинин ак батасы менен аяктаган соң конокторго тамак сунушталды.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via